Мы в Telegram
Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Кемпир-Абад иши: акцияда кармалгандар бошотулду

Кемпир-Абад иши: акцияда кармалгандар бошотулду

Бишкекте Кемпир-Абад иши боюнча мыйзамдуулукту талап кылып нааразылык акцияга чыккандарды милиция кармап кетип, кайра кое берди.

Алар алгач Ички иштер министрлигинин (ИИМ) алдына чогулуп, укук коргоо кызматкерлеринин талабынан кийин Максим Горький атындагы гүлбакты карай бара жаткан.

Милиция март айына чейин министрликтин, өкмөт үйүнүн алдында акция өткөрүүгө тыюу салынганын, чогулгандар ага баш ийбей койгонун билдирди. Укук коргоо кызматкерлери окуяны чагылдырып жүргөн журналистти да кармап, кайра коё берди.

10-январда Кемпир-Абад иши боюнча камакта жаткандардын жакындары Ички иштер министрлигинин алдына мыйзамдуулукту талап кылып акцияга чогулушкан.

Укук коргоо кызматкерлери министрликтин жанында митинг, пикет өткөрүүгө ушул жылдын март айынын аягына чейин тыюу салынганын билдирип, аларды Горький атындагы паркка барууга чакырды.

Акциянын катышуучулары Жогорку соттун имаратынын жанына жетип калганда милиция алар плакаттарды көтөрүп, үн күчөткүч менен сүйлөгөндөрү үчүн кармап кетти.

Кармалгандардын бири укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө 30га жакын киши жеткирилгенин айтты. Алардын көбү Кемпир-Абад иши боюнча тергөө абагында жаткан оппозициялык саясатчы, активист жана эркин журналисттердин жакындары.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары Тилек Тюкебаев кармалгандар тууралуу “Азаттыкка” комментарий берди.

ИИМ тынч чогулуштарды өткөрүү тартибин бузганы үчүн Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө 27 адам жеткирилгенин билдирип, анын себебин мындайча түшүндүрдү:

“Жүрүштүн катышуучуларына Турдакун Усубалиев аянтынын аймагындагы митингдер мыйзамсыз экени жөнүндө бир нече жолу эскертилген, бирок жарандар бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарын аткарбай, аталган аянтка карай кыймылын улантышкан.

Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 139-беренесине (“Тынч чогулуштарды өткөрүү тартибин бузуу”) жана 128-беренесине (“Ички иштер органдарынын кызматкеринин мыйзамдуу талабына баш ийбөө”) ылайык укук бузуулар жөнүндө протоколдор түзүлгөн, алар кийин сотко жөнөтүлөт”, - деп айтылат маалыматта.

Нааразылык акцияга чыккандар пикет өткөрүү үчүн Бишкек шаардык мэриясынан уруксат алышканын, акция өткөрүүгө тыую салган Бишкектин Биринчи май райондук сотунун токтомунда Ички иштер министрлиги (ИИМ) киргизилбегенин айтышты. Акцияга баш-аягы 100гө чукул киши чогулган.

Милиция кызматкерлери окуяны чагылдырып жүргөн “ПолитКлиника” медиасынын журналисти Эркайым Асанканованы да кармап кийин кайра бошотулду. “Азаттыктын” журналистин да кармап кетүү үчүн аракет кылышты.

Мунун алдында Ички иштер министрлигинин Тергөө башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Нурдин Эшимканов Кемпир-Абад иши боюнча камакта жаткандардын жакындарынын суроолоруна жооп берген.

“Кылмыш иши “массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн” деген негизде козголгон. Бул иш боюнча лингвистикалык, политологиялык экспертизалар дайындалып, шектүүлөрдүн кармалышы мыйзамдуу деп табылды. Биз бир да кишини өзүм билемдик менен эле кармап коё албайбыз. Милиция кармаганда да, бөгөт чарасын караганда да сотко алып барабыз”.

Пикетке чыккандар Кыргызстанда мыйзамдуулукту, тергөө акыйкат жүрүшүн жана абактагыларды үй камагына чыгарууну талап кылды. Алар укук коргоо органдарынын айткандарына ынаган жок.

“77 күн ичинде бир эле жолу сурак болду. Демек бул жерде кылмыш ишинин өзү жок деген сөз. Милиция болсо улам-улам эле “экспертиза жүрүп жатат” дейт. Мыйзам боюнча, экспертизага жөнөтүлөр алдында шектүүгө кайсы документ, материал экспертизага берилгенин билдирип, таанышуу үчүн бериш керек болчу. Ал да болгон жок”, - деди жарандык активист Али Шабдандын жубайы Нурайым Сыдыгалиева.

Бишкектеги №1 тергөө абагында (СИЗО-1) “Жапырт башаламандык уюштурууга даярдык” көргөн деген негизде 24 киши камакта жатат. Шектүүлөрдүн экөө үй камагында, бир адамга издөө жарыяланган.

Талас облусунун мурдагы башчысы Айбек Бузурманкуловдун жубайы Толгонай Солтонова мындай деди:

“Кылмыш ишинин козголушу өзү мыйзамсыз. Ушуга чейин эки-үч жолу сот отуруму болду. Анда биз бул саясий куугунтук экенин көрдүк. Аны башкача айта албайм”.

23-28-октябрь күндөрү Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер, жалпысынан 30га жакын адам жапырт кармалган.

Алар “Жапырт башаламандык уюштурууга даярдык” көргөн деп шек саналууда. Кылмыш ишин козгоого алардын Бишкектеги кафелердин биринде Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда өткөргөн жыйыны негиз болгон.

Милиция кармалгандардын айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирүүдө, ал эми камалгандар күнөөсү жок экенин айтып, мунун баарын саясий куугунтук деп атап жатышат.

Жогорку Кеңеш 17-ноябрда Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасын тактоо боюнча келишимди жана Кемпир-Абад суу сактагычынын сууcун биргелешип башкаруу тууралуу кыргыз-өзбек өкмөттөрүнүн макулдашуусун көпчүлүк добуш менен колдогон.

Расмий Бишкек Өзбекстан менен мамлекеттик чек аранын буга чейин такталбай келген 15% же 312 чакырымын жакында макулдашып, аны эки тараптын парламенттери мыйзам менен бекитти. Келишимге президент Садыр Жапаров 29-ноябрда, өзбек президенти Шавкат Мирзиёев 30-ноябрда кол койгон.

Камакта жаткандардын тизмеси:

Жогорку Кеңештин экс-вице-спикери Асия Сасыкбаева, мурдагы депутаттар Равшан Жээнбеков, Кубанычбек Кадыров, Азимбек Бекназаров, Орозайым Нарматова, Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова, укук коргоочу Рита Карасартова, Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Кеңешбек Дүйшөбаев, Боршайкомдун мурдагы мүчөсү Гүлнара Журабаева, активисттер Илгиз Шаменов, Улукбек Маматаев, Акылбек Айтбаев, Али Шабдан, Чыңгыз Капаров, Марат Баязов, Таалайбек Мадеминов, Атай Бейшенбек, Перизат Суранова, Эрлан Бекчоро уулу, Талас облусунун мурдагы башчысы Айбек Бузурманкулов, Жалал-Абад облусунун мурдагы жетекчиси Бектур Асанов, журналист Айданбек Акматов, мурдагы элчи Мамбетжунус Абылов, “Туран” партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов.

Нурлан Асанбеков менен Талантбек Эшалиев үй камагында.

Камалгандар Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин Өзбекстанга берилишине каршы чыгып, “Кемпир-Абадды коргоо комитетин” түзүшкөн.

Читайте на 123ru.net


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Школьный музей Нижегородской области стал участником программы «Школьный музей Победы»

Капсула Invisible: бесшовное белье, которое подчеркивает красоту линий тела. Невесомость в каждом движении

Более чем трети россиян нервная обстановка на работе мешает высыпаться

От сварки до сборки. Завод «Москвич» перешёл на технологию полного цикла

Музыкальные новости

Гол Чалова с пенальти принес ЦСКА победу над «Зенитом» в матче РПЛ

Московский "Спартак" не выигрывает трофеи с 2022 года

Правительство РФ сообщило о перевыполнении планов по достижению цифровой зрелости национальной экономики

Госцирк Бурятии возглавил Тудуп Батуев: Театр и цирк, Культура, Россия

Новости России

Капсула Invisible: бесшовное белье, которое подчеркивает красоту линий тела. Невесомость в каждом движении

Школьный музей Нижегородской области стал участником программы «Школьный музей Победы»

Кто такой Антон Алиханов, который возглавил российскую промышленность?

Росстат: ввод жилья в России в январе-апреле вырос почти на 2%

Экология в России и мире

Не чувствую руку: Доктор Кутушов рассказал к чему приводит частое онемение конечностей

Делаем образ стильным при помощи одной яркой детали

C 13 по 19 мая 2024 года проходит Неделя профилактики повышения артериального давления

Пермский край, Суксунский район

Спорт в России и мире

Медведев с трудом одолел 121-ю ракетку мира на турнире в Риме

Ангеліна Калініна поступилася восьмій ракетці світу Саккарі на турнірі WTA 1000 у Римі: результат

Виктория Азаренко пробилась в четвертьфинал турнира WTA в Риме

Стало известно, при каком условии Медведев может опуститься на 5-е место рейтинга ATP

Moscow.media

Дети из Узбекского землячества Бурятии увидели театр кукол «Ульгэр»: Россия и Культура

В Армении прошел крупнейший на постсоветском пространстве «Бессмертный полк». Видео. Фоторяд

При силовой поддержке столичного спецназа Росгвардии задержан домушник, маскировавшийся под курьера службы доставки

"Помогу оформить детские пособия". Почему имя Мухаммад бьёт рекорды в ХМАО







Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *