Армения ЖККУ машыгууларын өз аймагында өткөрүүдөн баш тартты
Армения өз аймагында Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) машыгууларын өткөрүүдөн баш тартты. Бул тууралуу премьер-министр Никол Пашинян маалымат жыйынында билдирди.
Анын белгилешинче, коргоо министри ЖККУнун биргелешкен штабына азыркы кырдаалда машыгууларды өткөрүү туура эместигин кабарлаган.
"Жок дегенде быйыл Арменияда машыгуулар өткөрүлбөйт", - деди Пашинян. Анын сөздөрүн Интерфакс жазды.
ЖККУ жетекчилиги буга азырынча комментарий берген жок.
1-январында Орусиянын Коргоо министрлиги быйыл Арменияда "Бузулбас биртуугандык-2023" аскердик машыгуулары өтөрүн жарыялаган.
2022-жылдын күзүндө Пашинян ЖККУнун Еревандагы саммитинде Тоолуу Карабакка байланыштуу жаңжалда өнөктөштөр Баку менен тиреште Ереванды жетиштүү колдогон жок деген негизде биргелешкен билдирүүгө кол коюудан баш тарткан.
ЖККУга Кыргызстан, Армения, Казакстан, Орусия, Беларус жана Тажикстан мүчө.
Октябрда Кыргызстан ЖККУнун аскердик машыгууларын өз аймагында өткөрүүдөн баш тартканын жарыялаган. Коргоо министрлиги бул чечим мурда эле кабыл алынганын билдирген.