Теги казак Ооганстандын жараны Сами Ата Гүл Астана аэропортунда паспортун тытып салды. Ал мындай аракетин Казакстандан кеткиси келбегени менен түшүндүрдү. Быйыл 26-февралда Казакстанда туруктуу жашоого документтерин тапшырганы менен ага уруксат берилген эмес. Сот Ата Гүлдү "Казакстанда миграция мыйзамын бузган" деп депортациялоо чечимин чыгарган. 15-апрелде эртең менен Астана аэропортунда күч кызматкерлери Сами Ата Гүлдү Дубай аркылуу Кабулга учурууга аракет кылган.
Кыргызстандын Талас облусунда да сел жүрүп, Талас районунда өзгөчө кырдаал режими кирди. Жалал-Абадда 100дөн ашык үйдүн короосун суу каптап, Ошто кырсыктын кесепетин жоюу иши жүрүүдө. Ал тапта коңшу Казакстанда сел каптаган аймактарда абал кооптуу бойдон калууда. Жекшембиде Батыш Казакстан облусунун Орол шаарында Жайык дарыясынын деңгээли 8,5 метрден ашты. Жогорку Кеңештеги оппозициялык “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери, камактагы Адахан Мадумаровдун адвокаттары Биринчи май райондук сотунун... Читать дальше...
Нью-Йоркто АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамптын порнографиялык тасмаларга тартылган актриса Сторми Дэниелске 130 миң доллар төлөп бергени боюнча иши карала башталды.
Бишкекте Америка Кошмо Штаттары менен Кыргызстандын алакасын өнүктүрүү боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр өтүүдө. Ага АКШнын Мамлекеттик департаментинин жооптуу жетекчилери келип катышууда. Бул сүйлөшүүлөр Кыргызстанда жарандык коомду чектеген мыйзамдар кабыл алынган учурга туш келди.
Бишкекте Америка Кошмо Штаттары менен Кыргызстандын алакасын өнүктүрүү боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр өтүүдө. Ага АКШнын Мамлекеттик департаментинин жооптуу жетекчилери келип катышууда. Бул сүйлөшүүлөр Кыргызстанда жарандык коомду чектеген мыйзамдар кабыл алынган учурга туш келди.
Жаратылыш кырсыгы коңшу Казакстанды да убайга салды. Орусиядагы Ирикла суу сактагычынан суу Жайык дарыясына агып чыкканы кырдаал дагы оорлошту. Буга чейин Орол шаарында дарыялар кооптуу чекке чейин көтөрүлүшү мүмкүн деп эскертилген.
Борбордук шайлоо комиссиясы 23-апрелде Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулунун мандатын тапшыруу боюнча арызын карап, анын ыйгарым укуктарын токтотту. Айрым саясат талдоочулар экс-депутаттын соңку билдирүүлөрү анын мандат тапшыруусуна себеп болушу ыктамалдыгын айтып жатышат.
Кыргызстанда 130 диний окуу жайы бар. 34ү кыздардын медреселери. Алар куран жаттоо жана илимий болуп, эки түргө бөлүнөт. Кыздарды 9-11-класстан кийин кабыл алышып, 3-4 жылдык билим беришет. Медреселерде диний жана кесиптик билим менен чектелишип, светтик предметтерди киргизүүгө мүмкүн болбой келет. Жалпысынан диний окуу жайларында билим алган кыздар 6 миңден ашат.
23-апрель - Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укуктун күнүнө карата тамсилдери классикага айланган Эзоп тууралуу баяндайбыз.