Мексикада наркобарон Эл Чапонун уулу кармалгандан кийин тополоң чыкты
Мексиканын батышындагы Кулиакан шаарында бейшемби күнү эртең менен полиция белгилүү наркобарон Эль Чапонун уулун камакка алгандан кийин тополоң чыкты.
Башаламандык, атышуу шаардан тышкары жергиликтүү аэропортто да болгон.
Коргоо министри Луис Кресенсио Сандовалдын айтымында, Чапонун уулу Овидио Гусман-Лопезге атасы негиздеген Синалоа наркотүйүнүнүн филиалын жетектеген деген айып тагылган. Аны кармоо операциясына АКШ көмөктөшкөн. Гусман-Лопес АКШга экстрадицияланышы күтүлүүдө.
Синалаонун губернатору билдиргендей, тополоңдо кеминде 10 адам, анын ичинде жети укук коргоо кызматкери жана жергиликтүү тургундар набыт болду. Наркокартелдин башчысынын тарапкерлери автоунааларды өрттөп, Лопезди Мехикого жеткирбөө үчүн аэропортко чабуул жасашкан.
Aeromexico авиакомпаниясы ок атышуунун натыйжасында Мехико шаарына учууга даярданып жаткан учагы зыян тартканын билдирди.
2019-жылы да Мексика бийлиги Эль Чапонун уулун камакка алган. Анда да чоң тополоң чыгып, кан төгүүнүн алдын алуу үчүн коё берилген.
АКШда Овидио Гусман-Лопес издөөдө жүргөндөрдүн тизмесине киргизилген. Анын атасы, Эль Чапо деген ат менен белгилүү Хоакин Гусман АКШда өмүрүнүн аягына чейин камалган. Ал 2019-жылы баңгизат аткезчилиги жана акчаны адалдоо боюнча соттолгон. Анын ишин уулу улантып жатканы айтылып келген.