Жалал-Абадда ок атылган калайман мушташка шектүүлөр кармалды
Жалал-Абад облусунун Көк-Арт шаарчасындагы ок атылган калайман мушташка тиешеси бар делип 10 чакты бала кармалды. Алар окуянын чоо-жайын тактоо үчүн милиция бөлүмүнө алынып келингенин облустук милициянын басма сөз кызматы кабарлады. Расмий маалыматка караганда, милицияга шаардын Азимов көчөсүндө бир топ жаш балдар топтолуп мушташып жатышканы тууралуу кабар 21-август күнү саат 03.30 чамаларда түшкөн.
"Түнкү кайгуул тобу окуя болгон жерге 7-10 мүнөт аралыгында барышканда окуяга тиешеси бар делген жарандар жашынып же качып кетүүгө үлгүрүшкөн. Бул маалымат боюнча тиешелүү материалдар топтолуп, текшерүү иштери башталган. Учурда окуя тартылып калган видеотасмалар алынып, ага тиешеси бар делген 10 чакты бала алынып келинип, териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат", - деп айтылат облустук милиция тараткан маалыматта.
Социалдык тармактарга он чакты бала кубалашып бараткан видео тарады. Анда балдардын кыйкырыктарын, ок атылганын угууга болот.
Соңку учурда коомдук жайларда катталган жаңжалдарда курал колдонулуп, жарандардын ок чыгарганы тууралуу маалыматтар тарап жатат.
Бишкек шаардык милициясы 12-августта ок атылып, бир адам жараат алган окуяга байланыштуу "бейбаштык" беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Милиция тараткан маалыматка ылайык, оң жак санына ок жаңылган адам тууралуу маалымат 7-августта түшкөн. Окуя болгон жерден бир тапанча менен ок табылган. (КЕ)