"103" кызматы: Жаңы жылдык түн адаттагыдай өттү
Өткөн суткада Бишкек шаарында Тез жардам кызматына 591 кайрылуу келип түштү. "103" кызматынан "Азаттык" радиосуна кабарлашкандай, 476 адамга тиешелүү жардам көрсөтүлдү. Басымдуу көпчүлүгү сасык тумоолоп жаткандар экени аныкталды. "Криминалдык себепке байланыштуу кайрылуудан экөө, көчөдө калган селсаяктар тууралуу төрт арыз түшкөн. Алардын арасынан каза болгондор жок. Жалпысынан Жаңы жылдык түн адаттагыдай эле өттү", - деп билдирди Тез жардам кызматы. (RK)