Кыргызстандын тышкы иштер министри 5-мартта Москвага барат
Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 5-мартта Москвага барып, орус тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушат.
Бул расмий визит орус тараптын чакыруусу менен уюштурулуп жатканын Москва расмий кабарлады.
Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин "Фейсбуктагы" баракчасына эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери дайыма байланышта экени, Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда дипломатиялык алака орнотулганына 20-мартта 30 жыл болору тууралуу маалымат жарыяланды.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен бул маалыматты тастыктап, Казакбаевдин Москвага расмий иш сапары эки өлкө ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата болорун билдирди.
“Сапардын жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, эл аралык уюмдардын жана интеграциялык бирикмелердин алкагында ар тараптуу кызматташууну талкуулашат. Визиттин жыйынтыгында эки өлкөнүн тышкы иштер министрлеринин биргелешкен билдирүүсүнө жана Тышкы иштер министрлигинин ортосундагы 2022-2024-жылдардагы кызматташтык программасына кол коюу пландаштырылууда”,-деп маалымдады.