Үч аптадан бери коңшу Казакстанда жана Орусияда сел жүрүп, дамбалар жарылды. Анын кесепетинен жүздөгөн үйдү суу басып, миңдеген киши там-ташын таштап, жер которгонго аргасыз болду. Ушул учурда Кыргызстанда абал кандай? Табийгый кырсыктарды алдын алуу иштери кандай жүрүп жатат? "Азаттыктын" студиясында: өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов жана Жерди иликтөө боюнча Борбор Азия институтунун директору Болот Молдобеков. Казакстандын Атырау шаарынан "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун... Читать дальше...
Израил Тегерандын чабуулуна жооп катары Ирандын аймагына ракета менен сокку урду. Эл аралык коомчулук "Жакынкы Чыгышта чыңалуу курчуп кетиши мүмкүн" деп кооптонууда. Астанада Кыргызтандын жана Казакстандын президенттери Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаев эки өткөрмө бекеттин ишин жандантууну макулдашты. Буга чейин чек арада ондогон автоунаа күндөп туруп калып жаткан. Салык төлөөдөн качууга жана алдамчылыкка шектелип кармалган экс-депутат Камчыбек Жолдошбаев эч жакка чыкпоо тилкаты менен камактан бошоду. Читать дальше...
Президент Садыр Жапаров 19-апрелде Казакстанда расмий сапары менен болду. Анын алкагында “Союздаштык мамилелерди тереңдетүү жана кеңейтүү жөнүндө” келишим жана башка бир катар документтерге кол коюлду.
19-апрелде Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.
Израил Тегерандын буга чейинки чабуулуна жооп катары 19-апрелге караган түнү Ирандын аймагына сокку урганын америкалык маалымат каражаттары жазышты. Ирандын бийлиги үч чакан дрон атып түшүрүлгөнүн гана билдирип, чабуулдун чоо-жайы тууралуу маалымат берген жок.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) адам органдарын чет өлкөлөргө мыйзамсыз сатууну уюштурган эл аралык кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалганын билдирди.
Кыргызстанда ТикТок социалдык тармагынын бөгөттөлүшү орто жана чакан бизнеске терс таасир эткени айтыла баштады.
Баткендин борборунан 130 чакырымдай алыс, тоо арасындагы Зардалы айылына келерки жылы асканы боорлой автожол салынмай болду. Президент Жапаров бир тилкелүү жолдун долбоору даярдалып жатканын жарыялады. Кышы узак, электр энергиясы жете элек, автоунаа каттабаган Зардалыга 1990-жылдардын соңунда аймакка “Өзбекстан ислам кыймылынын” жоочулары басып кирип, бир айдан ашык кыштакты барымтада кармап турган. Ошондон кийин Зардалы бүт өлкөгө таанылган.
Орусияда “Крокус Сити Холлдогу” кол салууга байланыштуу теги тажикстандык дагы бир адам кармалды. Учурда аталган жайда иштеген мигранттардын баары суракка алынып жатканы маалым болду. Ал арада Орусиянын жетекчилиги мигранттарга каршы маанайдагы билдирүүлөрдү жасоону улантууда.