Мы в Telegram
Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Арча-Бешик: кенемте күткөн тургундар

Арча-Бешик: кенемте күткөн тургундар

Чүй облусунун Сокулук районундагы Шалта айылынын бир катар тургундары атайын кызматтын аталган айыл тууралуу тараткан маалыматтары бир тараптуу болуп калганын айтып, “Азаттык” радиосунун “Эл үнү” берүүсүнө кайрылышты.

24-декабрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети бул айылдын айрым тургундары башка аймактардан көчүп келгендерден мыйзамсыз акча чогултуп жатканы тууралуу маалымат тараткан.

Анда трансформаторду оңдоо шылтоосу менен акча чогултулганы айтылган.

УКМК мындай аракеттерге барды делген кишилерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнүн маалымдап, алар жасаган иштерине өкүнө турганын билдирип, алардын кечирим сураган видеолорун жарыялаган.

Шалта айылынын тургуну Марат Мусуралиев айыл Бишкек шаарынан 15 чакырым алыс жайгашканын, ал жерде Кыргызстандын булуң-бурчунан көчүп барган миңдеген киши жашай турганын билдирди. Андыктан “сен башка жактан көчүп келдиң” деген кодулоо жок деп ишендирди. Ал трансформаторду оңдоого чогултулган акча тууралуу буларга токтолду.

“Суук болгондо трансформатор иштебей калган. Аны оңдоого көп акча кеткен. Эл чыгымды төлөп беребиз деп макул болушкан. Бирок акча чогултууга келгенде бир үй-бүлө “биз бербейбиз” деп чыгышкан. Бирок башында беребиз дешкен экен. Ошентип чырды башта бала социалдык тармакка туура эмес маалыматтарды чыгарыптыр”, - деди ал.

Мусуралиев айрым балдарды УКМКнын кызматкерлери түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн деп алып кетип, "аларды кечирим суратып, айылды жамандаттырып туруп интернетке чыгарып жиберишиптир" деди.

Шалта айылынын тургундары УКМК кызматкерлеринин аракетин туура эмес деп баалап, Башкы прокуратурага арыз жазууну чечишкен.

Ал ошондой эле окуядан кийин жыйын болуп айыл эли бир нече чечим кабыл алышканын айтты. Эгер сууга, электр энергиясына, же жабдыктарды оңдоого кеткен каражатты төлөбөй турган болсо алардын жарыгы, суусу өчүрүлөт.

Шалта айылынын мурдагы башчысы Арген Кутманалиев атайын кызмат окуяны толук териштирбей, бир баланын айткандары боюнча эле иш жүргүзгөнүн айтты.

“Бул бала айтып койсо эле УКМК анын сөзүн туура деп, териштирген дагы жок. Тигил бала “мени чоочун” деп коркутуп атышат дептир. Бул жерде миңдеген киши жашайт. Чоочун деген сөз жок”, - деди ал.

Айыл тургуну Марат Мусуралиев Шалта айылынын чеке бели акыркы 20-30 жылда бир топ кеңейип, жаңы конуштар көбөйгөнүн белгиледи. Жергиликтүү тургундар инфраструктура маселесин чогуу-чаран чечип келгенин айтты:

“Бардыгы менен тынчтыкта эле жашачубуз. Курулуш башалганда ал жерде суу, жарык жок болчу. Жергиликтүү тургундар трансформаторду, зым карагайларды өздөрү койдурушкан. Сууну да тартып келишкен, жолду дагы активисттер, тургундар жасаган”, - деди ал.

Арча-Бешиктеги канализация маселеси

Бишкек шаарынын Арча-Бешик конушундагы Азем көчөсүнүн тургундары эки жыл мурда өз каражатына салган канализацияга башка эки көчөнү райондук администрация алардын уруксаты жок кошуп салганына нааразы болушууда.

Жергиликтүү тургундар канализациянын түтүгү 150 диаметрлик болгондуктан жаңы кошулгандарды көтөрө албай калат дешүүдө. Ошондой эле, канализацияны койдурууга кеткен каражаттын жарымын компенсациял кылууну талап кылышууда.

“25 миң сомдон чогултуп канализация киргизгенбиз. Жакында Ленин районунун акиминин орун басары келип биздин уруксатыбыз жок эле “бул деген өкмөттүн жери, колуңардан келгенди кылып алгыла” деп түнкү саат он экиге чейин жолду казып, кошуп туруп кетип калышты”, - деп Азем көчөсүнүн жашоочусу Назира Абдыраманова нааразы болду.

Ал Азем көчөсүндө 45 түтүн жашай турганын айтып, эки көчөдөн бириккенде 120 түтүн жаңы кошулуп жатканын билдирди.

Абдыраманова жашоочулар жаңы кошулгандарга өз талаптарын койгонун айтып, райадминистрацияны түтүктү алмаштырып бериши керектигин белгиледи.

“Биздин талап — жок дегенде 600 миң сом компенсация төлөшсүн, түтүктү 200 диаметрликке алмаштырып, жолду жакшылап жасап беришсин”, - деди.

Канализация салынганы менен тийиштүү жактардын балансына алынган эмес.

"Акчаны албай коюшкан"

Ленин районунун акими Русланбек Тагаев канализацияга башка тургундарды кошуу мыйзамдуу болгонун “Азаттык” радиосуна айтып берди.

Ал буга чейин жергиликтүү тургундар менен бир нече ирет жолугушуу болуп, кошуна жашаган тургундар аларга кеткен чыгымын төлөп беребиз деп акча беришкенин, бирок алар баш тартканын билдирди.

“Тургундарды чогултуп жыйын болгон. Мына чыгымыңар деп 400 миң сомду чогултуп алып барышкан, бирок алар “миллион сом бересиңер” деп албай коюшкан. Кийин дагы 600 миң алып барганда албай коюшкан. Жакында эле 200 миң чогултушканда да албай коюшту”, - деди Тагаев.

Ленин районунун акими тургундар канализацияны мыйзамсыз, долбоору жок жеке компанияларга жасатып, 200 диаметрлик түтүктүн ордуна 150 диаметрликти салдырып алышканын кошумчалады.

“Эми баланска алуу жагын чечебиз, аларды жөн эле таштап койбойбуз. Көчөлөрдү жарыктандыруу, оңдоо боюнча караштырып көрөбүз. Азыр 150 диаметрлик менен эле калды. Эгер кийин көтөрө албай калса, 200 диаметрликке алмаштыруу жагын карайбыз”, - деди Тагаев.

“Азаттык” радиосунун “Эл үнү” программасына 0550 988 755 номери менен WhatsApp жана Telegram аркылуу кайрылсаңыз болот. Ошондой эле биздин социалдык тармактагы баракчаларыбыз аркылуу да кайрылыңыз.

Читайте на 123ru.net


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Свыше 600 детей из Химок бесплатно отдохнут в летних лагерях

Для запуска лёгкой ракеты «Старт-1М» может быть использован космодром Восточный

Прогрессивные методы предсказания роста криптовалют на Бинанс — ИИ в действии

Регистрация на проект «Предпринимай» открылась на платформе «Город идей»

Музыкальные новости

"Динамо" обыграло "Балтику", дважды забив в компенсированное время

"Динамо" вышло на первое место в РПЛ за два тура до финиша

Московские медики окажут помощь пострадавшим в Белгороде - Собянин

"Спартак" обыграл "Краснодар" и продлил беспроигрышную серию до 7 матчей при Слишковиче

Новости России

Мошенники обокрали пенсионерку из Москвы на 14 миллионов рублей

Прогрессивные методы предсказания роста криптовалют на Бинанс — ИИ в действии

Главстройнадзор проверил строительство ЖК в Домодедове

Новые городские проекты в сотрудничестве с парком Юрия Лужкова готовит Фонд Юрия Лужкова

Экология в России и мире

Где находится самая северная страусиная ферма в мире?

Дети из Узбекского землячества Бурятии увидели театр кукол «Ульгэр»: Россия и Культура

Новые дорожные ирригаторы Revyline RL 630 Peach Fuzz поступили в тюменский филиал

Я не пью алкоголь вообще: Анастасия Волочкова резко ответила на слухи об алкоголизме

Спорт в России и мире

Первая ракета мира Джокович получил бутылкой по голове после матча в Риме

Финалистка юниорского Уимблдона-2023 получила временное отстранение за допинг

Анастасия Потапова вышла во второй круг турнира WTA-1000 в Риме

Хачанов победил Шевченко во втором круге турнира ATP в Риме

Moscow.media

В День Пушкина театр кукол «Ульгэр» в райцентре Бурятии: Россия, Культура, Дети

Ремонт Северодвинского моста в Архангельске начнут 15 мая

Еще 36 м надвижки на мосту через Каму

Ко Всероссийской акции «Георгиевская ленточка» присоединились сотрудники вневедомственной Росгвардии по Московской области







Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *