Балыкчыдагы аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жүргөн жоокер таяк жеп ооруканага оор абалда түштү. Аскер прокуратурасы буга байланыштуу кылмыш ишин козгоп, аскер кызматкерин камакка алды.
24 жыл мурда негизделген Талас мамлекеттик университети облустагы жогорку билим берген жалгыз окуу жайы. Анда 3,5 миңдей студент билим алат. Окуу жайдын жатаканасы жана спорт залы жок, жыйындар залындагы эмеректин эскилиги жеткен. Аны жаңылоого университеттин чама-чаркы жетпей келет. Аймактагы активисттер шаарда бир катар жаңы мамлекеттик мекемелер курулуп жатканы менен билим уясы көңүл сыртында калганын белгилешет.
“Манас” эпосунун балдарга арналган англис тилиндеги варианты жарык көрдү. Анын бет ачары 22-апрелде Берлин шаарында өткөнү турат.
“Манас” эпосунун балдарга арналган англис тилиндеги варианты жарык көрдү. Анын бет ачары 22-апрелде Берлин шаарында өткөнү турат.
Казакстандын түндүгүндө 2401 үйдү суу каптады, 10 миңдей адам туугандарынын үйүндө, Петропавловск калаасындагы социалдык мекмелерде баш калкалап турат. Алар мындан ары үйсүз жашоо кандай болорун элестете албай турган кези. Бийлик суу тартылмайынча, курулуш ишин баштай албай турганын билдирди.
“Крокус Сити Холлго” кол салгандар орус куралдуу күчтөрүндө катталган автоматтардан ок аткан. Бул тууралуу “Важные истории" басылмасы материал чыгарды. Журналисттердин маалыматында, шектүүлөр Калашников автоматтарын (АК) колдонгон. Бир модели 2018-жылы гана массалык түрдө өндүрүлө баштаган.
Тагдырдын үстөкө-босток соккуларына баш бербей дарыгерлик менен илимпоздукту эриш-аркак ала жүргөн Султангазы Орозобеков тууралуу кеп кылуунун оролу келип турат. Кезинде колу жеңил дарыгердин аракети менен канчалаган бейтаптардын жашоо-турмушка үмүтү артып, ишеними жанган.