Арзан көмүр элге паспорт менен сатылат
"Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасы мындан ары арзан көмүр элге паспорт менен сатыларын кабарлады. Аталган мекемеден бир тоннасы төрт миң сомдук көмүр алгысы келген жарандардын колунда паспорту жана жашаган дареги тууралуу маалымкат болушу керек. Бир кишиге эки тоннадан ашык сатылбайт. "Көмүр жүк ташуучу унаалардын айдоочуларына сатылбайт. Себеби, алар арзан сатып алып, элге беш миң сомдон кайра сатып жатат", - деп билдирди аталган ишкана. “Кыргыз көмүр” ишканасы 2022-жылдын 1-ноябрдан тартып өлкөнүн аймактарында... Читать дальше...