Мы в Telegram
Добавить новость
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer


Июль
2018

Новости за 03.07.2018

Azattyk.org 

Малайзияда экс-премьер камакка алынды

Малайзияда бүгүн мурдагы премьер Нажиб Разакка сотто расмий айып коюлганы турат. Буга чейин Куала-Лумпурдагы үйүндө тинтүү жүргүзүлгөн Разак 3-июлда камакка алынды. Ал бийликтен акыркы шайлоодо өзүнүн мурдагы насаатчысы, Малайзиядагы реформалардын "атасы" атыккан ардагер саясатчы Махатхир Мохамад баштаган саясий күч жеңишке жеткенден кийин кетүүгө аргасыз болгон эле.

Azattyk.org 

Малайзияда экс-премьерге айыбы угузулду

Малайзияда бүгүн мурдагы премьер Нажиб Разакка сотто айыбы расмий угузулду, бирок камактан күрөө менен бошотулду. Буга чейин Куала-Лумпурдагы үйүндө тинтүү жүргүзүлгөн Разак 3-июлда камакка алынды. Ал бийликтен акыркы шайлоодо өзүнүн мурдагы насаатчысы, Малайзиядагы реформалардын "атасы" атыккан ардагер саясатчы Махатхир Мохамад баштаган саясий күч жеңишке жеткенден кийин кетүүгө аргасыз болгон эле.

Azattyk.org 

Киев Путиндин аскер бөлүктөрү боюнча буйругун “тарыхты уурдоо” деп баалады

Украинанын башкы штабынын башчысы, генерал Виктор Муженко Орусия президенти Владимир Путиндин бир канча аскер бөлүгүнө Украинадагы, Беларустагы жана Польшадагы шаарлардын аттарын ыйгарганын сынга алды. Путин 2-июлда Орусиянын куралдуу күчтөрүндөгү бир катар полкторго жана дивизияларга Экинчи Дүйнөлүк согуш учурунда даңкы чыккан шаарлардын аттарын берген жарлыккка кол койгон.   Украинанын башкы штабынын башчысы, генерал Виктор Муженко Путиндин жарлыгын “башка элдин жерлерине көз артуу” деп баалады. Читать дальше...

Azattyk.org 

Шадиевге козголгон үчүнчү кылмыш иши

Жогорку Кеңештин “Бир Бол” фракциясынын депутаты, мурдагы биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевге байланыштуу үчүнчү кылмыш иши козголду.

Azattyk.org 

Ноокаттын алтын алмасы

Ноокат районунун Ак-Булак айылындагы "Ноокат Алтын-Алмасы" кооперативи 2012-жылы түзүлгөн. Аны Кубаныч Капаров жетектейт. Кооперативдин 153 мүчөсү, 72 гектар алма багы бар. Алар алган түшүмүн Казакстан, Өзбекстан, Тажикстанга экспорттошот.

Azattyk.org 

Тирүүлүгүн тогуз жыл далилдеген "өлүү жан"

Казакстандын Кытайдан келген кайрылмандары укугун коргоону талап кылышууда. Түркмөнстан жашы 40тан ашпаган жарандарын өлкөдөн чыгарбоого бет алды. Борбор Азия аймагында балдарга сексуалдык кордук көрсөткөн көрүнүштөр азайган жок. Орусиялык жаран өзүнүн тирүү экендигин тастыктоого тогуз жыл коротту. Украинанын Донбассындагы кырдаалга карабастан ишкерлик кылгандар арбын.

Azattyk.org 

Минскте оппозиционерлер жана укук коргоочулар кармалды 

Минскте шейшемби күнү бир канча оппозиционер, укук коргоочу, анын ичинде президент Александр Лукашенкону сындап жүргөн Николай Статкевич кармалды. 3-июлда Беларуста Эгемендик күнү белгиленип жатат. Ошондой эле 1944-жылы Минсктин немис окуппациясынан бошотулушуна байланыштуу аскердик парад да өттү. Анда сөз сүйлөгөн президент Лукашенко өлкөнүн бардык жарандары эркиндикти жана өз алдынчалыкты коргоо даяр болушу керек экенин белгиледи. Ошондой эле мамлекет башчы Минск боордош Орусия менен жакшы мамиле түзүүгө тырыша турганын... Читать дальше...

Azattyk.org 

АКШ конгрессмендери Орусияда бир катар жолугушууларды өткөрдү

Ричард Шелби баштаган америкалык конгрессмендер 3-июлда Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушту. Андагы башкы тема эки өлкөнүн президенттери Владимир Путин менен Дональд Трамптын 16-июлда Хельсинкиде өтө турган жолугушуусу болду. "Тараптар көптөгөн олуттуу маселелерди талкулады, негизинен сөз Трамп менен Путиндин алдыдагы жолугушуусу тууралуу болду" деген Ричард Шелби Лавров менен болгон жолугушууну "жакшы өттү" деп баалады. Орус тышкы иштер министри конгрессмендердин Орусиядагы... Читать дальше...

Azattyk.org 

ТЭЦ: Аптап аварияга себеп болду

Азербайжандын бир нече аймактары, анын ичинде башкалаа Баку шейшембиге караган түнү электр жарыгысыз калды. Маалыматка караганда Мингячевир шаарындагы жылуулук станциясында жарылуу болгон. Малайзияда мурдагы өкмөт башчы Нажиб Разак камакка алынды. Ирандын президенти Хассан Роухани Батыш Европанын эки өлкөсүнө иш сапарын баштады.

Azattyk.org 

Таиландда үңкүрдөгү балдарды чыгарууга бир канча ай кетиши мүмкүн

Таиланддагы үңкүрдө табылган балдарды алып чыгуу нөшөрлөгөн жайкы жамгырдан улам бир канча айга созулушу мүмкүн. Бул тууралуу куткаруу иштери менен алектенип жаткан армиянын өкүлдөрү билдиришти. Балдарды алып чыгууга үңкүрдүн ичиндеги ондогон чакырымга созулган жолдорго нөшөрлөгөн жаандын суусу толуп калганы оорчулук жаратууда. Айрым жерлерде суунун бийиктиги беш метрге жеткен.  Таиланддын Чианг-Рай провинциясындагы үңкүргө кирген бойдон дайынсыз кеткен 11-16 жаштагы 12 бала аман-эсен экени 2-июлда белгилүү болгон. Читать дальше...

Azattyk.org 

Таиландда үңкүрдө табылган балдарды чыгарууга бир канча ай кетиши мүмкүн

Таиланддагы үңкүрдө табылган балдарды алып чыгуу нөшөрлөгөн жайкы жамгырдан улам бир канча айга созулушу мүмкүн. Бул тууралуу куткаруу иштери менен алектенип жаткан армиянын өкүлдөрү билдиришти. Балдарды алып чыгууга үңкүрдүн ичиндеги ондогон чакырымга созулган жолдорго нөшөрлөгөн жаандын суусу толуп калганы оорчулук жаратууда. Айрым жерлерде суунун бийиктиги беш метрге жеткен.  Таиланддын Чианг-Рай провинциясындагы үңкүргө кирген бойдон дайынсыз кеткен 11-16 жаштагы 12 бала аман-эсен экени 2-июнда белгилүү болгон. Читать дальше...

Azattyk.org 

Финансылык чалгын кызматынын башчысы Айбек Кадыралиев иштен бошотулду

Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгын кызматынын башчысы Айбек Кадыралиев кызматынан бошотулду. Бул тууралуу "Азаттыкка" өкмөттүн маалымат бөлүмүнүн башчысы Чыңгыз Эсенгулов кабарлады. Тийиштүү буйрукка бүгүн премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.  Айбек Кадыралиев кызматтан эмне себептен кеткени белгисиз. Анын кызмат орду азырынча бош турат. Кадыралиев 2014-2015-жылдары Улуттук банктын төрагасынын кеңешчиси болуп иштеген. Ал Финансылык чалгын кызматына 2016-жылы дайындалган. Читать дальше...

Azattyk.org 

Саясатташкан мумия (анонс)

“Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” программасы Тарых музейиндеги мумиянын көмүлүшүн иликтеди. Программанын жүрүшүндө мумия бүбү-бакшылардын кайрылуусунун негизинде көмүлгөнү белгилүү болду. Ал арада маданият министри Султан Жумагулов жана парламенттин айрым депутаттары мумияны эксгумациялоо маселесин көтөрүүдө. Иликтөөнү 4-июлда, ЭлТРден көрүңүз.

Azattyk.org 

Ысык-Көлдүн жолунда 25 жаңы даараткана салынат

Туристтерге ыңгайлуу шарт түзүш үчүн Бишкек - Чолпон-Ата унаа жолунун боюндагы дааратканаларды ишкерлерге өткөрүп берүү пландалууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” Туризм департаментинин жетекчиси Азамат Жамангулов билдирди. Мурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына караган бир нече даараткана курулган, бирок бир жылдын ичинде антисанитариялык акыбалга жеткен. - "Жолдун боюнда 10-15 сотка жер болсо, бардык керектүү шарттарды түзүп, канализациясын өткөрүп, жарыгын кошуп берели" деп айтып эле келе жатабыз. Читать дальше...

Azattyk.org 

Роуханинин Европадагы сапары

Ирандын президенти Хасан Роухани Батыш Европанын эки өлкөсүндө жүрөт. Анын иш сапарына тушташ Белгиянын бийлиги эки адамды камакка алганын жарыялады.

Azattyk.org 

Улуттук орус драма театрына жаңы жетекчи келди

Чыңгыз Айтматов атындагы Улуттук орус драма театрынын жетекчиси болуп Евгений Кузнецов дайындалды. Бул тууралуу буйрукка бүгүн маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов кол койду. Жамаатка жаңы директорду министрдин орун басары Айнура Султанбаева тааныштырды. Евгений Кузнецов 42 жашта. Мурда Бишкек шаарынын мэриясында, кийинки убакта өкмөттүн аппаратында иштеген.  Улуттук орус драма театры 1935-жылы ачылган. Кийинки жылдары анын жетекчилигине байланыштуу түрдүү нааразы пикирлер айтылып келген. Читать дальше...

Azattyk.org 

Кочкордун тургундары президентке коррупция туурасында кайрылышты

Бүгүн президенттин аппаратына Кочкор районунун тургундарынын атынан кайрылуу кат келип түшкөн. Кайрылууда Кочкор эли президент Сооронбай Жээнбековдун коррупция менен күрөш боюнча аракеттерин колдой турганы, бирок ал күрөш тандалма түрдө жүрүп жатканы айтылган. Кайрылууда авторлор Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Сапар Исаковдун иши боюнча калыстыкты күтөрү айтылат.  "Биздин баамыбызда коррупция менен күрөшүү өйдөкү жактагы кайсы бир кызматкерлердин буйругунун негизинде жеке, кээ бир гана адамдар үчүн иштеп... Читать дальше...

Azattyk.org 

Пакистанда кол салуудан алты аскер жана эки полиция кызматкери көз жумду

Пакистандын расмий адамдарынын маалыматы боюнча, алты аскер жана эки полиция кызматкери эки башка жерде болгон кол салуудан мерт болду.  Өлкөнүн түндүк-батышындагы Белужистан провинциясында 2-июлда согушкерлер ок атып, ракеталык граната ыргытканда алты аскер мүрт кетип, дагы эки жоокер жаракат алган. Бул кол салуу үчүн эч бир топ жоопкерчилик алган жок. Кен байлыктарга бай Белужистан провинциясы Ооганстан жана Иран менен чектешет. Аймак 2004-жылдан бери миңдеген адамдын өмүрүн алган жоочулардын... Читать дальше...

Azattyk.org 

Ысык-Көлдө талапты аткарбаган 8 пансионат жабылды

Ысык-Көлдүн жээгинде Мамлекеттик экологиялык техникалык инспециянын текшерүүсүнөн кийин санитардык талаптарды аткарбаган 8 пансионат жабылды. Бул тууралуу “Азаттыка” ушул кызматтын ага инспектору Жаркынай Амантурова билдирди. Анын айтымында, эки айдан бери жалпысынан 193 пансионат, санаторий, эс алуучу жайлар текшерилип, алардын дээрлик 60 пайызына тазалык нормалары боюнча эскертүүлөр берилген. Бир айлык убакыттан кийин башында эскертүү алгандар кайра текшерилип, талаптар аткарылганы аныкталды. Читать дальше...

Azattyk.org 

4-июлга карата аба ырайы тууралуу маалымат

4-июлда Кыргызстандын аймагында түнкүсүн көпчүлүк аймактарда маал-маалы менен жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарында, Нарын, Ош, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан-чачын катуу жаайт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарында жана Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал, өрөөндөрдө жаан-чачын болбойт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден... Читать дальше...

Azattyk.org 

Малайзиянын мурдагы премьер-министри камакка алынды

Малайзияда 3-июлда мурдагы өкмөт башчы Нажиб Разак коррупцияга шектүү катары камакка алынды. Шаршембиде ага расмий айып тагылмакчы.  Май айындагы парламенттик шайлоодо ардагер саясатчы, 92 жаштагы Махатхир Мухамадга утулуп калгандан кийин жаңы бийлик ага өлкөдөн чыгууга тыюу салган. Мамлекеттик фонддогу миллиарддаган акчанын жоголушу боюнча иштин алкагында буга чейин Разак бир нече жолу суракка чакырылган жана күнөөсүз экенин айтып келген. Анын үйүн тинтүү учурунда баалуу буюмдар, накталай акча табылган. Читать дальше...

Azattyk.org 

Европа комиссиясы Польшанын бийлигин териштире баштады

Европа комиссиясы Польшанын бийлигинин үстүнөн Жогорку соттогу реформасы боюнча териштирүү баштады. Польшада 3-июлда Жогорку сот жөнүндөгү жаңы мыйзам күчүнө кирди. Ага ылайык, судьялар эми 65 жашка толгондон кийин биротоло кызматтан кетет.  "Deutsche Welle" радиосу кабарлагандай, жаңы мыйзамдын талабы боюнча судьялардын 40 пайызы кызматтан кетиши мүмкүн. Медициналык документтерин көрсөтүп, президенттин макулдугун алгандар гана ишин уланта алат. Мындан тышкары, мыйзам Юстиция министрлигине судьяларды иштен кетирип... Читать дальше...

Azattyk.org 

Азербайжандын бир нече аймагы жарыксыз калды

Азербайжандын бир нече аймактары, анын ичинде башкалаа Бакы бүгүн түндө электр жарыгысыз калды. Маалыматтарга караганда, Мингечевир шаарындагы жылуулук станциясында жарылуу болгон. Бийлик өкүлдөрү электр энергиясын калыбына келтирүү иши жүрүп жатканын маалымдашты. Жарылуудан эч ким жабыркаган жок. Президенттин кеңсеси билдиргендей, кырсыкка ысык аба ырайы себеп болгон. Абанын температурасы 45 градуска жетип, кондиционерлерди колдонуу көбөйгөн, муну менен станцияга күч келген. Синоптиктер бүгүн-эртең аба ысык болоорун... Читать дальше...

Azattyk.org 

Бабанов Жээнбековго уулу үчүн рахмат айтты

Экс-премьер-министр, «Республика» саясий партиясынын мурдагы лидери Өмүрбек Бабанов мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековга рахмат айтты. Бүгүн ал Фейсбуктагы жеке баракчасына уулу Нурэмирге “Алтын сертификат” тапшырып жаткан президент Сооронбай Жээнбековдун видеосун жарыялап, “Баламдын ийгилиги менен куттуктап, жакшы каалоо айтканыңызга терең ыраазымын!” деп жазды. Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков бүгүн быйылкы жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтынында эң жогорку балл алган мектеп бүтүрүүчүлөрүн куттуктап... Читать дальше...

Azattyk.org 

Келемиши көп кампага эгин сакталбайт

Жакында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тышкы карыздардан кутулуш үчүн атайын эсеп ачыш керек экенин айтканда, бул демилгени көпчүлүк жактырган жок. Бирок "Өкмөткө эл жардам бере алабы?" деген суроонун тегерегинде ой жүгүртүп көрөлү.


"Евро-Футбол.Ру": "Спартак" летом хочет приобрести вингера

Умерла актриса Галина Свербилова

Певица Людмила Зыкина родилась 95 лет назад

Автокран загорелся на Третьем транспортном кольце



Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

«Рособоронэкспорт» начнет поставку 170 вертолетов в дружественные страны

Сильный град нанес повреждения самолету Airbus A320 в Вене

В стиле БРИКС: кого из звезд болельщикам ждать на Играх в Казани

Супруга рэпера Канье Уэста Бьянка Цензори снялась в Японии в «мешке»

Музыкальные новости

Собянин рассказал, что столичные промышленники производят для метро Москвы

Глава СК Бастрыкин пообещал защитить гаишника Гусева от диаспоры и МВД Новосибирска

Юлия Пересильд, московский Театр на Таганке, ММОМА – участники 3-его фестиваля «Территория. Красноярск» раскрывают грани современного искусства

Актер Театра сатиры Анисимов перенес инфаркт при знакомстве с новым руководством

Новости России

В стиле БРИКС: кого из звезд болельщикам ждать на Играх в Казани

«Рособоронэкспорт» начнет поставку 170 вертолетов в дружественные страны

На западе Москвы столкнулись несколько автомобилей

Инстасамка поменяла имидж и выступила на ПМЭФ после долгого перерыва

Экология в России и мире

Фонд «Восход» выпустил на «Атомайз» первые в России венчурные ЦФА

В Москве прошла Премия-практикум «Харизма Года»

Купаться надо уметь: правила, которые сохранят вам жизнь

Антисанитария в службах доставки: токсиколог Кутушов рассказал, почему опасно заказывать еду

Спорт в России и мире

Семнадцатилетняя Андреева впервые сыграет в полуфинале турнира Большого шлема

Зверев сыграет с Алькарасом в финале "Ролан Гаррос"

Ига Свентек в четвертый раз выиграла Открытый чемпионат Франции по теннису

Андреевой предрекли борьбу за топ-10 рейтинга WTA в текущем сезоне

Moscow.media

В этом году планируют заключить контракт на реконструкцию еще одного участка трассы Р-23 в Ленобласти

Сотрудники военных следственных органов Следственного комитета России по всей стране оказывают помощь подшефным детским учреждениям

Об отношении к русским в Азербайджане

Россиянам рассказали, почему будущее за человекоподобными роботами







Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *