Ташкент "Талибанды" кыздардын билим алуусуна шарт түзүүгө чакырды
Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги Ооганстанда жогорку окуу жайларда кыз-келиндердин билим алуусуна тыюу салынганына тынчсыздануусун билдирди. Ташкент "Талибан" өкмөтүн бул чечимди ооган элинин жаркын келечеги үчүн кайра карап чыгууга үндөдү. Билдирүү 5-январда Тышкы иштер министрлигинин сайтына жарыяланды. Эл аралык коомчулук тааныбаган “Талибан” өкмөтү 2022-жылдын 21-декабрында ооган аялдарынын университеттерде окуусуна тыюу салган жана ал буйрук дароо, мөөнөтсүз күчүнө киргенин билдирген.... Читать дальше...