Мы в Telegram
Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer


Август
2022

Новости за 22.08.2022

Azattyk.org 

Стокгольмдо полиция концертте табылган бомбаны зыянсыздандырды

Швециянын полициясы борбор Стокгольмдо ачык асман алдында өтүп жаткан маданий фестивалда табылган жарылуучу затты зыянсыздарды. Бул тууралуу полиция 22-августта кабарлады. Маалыматта айтылгандай, жарылуучу зат жекшемби күнү борбордук паркта табылган. Бул күнү мында майрамдап жүргөн жүздөгөн жарандар эвакуацияланган. Полиция факт боюнча тергөө иштерин жүргүзүүдө. Алар видео камераларды карап, затты алып келген шектүүнү издеп жатышат. Стокгольмдогу борбордук паркта 17-августтан 21-августка чейин... Читать дальше...

Azattyk.org 

Жалал-Абадда ок атылган калайман мушташка шектүүлөр кармалды

Жалал-Абад облусунун Көк-Арт шаарчасындагы ок атылган калайман мушташка тиешеси бар делип 10 чакты бала кармалды. Алар окуянын чоо-жайын тактоо үчүн милиция бөлүмүнө алынып келингенин облустук милициянын басма сөз кызматы кабарлады. Расмий маалыматка караганда, милицияга шаардын Азимов көчөсүндө бир топ жаш балдар топтолуп мушташып жатышканы тууралуу кабар 21-август күнү саат 03.30 чамаларда түшкөн. "Түнкү кайгуул тобу окуя болгон жерге 7-10 мүнөт аралыгында барышканда окуяга тиешеси бар делген жарандар жашынып же качып кетүүгө үлгүрүшкөн. Читать дальше...

Azattyk.org 

Орусиядагы кырсыкта каза болгондордун аты-жөнү расмий жарыяланды

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Орусиянын Ульяновск облусундагы катуу жол кырсыгында каза болгондордун аты-жөнүн Тышкы иштер министрлигинин маалыматына таянып жарыялады. Каза болгон кыргызстандыктардын эң жашы 22, улуусу 63 жашта. Буга чейин министр Бообек Ажикеев маркумдардын сөөгүн Кыргызстанга алып келүү боюнча көрүлгөн аракеттер тууралуу "Азаттыкка" маек курган. Анда министр каза болгондордун бешөө Баткен, беш киши Жалал-Абад, төртөө Ош облусунун тургундары экенин айткан. Ош облусу: 1. Абдулхамид уулу Жакыпбек ... Читать дальше...

Azattyk.org 

Ульяновск облусундагы кырсыкты Орусиянын Тергөө комитети иликтейт

Орусиянын Тергөө комитетинин төрагасы Александр Бастрыкин Ульяновск облусунда 16 адамдын өмүрүн алган кырсык боюнча кылмыш ишин Тергөө комитетине өткөрүп берүүнү тапшырды. Бул тууралуу Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди. Жолдогу каргашалуу окуяда Кыргызстандын 14 жараны каза тапкан. Тергөө комитетинин сайтында Бастрыкин жол кырсыгынын бардык жагдайларын аныктоону, унаалардын техникалык абалы боюнча документтерди териштирүүнү жана адамдарды ташууда коопсуздук талаптарынын... Читать дальше...

Azattyk.org 

Аманбаев менен Мураталиев кызматтан бошотулду

Мукаш Абдраев атындагы республикалык атайын музыкалык мектеп-интернатынын директору Исирадин Аманбаев ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлагандай, тиешелүү буйрукка 22-августта министр Азамат Жаманкулов кол койгону айтылат. Министрдин дагы бир буйругуна ылайык, Мураталы Күренкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайынын директору Тентимиш Мураталиев 22-августтан тартып ээлеген кызматынан бошотулду. Мекеме алардын кызматтан бошотулушунун себебин тактаган эмес.

Azattyk.org 

Үрөй учурган кырсык мигранттар көйгөйүн козгоду

Орусиянын Ульяновск облусундагы жол кырсыгынан 14 кыргыз жараны каза тапты. Алардын баары Орусияда убактылуу иштеп жүргөн мигранттар болгон. Кырсыкка байланыштуу 23-августта Кыргызстанда аза күтүү күнү деп жарыяланды. 21-августта Ульяновск облусундагы ири жол кырсыгы кыргызстандыктардын жүрөгүнүн үшүн алды. Чоң жолдо тыгында токтоп турган кичи автобусту артынан күү менен келген жүк ташыган оор машине сүзүп, алдыдагы фурага кептеп салган. Кырсыктан 16 адам мүрт кетип, үчөө оор абалда ооруканага жеткирилди. Читать дальше...

Azattyk.org 

Ала-Букада "Шырмал" фестивалы өттү

Ала-Бука районунун Көк-Серек айыл аймагында "Шырмал" фестивалы өтүп, анда 40 уз-чебердин эмгектери коюлду. Иш-чаранын уюштуруучусу Фарида Томуеванын айтымында, мындагы максат шырмалды райондун бренди катары коомго таанытуу. "Көпчүлүк эле райондордо шырдакты даңазалап, брендге айлантып жатышат. Биздин райондогу уз-чеберлер болсо, негизинен шырмал тигишет. Мунун түйшүгү да түмөн. Айымдарыбыз шырмалдардан сырткары жүндөн жасалган буюмдардын 30 дай түрүн коюшту. Курак, саймаларга да басым жасалды, - деди Томуева. Читать дальше...

Azattyk.org 

Соң-Көл 50 жылда эмне болот?

Адистер Кыргызстандагы ири көлдөрдүн бири - Соң-Көлдүн экологиялык абалына тынчсызданууда. Алар көл акырындык менен азайып баратканын айтып, алдыңкы 50 жылда чөлгө айланышы мүмкүн деп чочулап жатышат.

Azattyk.org 

Орусиядагы кырсыкта каза болгондордун сөөгү 23-августта өлкөгө алып келинет

Орусиянын Ульяновск облусундагы ири жол кырсыгында каза болгондордун сөөгү 23-августта Кыргызстанга алып келинет. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, маркумдардын сөөгүн алып келүү үчүн даярдалган жүк ташуучу учак Ульяновск шаарына 23-августта учуп кетип, ошол эле күнү саат 18:00дө Ошко келип конот. "Каза болгон 14 адамдын ичинен бешөө Баткен, беш киши Жалал-Абад, төртөө Ош облусунун тургундары. Тийиштүү мекемелердин өкүлдөрү тосуп алып... Читать дальше...

Azattyk.org 

Казакстанда дизель майы чет элдиктерге кымбатыраак сатыла турган болду

22-августтан тартып Казакстандын Энергетика министрлигинин чек аралаш аймактарда дизелдик майдын чекене баасынын жогорку чегин киргизүү тууралуу буйругу күчүнө кирди. Министрлик бул чараны күйүүчү майдын аталган түрүнүн дефицитин алдын алуу менен түшүндүрдү. Буйрукка ылайык, Казакстандын башка өлкөлөр менен чектешкен облустарында дизель бөлөк аймактарга салыштырмалуу кымбаттатылды. Калган облустарда нарк мурдагыдай сакталат. Буйрук 2023-жылдын 9-январына чейин жарактуу. Маалыматта айтылгандай... Читать дальше...

Azattyk.org 

Чолпон-Атада КМШ жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жаштарынын форуму өтөт

25-26-августта Чолпон-Ата шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынын утурлай КМШ жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жаштарынын форуму өтөт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, ага 200дөн ашык адам катышат. Жаш активисттер, мамелкеттик кызматкерлер жана дипломаттардын башын бириктирген форум биримдиктин жана КМШ өлкөлөрүнүн жаштарынын өз ара аракеттенүү процесстерин кеңейтүүгө, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталганы кабарланды. Евразия өкмөттөр... Читать дальше...

Azattyk.org 

Бишкек шаардык соту Адилет Балтабайды абакта калтырды

Бүгүн, 22-августта Бишкек шаардык соту жарандык активист, блогер Адилет Балтабайдын бөгөт чарасын өзгөртүүсүз калтырды. Буга чейин активистти үй камагына чыгарууну өтүнүп, анын адвокаты сотко арыз менен кайрылган. Адилет Балтабай 30-июнда камакка алынган жана Бишкектеги Биринчи май райондук соту бир айга камоо тууралуу өкүм чыгарган. Милиция жарандык активистке козголгон кылмыш ишинин чоо-жайы тууралуу маалымат бере элек. Адилет Балтабай буга чейин "Азаттыкка" комментарий берип, ага эки берене... Читать дальше...

Azattyk.org 

Иран АКШны өзөктүк келишимди жандантууну кечеңдетип жатат деп айыптады

Тегеран Вашингтонду өзөктүк келишимди жандантуу боюнча кыйыр сүйлөшүүлөрдү атайылап созуп жатат деп айыптады. Бул тууралуу Ирандын тышкы иштер министринин өкүлү Насер Канаани 22-августтагы басма сөз жыйынында айтты. Ал АКШ менен соттолуучуларды алмаштыруу өзөктүк сүйлөшүүлөргө тиешеси жоктугун, америкалык бийлик ошого таяп келишимди жандантууну кечеңдетип жатканын билдирди. “Америкалыктар созуп жатышат, ал эми европалыктар унчукпай турушат. Америка менен Европа келишимге келүүгө Иранга караганда көбүрөөк муктаж экенин эске салып коёюн”... Читать дальше...

Azattyk.org 

Кырсыкта каза болгондордун сөөгүн Кыргызстанга алып келүү үчүн атайын учак барат

Орусиянын Ульяновск облусундагы ири жол кырсыгында каза болгондордун сөөгүн Кыргызстанга жеткирүү үчүн атайын учакты уюштуруу иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Кыргызстандын  Орусиядагы элчилиги кабарлады. Бул иштерди президенттин тапшырмасы менен өлкөнүн Тышкы иштер, Транспорт жана коммуникациялар жана Өзгөчө кырдаалдар министрликтери уюштурат. Расмий маалыматка караганда, соттук-медициналык экспертизалар бүтүп, кырсыкта мерт болгондордун тек-жайы такталып, Орусиянын тергөө органдарынан маркумдардын... Читать дальше...

Azattyk.org 

Липосакциядан каза болгон келиндин өлүмүнө байланыштуу кылмыш иши токтотулду

Липосакциядан каза болгон келиндин өлүмүнө байланыштуу козголгон кылмыш иши тараптар элдешип алганына байланыштуу токтотулганын Бишкек милициясы "Азаттыкка" ырастады. Маалыматка караганда, жабырлануучу тарапка материалдык чыгым төлөнүп берилмей болгон. Денесиндеги ашыкча майларды сордурткан (липосакция) операциядан кийин абалы начарлаган Айдайды "Тез жардам" кызматы Улуттук госпиталга 14-июнда жеткирген. Маркумдун сиңдиси "Азаттыкка"  бейтаптын комага түшүүсүнө Art сlinic аттуу менчик клиникада... Читать дальше...

Azattyk.org 

Аба ырайы: тоолуу райондордо өткүн өтөт

23-августта Кыргызстандын аймыганда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Нарын облусунун кээ бир райондорунда, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Калган аймактарда жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши ыктымал. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 9...14, күндүз 23…28; Талас жергесинде түнкүсүн 4...9, күндүз 21…26; Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 13…18, күндүз 28…33; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9...14... Читать дальше...

Azattyk.org 

Пакистандын экс-премьер-министри Имран Ханга террорчулук боюнча айып тагылды

Пакистандын полициясы мурдагы өкмөт башчы Имран Ханга террорчулук боюнча айып такты. Бул тууралуу 22-августта мамлекеттик маалымат агенттиктери кабарлады. Мурдараак полиция Хандын жардамчысы Шахбаз Гиллди мамлекеттик чыккынчылыкка айыптап, камакка алган. Гилл нааразылык акцияларында аскерлерди жана офицерлерди бийликке баш ийбөөгө чакырган. Буга байланыштуу сөздөрүндө Имран Хан жардамчысы камакта кыйноого алынып жатканын билдирип, полицияны жана судьяны сотко берерин айтып чыккан. Бийлик мындан кийин анын YouTube каналын бөгөттөгөн. Читать дальше...

Azattyk.org 

Орусиядагы жол кырсыгында кадамжайлык жубайлар каза болду

Бул тууралуу "Азаттыкка" Москвадагы Кадамжай коомунун өкүлдөрү билдирди. Алардын ырасташынча, кырсыкта каза болгондордун арасында аталган райондун дагы бир тургуну бар. Айрым бир маалыматтарга караганда, Баткен облусуна караштуу Кадамжай районундагы Марказ айылында жашаган маркум жубайлардын артында үч баласы калды. Буга чейин каргашада мерт болгон жарандардын төртөө Жалал-Абад облусунан экени белгилүү болгон. Президент Садыр Жапаров Орусиянын Ульяновск облусунда 21-августта 14 кыргыз жараны мерт болуп... Читать дальше...

Azattyk.org 

УКМК: Журат Абдуллаевдин үйүнөн маңзат, ири суммадагы акча табылды

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) мыйзамсыз курал сактоого шек саналып камалган ишкер Журат Абдуллаевдин үйүн жана иштеген кеңсесин тинтүү маалында маңзат жана ири суммадагы акча табылганын билдирди. Атайын кызматтын билдиришинче, ар кандай валютада жалпысынан 822 миллион сомдой акча алынганы айтылат. Буга байланыштуу ишкердин жакындары, адвокаты азырынча комментарий бере элек. Журат Абдуллаев 20-августта Бишкектеги Биринчи май райондук сотунун чечими менен атайын тергөө абагына эки айга камалды. Читать дальше...

Azattyk.org 

Орусияда кырсыкта каза болгон төрт жаран Жалал-Абаддын тургундары

21-августта Ульяновсктогу ири жол кырсыгында каза болгондордун төртөө Жалал-Абад облусунун тургундары болгон. Мындай маалыматты "Азаттыкка" аймактагы жергиликтүү бийликтен кабарлашты. Маалыматка ылайык, маркумдардын арасында Аксы районунун Үч-Коргон айыл аймагынын 22 жана 23 жаштагы тургундары болгон. Калган экөө Таш-Көмүр шаары менен Сузак районунун Жыгач-Коргон айылынын жашоочулары. Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн адиси Бактыгүл Атантаеванын "Азаттыкка" билдиришинче, аксылык эки жигит эки жылдан бери Орусияда иштеп жүргөн. Читать дальше...

Azattyk.org 

Ульяновсктогу кырсык: Кыргызстанда 23-августта аза күтүү күнү жарыяланды

Президент Садыр Жапаров Орусиянын Ульяновск облусунда 14 кыргыз жараны мерт болуп, дагы үчөө жараат алган окуяга байланыштуу кайрылуу жасады. Анда 23-августту Кыргызстандын аймагында аза күтүү күнү деп жарыялаганын билдирди. "Суук кабар баарыбызды кайгыга салып, жүрөгүбүз ооруп турат. Кырсыкты кайдан деп болбойт. Мекендештерибиз жол кырсыгына кабылганына жаныбыз кейип, баарыбыз аза кайгыга батып турабыз. Мындайда көңүл айтуу да оор. Ошондой болсо да кырсыкка кабылгандардын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып... Читать дальше...

Azattyk.org 

Ульяновск: жол кырсыгына кабылган кыргыз жарандарынын абалы оор

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Орусиянын Ульяновск облусунда жол кырсыгына кабылып ооруканага түшкөн үч кыргыз жаранынын абалы туруктуу оор экенин, алар керектүү дары-дармектер менен камсыз болгонун билдирди. Анда каргаша болгон жерде учурда Орусиядагы кыргыз элчилигинин өкүлдөрү жүргөнү, соттук-медициналык экспертизалар аяктагандан кийин маркумдардын сөөгү мекенине жөнөтүлөрү айтылат. Жакынкы убакта "Жүк-200" үчүн атайын учак жөнөтүлөт. 21-августта Ульяновсктогу ири жол кырсыгында 16 адам каза болгон... Читать дальше...

Azattyk.org 

Коргоо министринин маалымат жыйыны болбой калды

"Кабар" улуттук маалымат агенттиги коргоо министри Бактыбек Бекболотовдун 22-августтагы маалымат жыйыны болбой калганын билдирди. Бирок ага эмне себеп болгонун тактаган жок. Буга чейин министр жыл башынан бери жасалган иштери тууралуу отчет берери кабарланган. Президент Садыр Жапаров 19-августта Бекболотовго катуу сөгүш берген. Анын басма сөз кызматы мындай дисциплинардык жаза "жүктөлгөн милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбаганы үчүн" деген жүйө менен берилгенин маалымдаган, бирок кандай кемчилик экенин түшүндүргөн эмес. Читать дальше...


Турнир по шашкам пройдет в центрах московского долголетия

Эксперт Президентской академии в Санкт-Петербурге об изменениях в налоговом и бюджетном законодательстве России

Член СПЧ Ионов: Лия Заурбекова покинула Россию

В Башкирии активировались мошенники, спекулирующие на теме СВО



Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

СМИ: Отдел полиции в Москве окружили из-за сбежавшей из дома чеченской девушки

Назван лучший по качеству интернета провайдер для пути из Москвы в Татарстан

Юная красавица-циркачка из Барнаула победила в конкурсе «Мировая модель»

Фальсификат масла для социальных учреждений выявили в Приамурье

Музыкальные новости

В Бурятии прошла Байкальская театральная школа прошла - Россия, Культура и Дети

В Парке Горького вновь пройдет Московский детский фестиваль искусств «НЕБО»

Россия, Бурятия, Культура и Дети: Байкальская театральная школа прошла в Иволгинском районе Бурятии

ПОДГОТОВИТЬСЯ К ЛЕТНЕМУ СЕЗОНУ? ЛЕГКО! ВМЕСТЕ С ПЛАТФОРМОЙ FITSTARS НА УМНЫХ ТЕЛЕВИЗОРАХ LG

Новости России

Член СПЧ Ионов: чеченская девушка Лия Заурбекова покинула Россию

В Башкирии активировались мошенники, спекулирующие на теме СВО

Экс-главу правительства Самарской области оставили под стражей

ТАСС: замглавы правительства Алтайского края Кибардин задержан в Москве

Экология в России и мире

Показ Academy Kaurtseva Fashion Day III 24

СЛД «Чита» филиала «Забайкальский» ООО «ЛокоТех-Сервис» пополнило экспозицию выставки «БАМ: наследие для будущего»

Страдания юного Аюша Булчун

"Глория Джинс" открывает первые магазины Ready! Steady! Go!

Спорт в России и мире

Хачанов проиграл Табило в 1/8 финала «Мастерса» в Риме

Первая ракетка Казахстана вышла в финал турнира WTA в Италии

«Подача на победу на Уимблдоне». Гвардиола – о заключительном туре АПЛ

Стало известно, при каком условии Медведев может опуститься на 5-е место рейтинга ATP

Moscow.media

Руки-загребуки или парфюм с запахом уголовного дела

Konica Minolta Business Solutions Russia и Facemetric предложат заказчикам решения на базе технологий компьютерного зрения

Роботы-курьеры «Яндекса» будут доставлять заказы в ещё нескольких районах Москвы

Под зеленым куполом







Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *