Мы в Telegram
Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer


Август
2022

Новости за 28.08.2022

Azattyk.org 

Жер планетасы адаттан тыш ысышы мүмкүн

Марста кайсы өсүмдүктү өстүрүү керектиги айтылды. 2100-жылы ысыктыктан улам Жердин айрым бөлүгү жашоого кооптуу болот. NASA өзүнүн Твиттердеги баракчасына кара тешиктен чыккан үндүн аудиосун жарыялады. “Азаттыкта” узаган аптадагы илим жаңылыктарынын топтому. Марста өстүрүлүшү керек болгон өсүмдүк белгилүү болду Эгер келечекте Марс планетасында жашоо мүмкүн болуп калса, ал жерде кандай өсүмдүк өстүрүүгө мүмкүн экени айтылды. Кызыл планетадагы катаал шартка карабай, анын топурагы дан азыктарын отургузууга... Читать дальше...

Azattyk.org 

Евробиримдик орусиялыктарга визалык алымды көбөйтөт

Европа Биримдигине кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери орусиялыктар визаны жеңилдетилген шартта берүү тууралуу макулдашууну токтотууну макулдашканы турат. Бул тууралуу Financial Times басылмасы сүйлөшүүлөргө катышып жаткан булакка таянуу менен кабарлады. Бул чечим кабыл алынса виза орусиялыктар үчүн мурдагыдай 35 евро эмес, 80 евро болуп калат жана арызды кароо мөөнөтү узарат. Министрлердин расмий эмес жолугушуусу 30-31-августта Прагада өтөт деп күтүлүп жатат. Анда Балтика өлкөлөрүнүн Орусиянын... Читать дальше...

Azattyk.org 

Түркия Грекияны учактарына чабуул жасады деп айыптады

Түркия НАТО уюмунун башка бир мүчөсү, коңшусу Грекияны Жер Ортолук деңизиндеги эл аралык аба мейкиндигинде түрк учактарына абадан коргонуу системалары менен чабуул жасады деп айыптады. Түркиянын Коргоо министрлиги 28-августта кабарлагандай, инцидент 23-августта болгон. Грекия Орусиянын өндүрүшүнөн чыккан С-300 ракеталык комплекстери менен Түркиянын F-16 аскердик учактарынын сигналын бөгөттөгөн. Учактар Грекиянын Родос аралынан анча алыс эмес аралыкта учкан. Түрк аткаминерлеринин түшүндүрмөсүндө айтылгандай... Читать дальше...

Azattyk.org 

Бир топ тыныгуудан кийин АКШнын кемелери Тайван кысыгынан өттү

АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси арал мамлекетке келип кеткенден бери америкалык эки кеме Тайван кысыгы аркылуу өттү. Бул тууралуу Reuters маалымат агенттиги кабарлады. Кошмо Штаттардын өкүлдөрү крейсерлер кайсы бир мамлекеттин жээктерине жолобогон шартта эл аралык зонаны кесип өткөнүн маалымдады. Вашингтон “крейсерлерди каттамы АКШнын Инди-Тынч океанындагы ачыктык принцибине ыктаганын көрсөтөрүн” билдирди. Тайвандын Коргоо министрлиги кемелер түштүк тарапка кетишкенин... Читать дальше...

Azattyk.org 

Ливияда бийлик үчүн күрөшкөн топтордун кагылышуусунан 23 адам каза болду

Ливияда бийлик үчүн күрөшүп жаткан топтордун ортосундагы айыгышкан кагылышууда 26-августтан бери 23 адам каза болду, ондогон адамдар жараат алды. AFP агенттиги маалымдагандай, борбор калаа Триполиде кеминде алты оорукана талкаланды. Май айында бул өлкөдө мамлекеттик төңкөрүш аракети жасалып, ишке ашпай калган. Эл аралык коомчулук тааныган өткөөл өкмөттүн башчысы Абдел Хамид Дбейбаны атаандаштары алып түшүүгө аракет кылышкан. Ливияда башаламандык 2011-жылы диктатор жетекчиси Муамар Каддафи бийликтен алынгандан бери токтобой келе жатат. Читать дальше...

Azattyk.org 

Курсанттар кабылган жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголду

Кыргызстандын Коргоо министрлиги Куралдуу күчтөрдүн Аскердик институтунун курсанттары кабылган жол кырсыгына байланыштуу кылмыш иши козголгонун жана кызматтык иликтөө жүрүп жатканын 28-августта билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, ооруканага жана госпиталга жаткырылгандардын баарынын абалы канааттандырарлык. Министрликтин басма сөз кызматы тараткан маалыматта курсанттардын ант берүү салтанаты бул иш-чарага өзгөчө маани берүү максатында алардын жакындарынын катышуусу менен атайын “Ата-Бейит”... Читать дальше...

Azattyk.org 

"Талибан" Пакистан АКШга аба мейкиндигин колдонууга уруксат бергенин билдирди

“Талибан” кыймылынын (Кыргызстанда тыюу салынган) коргоо министри Мохаммад Якуб Пакистандын өкмөтү америкалык учкучсуз учактарга Ооганстанга өтүү үчүн анын аба мейкиндигинен колдонууга уруксат берип жатканын билдирди. Өткөн айда Кошмо Штаттар Кабулдун аймагына абадан сокку урганда Пакистан бийлиги мындай айыптоону четке каккан болчу. 28-августта Кабулда өткөн пресс-конференцияда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып Мохаммад Якуб америкалык учкучсуз учактар Ооганстандын аймагына Пакистан тараптан кирип жатканын айтты. Читать дальше...

Azattyk.org 

Ош: тергөө абагындагы өлүм суроо жаратты

Ош шаарындагы тергөө абагында уурулукка шектелип кармалган 33 жаштагы Мурасбек Запаров "жүрөгү кармап көз жумду" деген маалыматка жакындары ишенбей жатышат. Алар Запаровдун өлүмүнө кыйноо себеп болгонун болжолдошууда. Укук коргоо органдары мындай пикир менен макул эмес. Маркум акыркы жолу үй-бүлөсү менен 23-августта телефон аркылуу байланышка чыгып, ал айткан номурга бирдик салып коюуну өтүнгөн, милиция ал 24-августта жүрөгү кармап каза болгонун кабарлаган. Окуянын чоо-жайын Башкы прокуратура териштирип, кылмыш иши козголду. Читать дальше...

Azattyk.org 

29-августтун аба ырайы

29-августта түнкүсүн Чүй, Талас, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолорунда өткүн өтөт, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жана Ысык-Көл облусунда жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолорунда өткүн өтөт, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жана Баткен облусунда жаан-чачын болбойт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Читать дальше...

Azattyk.org 

Чек ара кызматы "Достук" аркылуу каттагандарга эскертүү берди

Кыргызстандын Чек ара кызматы бүгүн, 28-августта кыргыз-өзбек чек арасындагы “Достук” өткөрмө бекетиндеги абал боюнча маалымат таратып, мекеменин мүлкүнө зыян келтиргендер мыйзам чегинде жоопко тартыларын эскертти. Маалыматта айтылгандай, аталган бекет кадимки тартипте иштеп жатат, бирок реконструкциялоо иштери жүргүзүлүп, жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлгөнүнө карабастан жаңы имаратка залака келтирилген учурлар катталууда. «Адамдар жаңы имараттагы мүлккө аяр мамиле жасабай, айнектерди сындырып... Читать дальше...

Azattyk.org 

Тергөө абагындагы өлүм суроо жаратты

Ошто уурулукка шектелип тергөө абагына камалган 33 жаштагы Мурасбек Запаровдун жүрөк оорудан каза болгонуна жакындары ишенбей жатышат. Алар анын өлүмүнө кыйноо себеп болгонун айтууда. Укук коргоо органдары мындай пикир менен макул эмес.

Azattyk.org 

Сербия менен Косово чек арадан өтүү документи боюнча мунасага келишти

Сербия жана жарым-жартылай таанылган Косово республикасы бири-биринин аймагына кирүү же чыгуу үчүн жарандарынан талап кылынуучу документти жокко чыгарууну макулдашышты. “Азаттык” радиосунун косоволук кызматы 27-августта билдиргендей, жетишилген макулдашуу серб бийлиги 11 жыл дегенде косоволук паспорту барларга өлкөгө кирүүсү үчүн өзүнчө документ жазып берүүсүн токтотот дегенди туюндурат. Ага чейин Косоводо сербдерге карата ушундай документ алуу талабы киргизилгенде аймакта кырдаал курчуп, косоволук сербдер менен полициянын кагылышуусу болгон.

Azattyk.org 

"Мекенди "родина" деп жазуу тууралуу сунуштар болгон"

"Бийлик сырлары" берүүбүздүн бул жолку коногу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматына эмгек сиңирген кызматкер Мелис Айдаркулов болду. Ал маегинде мектепти бүтпөй кантип журналист болгонун, Таластан Компартиянын Борбордук комитетине келип калганын, бийликтин басма сөзгө цензурасы, Шеримкуловдун чечиминен баш тартканы жана 30 жыл бардык бийлик менен тил табышып иштөөнүн сыры жөнүндө кеп кылат. - Мелис мырза, сиз 1985-жылы Талас обкомунда иштеп турганда Кыргызстан Компартиясынын Борбордук комитетинин... Читать дальше...

Azattyk.org 

Жол кырсыгына учураган курсанттардын тогузу ооруканада, 12си госпиталда жатат

Чүйдө ант берүү иш-чарасынан кийин жол кырсыгына кабылган курсанттардын тогузу ооруканага түшкөнүн, дагы 12си аскердик госпиталга жаткырылганын 28-августта “Азаттык” радиосуна Коргоо министрлигинен билдиришти. Госпиталда дарыгерлердин көзөмөлүнө алынган 12 аскер 29-августта чыгарылары айтылды. Мекеменин басма сөз кызматынын башчысынын орун басары Толкун Райымжановдун айтымында, машина Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Аскер институтуна таандык, жабыркагандардын абалын дарыгерлер канааттандырарлык деп мүнөздөп жатышат: “Жабыркагандар бар. Читать дальше...

Azattyk.org 

550 миңдей кыргызстандык бала жакыр үй-бүлөдө тарбияланууда

Ушу тапта Кыргызстанда 110 миң жакыр үй-бүлөдө 550 миңден ашуун бала бар. Бул тууралуу мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов 26-августта балдардын абалы жана аларга карата зордук-зомбулукту токтотуу маселесине байланыштуу кайрылуусунда айтты. Ички жана тышкы миграция көйгөйлөрү да кошул-ташыл коколоп турганын белгилеген мамлекеттик катчы жакырчылык балдардын жеткиликтүү билим алуу жана тийиштүү кесипке ээ болуу мүмкүнчүлүгүн чектей турганын, мындай абал алардын криминалдык чөйрөгө тартылышына... Читать дальше...

Azattyk.org 

Өзгөндө Кемпирабад маселеси боюнча жыйын өттү

Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Кызыл-Октябрь айылында кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпирабад суу сактагычына байланыштуу элдик жыйын өткөнүн 28-августта “Азаттык” радиосуна иш-чаранын уюштуруучулардын бири, жергиликтүү жарандык активист Жумалидин Сопуев билдирди. Анын айтымында, 27-августта өткөн, миңге чукул адам катышкан жыйында үч маселе көтөрүлдү: “Биринчиси – айыл өкмөтүндө болгон жыйында эл Кемпирабад боюнча жогору жакта эмне сөз жүрүп жатканы тууралуу талап койгон эле, ошол тууралуу билүү. Читать дальше...

Azattyk.org 

Кумтөр: президенттин түшүндүрмөсү, оппозициянын сыны

Президент Садыр Жапаров Кумтөр кенинин айланасындагы суроолор боюнча маек берип, Кыргызстан алтынын кайсы өлкөгө сатып жатканы жөнүндө маалымат ачык айтылбай турганын билдирди. Коопсуздук үчүн ачыкталбаган маалымат Соңку күндөрү кызуу талкууланып жаткан Кумтөрдөн өндүрүлгөн алтын жөнүндө президент Садыр Жапаровдун текст түрүндөгү маеги “Кабар” маалымат агенттигине 27-августта жарыяланды. Анда мамлекет башчы алтын кайсы убакта, кайсы мамлекетке сатылары коопсуздук үчүн жашыруун жүргүзүлөрүн билдирди. Читать дальше...

Azattyk.org 

Кумтөр: президент сатылган алтын тууралуу түшүндүрмө берди

Президент Садыр Жапаров Кумтөр кенинин айланасындагы суроолор боюнча маек берип, Кыргызстан алтынын кайсы өлкөгө сатып жатканы жөнүндө маалымат ачык айтылбай турганын билдирди. Коопсуздук үчүн ачыкталбаган маалымат Соңку күндөрү кызуу талкууланып жаткан Кумтөрдөн өндүрүлгөн алтын жөнүндө президент Садыр Жапаровдун текст түрүндөгү маеги “Кабар” маалымат агенттигине 27-августта жарыяланды. Анда мамлекет башчы алтын кайсы убакта, кайсы мамлекетке сатылары коопсуздук үчүн жашыруун жүргүзүлөрүн билдирди. Читать дальше...

Azattyk.org 

“Компартиянын бийлиги басма сөздү тескеп турган”

"Бийлик сырлары" берүүбүздүн бул жолку коногу - Мамлекеттик кызматка эмгек сиңирген кызматкер Мелис Айдаркулов. Ал маегинде мектепти бүтпөй кантип журналист болгону, бийликтин басма сөзгө цензурасы, 30 жыл бардык бийлик менен тил табышып иштөөнүн сыры жөнүндө айтып берди.

Azattyk.org 

Кытай элчилиги кыргызстандык студенттер үчүн "жашыл коридор" ачты

Кытайдын Кыргызстандагы элчилиги бул өлкөгө барып окуй турган кыргызстандык студенттердин виза алуусуна жеңилдетилген шарт түзүп жатканын элчи Ду Дэвэн Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов менен жолугушууда айтты. Өкмөттүн басма сөз кызматы 26-августта маалымдагандай, элчи кытай тарап кайрадан Кыргызстандан студенттерди кабыл ала баштаганын, 25-августтан 30-сентябрга чейин элчиликте алардын виза алуусу үчүн «жашыл коридор» ачылып жатканын билдирди. Кыргызстандык жаштар... Читать дальше...

Azattyk.org 

Казакстанда жол кырсыгына кабылган автобустагы төрт кыргызстандык ооруканада жатат

Казакстанда жол кырсыгына кабылган автобуста баратып жабыркагандар арасындагы төрт кыргызстандык ооруканада экенин, алардын абалын дарыгерлер орточо оор деп баалап жатышканын 27-августта Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) билдирди. Кырсык 27-августта Казакстандын Түркстан облусунун Түлкүбас районуна караштуу Шапак баба айылынын тушунда, “Батыш Кытай–Батыш Европа” деп аталган автожолдун 601-чакырымында эртең мененки саат 06:40та болгон. Баштапкы расмий маалыматка караганда, айдоочу рулду... Читать дальше...

Azattyk.org 

Чүйдө аскерлер бараткан автобус жол кырсыгына учурады

Коргоо министрлиги аскер кызматкерлери кабылган жол кырсыгынын чоо-жайын иликтеп, кызматтык териштирүү жүргүзүп жатканын 28-августта “Азаттыкка” мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматта айтылгандай, 27-августта болжол менен саат 11:50 чамасында ичинде аскерлер отурган автоунаа “Ата-Бейит” тарыхый мемориалдык комплексинен чыгып, Бишкекти көздөй кетип баратканда жол боюндагы бакты сүзгөн. Окуя комплекстен 300-400 метр аралыкта болгон. Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы кырсыкка техникалык себеп болгонун билдирүүдө. Читать дальше...

Azattyk.org 

Баланы мектепке даярдоого канча акча керек?

Балдарды мектепке даярдоо кыйла каражатты талап кылары белгилүү. Быйыл баа өтө кымбат болуп жатканына нааразы болгон ата-энелер көп. Балдардын мектепке даярдыгы канча турат? “Эже-сиңдилер” берүүсү ушул темада талкуу жүргүздү.


Собянин рассказал об уникальных разработках резидентов ОЭЗ «Технополис Москва»

МИД: Евросоюз зачищает информпространство от альтернативных точек зрения

В I квартале 2024 года премиальный сегмент продемонстрировал максимальный рост цен

Тандем Россия-Китай на пороге нового миропорядка



Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Сотрудники областного онкодиспансера посетили Республику Карелию

Около 5 000 бесплатных посылок отправили жители Алтайского края в зону проведения СВО

Абитуриенты Коми интересуются ведущими техвузами страны

В округе Молодежный установят хоккейную площадку

Музыкальные новости

Сотрудники СЛД «Курск» филиала «Московский» ООО «ЛокоТех-Сервис» продолжают проводить экологические акции

Россия, Бурятия, Культура и Дети: Байкальская театральная школа прошла в Иволгинском районе Бурятии

Яндекс.Недвижимость: за месяц однушки в новостройках Москвы подешевели на 4,5%

Новая попытка азербайджанских вандалов исламизировать армянское культурное наследие в оккупированном Шуши

Новости России

"Это даже не кофе": в Роскачестве рассказали, какие марки лучше обходить стороной

Сбежавшая из дома чеченка Заурбекова сообщила, что находится в безопасности

Цифровые технологии предварительного голосования ...

Абитуриенты Коми интересуются ведущими техвузами страны

Экология в России и мире

Стало известно, куда неожиданно и массово устремились российские туристы на майские: это оказался вовсе не обычный курорт, а работающий по специальному закону

Фестивальный праздник «Музыка моего города» в Улан-Удэ включил в программу спектакль Театра кукол «Ульгэр»: Россия и Культура, Праздник и Дети

Состоялась Байкальская театральная школа в Бурятии: Россия и Культура, Дети

Кладезь полезных свойств: Кутушов рассказал о пользе шлемника байкальского

Спорт в России и мире

Хачанов проиграл Табило в 1/8 финала «Мастерса» в Риме

«Подача на победу на Уимблдоне». Гвардиола – о заключительном туре АПЛ

«Спартак» подарит Циципасу клубную футболку

Теннисист Медведев может потерять свое место в рейтинге ATP

Moscow.media

«Грузовичкоф» развивает представителей бизнес-среды

Под зеленым куполом

Военные следователи провели рейд по бывшим мигрантам в Алуште

Военные следственные органы Следственного комитета Российской Федерации отмечают 157-ю годовщину образования







Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *