Мы в Telegram
Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Ош: тергөө абагындагы өлүм суроо жаратты

Ош: тергөө абагындагы өлүм суроо жаратты

Ош шаарындагы тергөө абагында уурулукка шектелип кармалган 33 жаштагы Мурасбек Запаров "жүрөгү кармап көз жумду" деген маалыматка жакындары ишенбей жатышат.

Алар Запаровдун өлүмүнө кыйноо себеп болгонун болжолдошууда. Укук коргоо органдары мындай пикир менен макул эмес.

Маркум акыркы жолу үй-бүлөсү менен 23-августта телефон аркылуу байланышка чыгып, ал айткан номурга бирдик салып коюуну өтүнгөн, милиция ал 24-августта жүрөгү кармап каза болгонун кабарлаган. Окуянын чоо-жайын Башкы прокуратура териштирип, кылмыш иши козголду.

Маркумдун атасы Султанбек Запаров уулунун эч кандай жүрөк оорусу болбогонун айтып, анын өлүмүнө тергөө абагынын кызматкерлерин айыптап жатат.

“Менин күмөнүмдө уулумду милиция кызматкерлери уруп өлтүрүп койду. Кайсы бир айыпты моюнуна илебиз деп аракет кылышкан сыягы. Денесинин баары көк ала болуп кеткен. Башында аябай чоң шишик пайда болуп калыптыр. Уулумдун сөөгүн алып келип өз колум менен жуудум. Колдору, ичи баары капкара болуп эзилип кетиптир . Эми экспертизанын жыйынтыгын күтүп жатабыз. Бирок анын деле туура жыйынтык чыгарарына ишенбейм. Биз карапайым адамбыз да. Бирок уулумдун өлүмүнө күнөөлүү адамдар жазасын алсын. Аягына чейин күрөшөм. Мындан кийин дагы бир шордуунун баласын ушинтип өлтүрүшпөсүн”.

Султанбек Запаровдун айтымында, уулу Мурасбек Запаров буга чейин түрмөгө түшкөн эмес, кандайдыр бир себептер менен уурулукка шектелип милицияга кармалып калган.

Ал эми милициянын маалыматынка караганда, Мурасбек Запаров Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (“Уурулук”) негизинде кылмышка шектүү катары издөөдө жүргөн. Аны Ош шаардык милициясы 20-августта кармаган. Маркум эки күн Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайында кармалып, 22-августта тергөө абагына которулган.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы болсо кабыл алуу учурунда тергөө абагынын кызматкерлери Мурасбек Запаровду текшергенде анын денесинде көк ала тактар бар экенин байкаганын билдирди.

Бирок муну Ош шаардык милициясы четке кагып, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы тараткан маалыматты жоопкерчиликтен качуу аракети катары сыпаттады. Мурасбек Запаров денесинде эч кандай көк ала тактары жок, дени-карды соо боюнча тергөө абагына өткөрүлүп берилгенин айтышууда Ош шаардык милициясынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди.

“Белгилеп кетүүчү нерсе жаран Ош шаардык ички иштер башкармалыгына убактылуу кармоочу жайына кире турган маалда сөзсүз түрдө медициналык кароодон өтүп, анын ден соолугунун абалы туралуу күбөлөндүрүүчү тастыктама алат. Эгерде анын ден соолугуна эч кандай коркунуч туулбай турган болсо убактылуу кармоочу жайына киргизилет. Бул жаран дагы ошондой медициналык кароодон өткөн. Анын саламаттыгында кандайдыр бир оорулары же болбосо жарааттары болгон эмес. Бүгүнкү күндө бизге жеткен маалыматтарга караганда, №25 тергөө абагы тарабынан ал жакка өткөн жаранды кабыл алуу учурунда денесинде тактар бар экендиги тууралуу айтылып жатыптыр. Эгерде ошондой тактары бар боло турган болсо эмне себептен биздин башкармалыкка же көзөмөл органдарына дароо билдиришкен эмес? Бүгүнкү күндө биз алардын айткандарын кандайдыр бир жоопкерчиликтен качуу катары кабыл алып жатабыз”, – деди ал.

Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун Оштогу бөлүмүнүн жетекчиси Улугбек Абдулазимов тергөө абагында каза болгон жарандын абалы боюнча аталган мекеменин психологдору менен баарлашкан.

“Бизге психологдор каза болгон жаранда суициддин белгилери болбогонун, бирок ал эки жакка чуркап. "көзүмө бир нерселер көрүнүп жатат" дегенин айтышты”.

Абдулазимовдун маалыматына караганда, тергөө абагында каза болгон жарандын өлүмү тыкыр изилденет. Быйылкы жылдын январь айынан бери мекемеге 20 арыз келип түшкөн. Анын он беши кыйноого байланыштуу.

Акыркы жолу Мурасбек Запаров менен карындашы Умида Аскарбекова телефон аркылуу 23-августта сүйлөшүп, ал айткан телефон номурга 1000 сом жүктөгөн. Ал агасынын эч кандай психикалык оорусу болбогонун айтып, аны менен эс-учу жайында жакшынакай баарлашканын билдирди.

“23-август 08:30да анын ден соолугу жакшы болгон. Мени "үкөм" деп жакшына сүйлөп жаткан. Ал өлө турган эмес болчу. Эч кандай оорусу да жок эле. Эгерде абалы начарлап кыйналса, бизге телефон чалып айтат эле. Аны уруп эле өлтүрүп коюшту”.

Тергөө абагы берген маалыматка караганда, 24-августта анын камералаштары айыпталуучу эс-учун жоготконун айтышып, медицина кызматкерлерин чакырган. Саат 16:50дө медкызматкерлер анын каза болгонун аныкташкан. 25-августта анын сөөгү жакындарына өткөрүлүп берилген.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, учурда бул факт боюнча “Этиятсыздыктан адам өлүмүнө алып келүү, ден соолукка оор залал келтирүү” беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.

Мурасбек Запаровдун өлүмү боюнча прокуратура тарабынан Жазаларды аткаруу кызматынын №25 тергөө абагынын кызматкерлерине карата текшерүү жүргүзүлүп жатканы кабарланды.

Читайте на 123ru.net


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

На Троекуровском кладбище в Москве похоронили актрису Анастасию Заворотнюк

Почему уйдут все, кроме поляков: скрытый смысл слов Путина, посеявших панику в Варшаве

В Москве 1 июня похоронили Анастасию Заворотнюк

Семья Анастасии Заворотнюк ожидает ее погребения на Троекуровском кладбище

Музыкальные новости

Eurasianet: Азербайджан публично и цинично уничтожает армянское культурное и историческое наследие в Нагорном Карабахе

Почта России помогла детям-подопечным благотворительных фондов встретиться с футболистами ЦСКА

НА ДЕТСКОМ ФЕСТИВАЛЕ ИСКУССТВ «НЕБО» СОСТОИТСЯ 5 ПРЕМЬЕР И ПОКАЖУТ НОВИНКИ ОТ ВЕДУЩИХ МОСКОВСКИХ ТЕАТРОВ

Певица Пелагея разделила имущество с бывшим мужем

Новости России

Губерниев пожалел спортсменов из-за возможного переноса Игр дружбы

В Москве 1 июня похоронили Анастасию Заворотнюк

Админ Telegram-канала "Рынок шкур" получила четыре года за мошенничество

В Кимрах Тверской области двое прохожих отобрали еду у инвалида

Экология в России и мире

AlfaBiom выпустили на рынок России БАД с красным ферментированным рисом

Стоматолог Владимир Лосев: сколько времени нужно носить брекеты

Бесплатные ежедневные тренировки от сети фитнес-клубов Spirit. Fitness в парке Горького/Музеон

Елена Шерипова: самые модные головные уборы на лето

Спорт в России и мире

Пресс-служба WTA мемом отреагировала на тяжёлую победу Свёнтек над Осакой

Арина Соболенко повторила уникальное достижение Азаренко на турнирах «Большого шлема»

Кецманович отказался от борьбы в игре с Медведевым на "Ролан Гаррос"

Надаль пропустит Уимблдон из-за желания сыграть на Олимпиаде

Moscow.media

Книжные новинки, лаборатория текста и иллюстраций — ждут гостей Московского детского фестиваля искусств «НЕБО»

Георгий Бурков

В Петербурге суд оправдал владельца транспортных средств, который давал взятки сотруднику ГИБДД

Лучший HR-бренд – «Грузовичкоф»







Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *