Мы в Telegram
Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer


Январь
2018

Новости за 16.01.2018

Azattyk.org 

Украин парламентинин жанында демонстранттар менен полиция кагылышты

Кагылышуу украин парламенти орусиячыл жикчилдердин көзөмөлүндөгү аймактарды “реинтеграциялоо" жөнүндө мыйзам долбоорун карай турган учурга туш келди. Демонстранттар Жогорку Раданын жанына келип, желим дөңгөлөктөрдү жана Орусиянын желектерин өрттөштү.  Полиция менен өрт өчүргүчтөр болсо күйүп жаткан дөңгөлөктөрдү өчүрүү учурунда аларды өкмөткө каршы демонстранттардын былтыр жыл соңунан бери Жогорку Раданын жанында тигилген чатыр лагерине карай ыргытышкан. Бүгүн парламенттин алдына келген демонстранттар... Читать дальше...

Azattyk.org 

Косоводо серб саясий лидери окко учту

Оливер Иванович бүгүн эртең менен Митровица шаарынын сербдер көп жашаган түндүк бөлүгүндө, өз кеңсеси алдында окко учуп мерт болду. Бул тууралуу “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун Балкан кызматына саясатчынын адвокаты Нибожса Влажич кабарлады. Оливер Иванович 2009-жылдан бери Косоводо “Эркиндик, Демократия, Адилеттик” деп аталган жарандык демилгенин лидери эле жана алардын талапкерлери былтыркы жергиликтүү шайлоого катышкан. Ал Косово 2008-жылы Сербиядан эгемендигин жарыялаганына карабай, 2008-2012-жылы Сербия өкмөтүнө кирип... Читать дальше...

Azattyk.org 

Бакиевдердин мүлкү Социалдык өнүктүрүү министрлигине өткөрүлдү

Бишкектин Жибек жолу көчөсүндөгү мурдагы президент Курманбек Бакиевге жана анын жакындарына таандык имарат Социалдык өнүктүрүү министрлигине өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлк фондунун директорунун орун басары Бактыбек Мураталиев парламентте билдирди. Анын айтымында, бул имаратты Маммүлк фонду каттоого алып, Социалдык өнүктүрүү фондунун карамагына өткөрүп берди. Бакиевдер президенттикке чейин жашаган үй 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуядан соң таланып-тонолуп, өрттөнгөн. Кийин бул имаратта... Читать дальше...

Azattyk.org 

БШК: Бабановдон мыйзамга жооп берген арыз келген жок

“Республика” партиясынын лидери Өмүрбек Бабановдон Жогорку Кеңештин депутаттык мандатынан баш тартуу боюнча арыз Борбордук шайлоо комиссиясына келип түшө элек. Бул тууралуу БШКнын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, мыйзамдын бардык талаптарына жооп берген документ гана расмий арыз болуп саналат: - Бизге арыз келип түшкөн жок. Мыйзамда көрсөтүлгөн жоболорго жооп бербеген кагаздарды кабыл ала албайбыз. Ошондуктан бизге арыз келип түштү деп айта албайбыз - деди Бекматов. Читать дальше...

Azattyk.org 

Пакистанда диниятчылар жанкечтиликти “арам” деп жарыялашты

Жанкечтилик шарияттын жол-жоболоруна каршы келери Пакистандагы түрдүү диний мектептердин 1800дөн ашуун диниятчысы чыгарган жаңы фатвада айтылат. Алар фатвада жанкечтиликке шарият мыйзамдарында да тыюу салынганын белгилешип, бул көрүнүштү “арам” иш катары жарыялашты. Аталган фатва бүгүн бет ачары мамлекеттик Ислам университетинде өткөн жаңы китепке да киргизилген.  Ага Пакистандын президенти Манун Хуссеин да катышты.  Пакистан ондогон жылдардан бери өз жактоочуларына жанкечтиликке баргандарды... Читать дальше...

Azattyk.org 

Украинада тирешүүдөн улам СПИДдин жайылышы күчөдү

Кошмо Штаттардагы PNAS журналында жарыяланган жаңы иликтөөнүн тыянагына караганда, Украинанын чыгышындагы куралдуу кагылышуу ВИЧ инфекциясынын өлкө боюнча жайылышына салым кошту. Америкалык журналдагы маалыматка караганда, өзгөчө Донецк жана Луганск шаарлары СПИД илдетин өлкөнүн башка бөлүктөрүнө, анын ичинде Киев жана Одесса шаарларына жайылтуудагы башкы очокко айланды. Жалпысынан Украина өзү деле ВИЧ инфекциясын жуктургандардын көрсөткүчү эң жогорку өлкөлөрдүн катарында. 45 миллион калкы... Читать дальше...

Azattyk.org 

Иманалиев: Кийизбаева чыгаандарды таптаган

2017-жылы Кыргызстандын музыка коомчулугу СССРдин Эл артисти Сайра Кийизбаеванын 100 жылдыгын белгиледи. Кыргыз операсынын профессионалдык өнүгүшүн Кийизбаевасыз элестетүү мүмкүн эмес. Улуу ырчы - парламент мүчөсү катары коомдук иштерге катышкан, бир топ опера ырчыларын тарбиялап, жаш таланттардын мүмкүнчүлүгүнүн ачылышына ири салым кошкон устат.

Azattyk.org 

"Freedom House": дүйнөдө демократия азаюуда

Мындай бүтүм "Freedom House" эл аралык уюмунун жаңы жарыяланган жылдык баяндамасында айтылды. Анда “дүйнөдө демократияга сокку урулуп, арышын азайтууда. АКШ акыркы жылда демократиялык идеалдардын чемпиону катары салттуу ролунан баш тартып, ошол эле убакта Кытай менен Орусия өлкө ичиндеги репрессияларын күчөтүү менен өз таасирин четке жайылтууда”, деп белгиленген. Баяндамада көргөзүлгөндөй, 2017-жыл дүйнөдө глобалдык эркиндик катары менен чектелген он экинчи жыл болду, бул жылы кеминде 71 өлкө... Читать дальше...

Azattyk.org 

Өмүрбек Бабанов мандатын тапшыруу боюнча арыз жазды

“Республика” партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов Жогорку Кеңештин депутаттык мандатын өз ыктыяры менен тапшыруу боюнча арыз жазды. Мындай маалыматты Бабановдун кеңешчиси Мирсулжан Намазалиев “Азаттыкка” ырастады. Анын айтымында, арыз 15-январда Борбордук шайлоо комиссиясына тапшырылды.  Эми БШК ал арызды карап, чечим кабыл алышы керек.  Президенттик шайлоодо экинчи орун алган Өмүрбек Бабанов былтыр октябрь айында өлкөдөн чыгып кеткен. Ошондон кийин Бабановго карата конституциялык түзүмдү күч... Читать дальше...

Azattyk.org 

Кыргызстанда күйүүчү май кымбаттады

Кыргызстанда жыл башынан бери күйүүчү-майлоочу майлар орточо эсеп менен 1,5 пайызга кымбаттады. Бул тууралуу өкмөткө караштуу Монополияны жөнгө салуу агенттиги кабарлады. Ал кымбаттоонун себебин Орусиядагы күйүүчү майдын кымбатташы менен түшүндүрүүдө. Агенттик өлкөдө күйүүчү майдын жетишерлик өлчөмү бар экенин кабарлады.  Учурда Кыргызстанда Аи-92 маркасындагы бензиндин бир литри 40,9 сом болсо, Аи-98 бензин 48,8 сом турат. (BkA)

Azattyk.org 

Учак кырсыгынан каза болгондорду эскерүү

"Манас" аэропортуна жакын жайгашкан Дача СУ конушунда туура бир жыл мурун учак кырсыгынан каза болгондор эскерилди. Кырсык болгон жерде жергиликтүү жашоочулар, кырсыктан жабыркагандар жана жакындарын жоготкондор, жарандык активисттер куран окутушту. Ошондой эле учак кырсыгынын курмандыктарын эскергендер маркумдарга арналып тургузулган эстеликтин алдына гүл коюшту. Бийлик өкүлдөрүнөн иш-чарага Сокулук акимиятынын өкүлдөрү катышты.

Azattyk.org 

17-январга карата аба ырайы тууралуу маалымат

16-19-январь аралыгында кардын калың түшкөнүнө байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу, Ала-Бел ашууларында жана Чычкан капчыгайында кар көчкү түшүшү мүмкүн. Жолдо бараткан унаалардын ортосундагы аралык кеминде 500 метр болушу керек.  17-январда өлкөнүн көпчүлүк аймагында кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй, Талас облустарында түнкүсүн -6…-11, күндүз 0…-5 градус... Читать дальше...

Azattyk.org 

Евробиримдик "фейк" кабарларга каршы күрөшөт

Еврокомиссиянын эксперттер тобу дүйшөмбүдө жалган же болбосо "фейк" кабарларга каршы күрөш боюнча алгачкы жыйынга чогулду. Топ "фейк" маалыматтарга каршы стратегиянын түзүлүшүнө көмөктөшмөкчү. Бир аз мурда Франциянын президенти Эммануэл Макрон "фейк" кабарларга күрөшүү максатында мыйзам долбоорун сунуш кылган.

Azattyk.org 

Көзү азиздер үчүн акысыз курстар уюштурулуп жатат

"Кыргызстандын көзү азиздер федерациясы" уюму майыптарды коомго кошууга багытталган акысыз тренингдерди уюштуруп жатат. 1-2-топтогу майыптар Бишкекте Брайл алиппеси боюнча окуганды, компьютер, көчөдө таяктын жардамы менен өз алдынча басууну, англис, орус тилдерин, өз алдынча үй жыйноо жана азыктануу сыяктуу сабактарды ала алышат. Курстар алты айга созулуп, аптасына беш күн, эртең мененки саат тогуздан кечки алтыга чейин уланат. Окуу Бишкек шаарындагы Борбордук Азиянын Америка университетинин имаратында болот. Читать дальше...

Azattyk.org 

"Акылдуу шаардын" артында ким турат?

Бишкек шаардык кеңешиндеги "Республика-Ата-Журт" фракциясынын депутаты Алымбек Бактыбеков өзүнүн "Акылдуу шаар" долбооруна тиешеси тууралуу маалыматты жокко чыгарды.

Azattyk.org 

Түркиянын Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү келишет

17-январда Түркиянын Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Селами Кылыч жана түрк өкмөтүнүн Борбор Азия менен Кавказдагы кызматташтык агенттигинин жетекчиси Али Өзгүн Бишкекке келишет. Алар курулушу аяктаган "Бишкектеги кыргыз-түрк достугу" ооруканасына барышат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Меймандар Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин тиешелүү өкүлдөрү менен жолугушат. Анда оорукананы колдонууга берүүнүн тартиби, мындан аркы эки өлкөнүн саламаттык тармагындагы кызматташтыгы талкууланат. Читать дальше...

Azattyk.org 

Түптүн акими кызматтан кетүүгө арыз жазды

Түп районунун администрация башчысы, аким Советбек Исмаилов өткөн жумада кызматтан кетүү боюнча арызын жазды. Бул маалыматты район башчысы "Азаттыкка" өзү ырастады. Анын айтымында, үй-бүлөлүк абалынан улам кызматтан кетүү чечимин кабыл алган. Исмаилов учурда өз ишин аткарууну улантууда. Анын арызы 14 күндүн ичинде каралышы керек. Облустук жетекчилик да Исмаиловдун өз каалоосу менен арыз жазганын ырастады. Советбек Исмаилов Түп районунун акими болуп 2016-жылдан тарта иштеп келген. (AsM)

Azattyk.org 

Түптүн акими кызматтан кетүү боюнча арыз жазды

Түп районунун администрация башчысы, аким Советбек Исмаилов өткөн жумада кызматтан кетүү боюнча арызын жазды. Бул маалыматты район башчысы "Азаттыкка" өзү ырастады. Өз айтымында, ал үй-бүлөлүк абалынан улам кызматтан кетүү чечимин кабыл алган. Исмаилов учурда өз ишин аткарууну улантууда. Анын арызы 14 күндүн ичинде каралышы керек. Облустук жетекчилик да Исмаиловдун өз каалоосу менен арыз жазганын ырастады.  Советбек Исмаилов Түп районунун акими болуп 2016-жылдан бери иштеп келген. (AsM)

Azattyk.org 

Учак кырсыгынан каза болгондор эскерилди

"Манас" аэропортуна жакын жайгашкан Дача СУ конушунда туура бир жыл мурун учак кырсыгынан каза болгондор эскерилди. Кырсык болгон жерде жергиликтүү жашоочулар, кырсыктан жабыркагандар жана жакындарын жоготкондор, жарандык активисттер куран окутушту. Ошондой эле учак кырсыгынын курмандыктарын эскергендер маркумдарга арналып тургузулган эстеликтин алдына гүл коюшту. Бийлик өкүлдөрүнөн иш-чарага Сокулук акимиятынын өкүлдөрү катышты. Буга чейин 13-январда кырсык болгон жерде эстелик ачылган эле.... Читать дальше...

Azattyk.org 

УКМК террордук уюмдун мүчөсү кармалганын билдирди

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалыматына караганда, 30-декабрда террорчулукка каршы жүргүзүлгөн операцияда 1995-жылы туулган Кыргызстандын жараны кармалды. Ал куралдуу жихаддын идеяларын колдоп, өлкө аймагында теракттарды ишке ашырууга даярдык көргөн. Бул үчүн атайын даярдыктан өтүп, жардыргыч заттарды даярдоону үйрөнүп жүргөн. Учурда Кылмыш кодексинин 299-беренесинин 2-бөлүгү (Экстремисттик материалдарды сактоо, даярдоо жана жайылтуу) боюнча кылмыш иши козголду. Кармалган адам УКМКнын тергөө абагына камалды. Читать дальше...

Azattyk.org 

Рустамов: Ушаковдун үстүнөн сотко арыз жазбайм

Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин башчысы Абдыкалык Рустамов фотограф Влад Ушаковдун үстүнөн сотко кайрылбайт. Бул тууралуу Рустамов “Азаттык” радиосуна кабарлады. Ал Жууку капчыгайындагы карагайлардын кыйылышы боюнча маалыматтан улам фотограф менен соттошуу пикиринен баш тартканын билдирди. Бирок Жети-Өгүз райондук токой чарба агенттиги сүрөтчүгө каршы сотко кайрылышы мүмкүн экенин Рустамов четке каккан жок. Токой чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчилиги жалган маалымат... Читать дальше...

Azattyk.org 

Алты жылда айыпталган аткаминерлер

Кыргызстанда 2010-жылдан бери бир нече жогорку кызматта ээлеген адамдарга кылмыш иш козголуп, сот өкүмү чыкты. “Азаттык” аткаминерлерге чыккан сот өкүмдөрүн тизмектеди.

Azattyk.org 

Премьер-министр Исаков Давос форумуна катышат

Премьер-министр Сапар Исаков баштаган делегация Давостогу Бүткүл дүйнөлүк экономикалык форумга катышат. Мындай маалыматты өкмөттөн ырасташты. Маалыматка ылайык, экономикалык форум 23-январда Швейцариянын Давос аймагында өтөт. Форум алкагында премьер-министр Исаковдун башка өлкө жетекчилери менен жолугушуусу пландалууда. Сапар Исаков жетектеген делегациянын курамында кимдер болору жарыяланган жок. Давостогу форум дүйнөдөгү кадыр-барктуу экономикалык иш-чаралардын бири. Быйыл 23-26-январь аралыгында... Читать дальше...


Единовременные выплаты пострадавшим при ЧС увеличат в два раза

Для юных москвичей проведут онлайн-викторину о ...

В Москве обсудили вопросы в сфере ветеринарии и фитосанитарии КР и РФ

Житель Москвы рассказал о вспышках и хлопках во время короткого замыкания в метро



Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Москвичи рассказали о последствиях прошедшего в столице ливня

В Москве обсудили вопросы в сфере ветеринарии и фитосанитарии КР и РФ

Белоусов и его зам продолжают зачистку. Настала очередь главного коммунальщика Минобороны. Обвинение просит 12 лет за взятку

День защиты детей: история праздника, традиции и как его отмечают по всему миру

Музыкальные новости

Eurasianet: Азербайджан публично и цинично уничтожает армянское культурное и историческое наследие в Нагорном Карабахе

Доктор Кутушов назвал болезни, которые поджидают отдыхающих у водоёмов

НА ДЕТСКОМ ФЕСТИВАЛЕ ИСКУССТВ «НЕБО» СОСТОИТСЯ 5 ПРЕМЬЕР И ПОКАЖУТ НОВИНКИ ОТ ВЕДУЩИХ МОСКОВСКИХ ТЕАТРОВ

Почта России помогла маленькому жителю Перми встретиться с футболистами ЦСКА

Новости России

Движение поездов после схода вагонов полностью восстановлено в Приамурье

Страсти по буям: Почему Эстония так переживает из-за решения России, а Боррель грозит следить за нами

Белоусов и его зам продолжают зачистку. Настала очередь главного коммунальщика Минобороны. Обвинение просит 12 лет за взятку

В Москве обсудили вопросы в сфере ветеринарии и фитосанитарии КР и РФ

Экология в России и мире

Доктор Кутушов назвал болезни, которые поджидают отдыхающих у водоёмов

Пять морей и одно озеро: в России создадут новые круглогодичные курорты - стали известны подробности

Компания ICDMC приняла участие в торжественном открытии выставки “Тульское качество”

Стоматолог Владимир Лосев: сколько времени нужно носить брекеты

Спорт в России и мире

В России отреагировали на "скрытую баранку" и достижение Рыбакиной на Ролан Гаррос

Пресс-служба WTA мемом отреагировала на тяжёлую победу Свёнтек над Осакой

Итальянская забастовка: Рублёв, Котов и Самсонова вылетели с «Ролан Гаррос», Потапова обыграла Ван Синьюй

Синнер повторил уникальное достижение Джоковича и Надаля на турнирах «Большого шлема»

Moscow.media

ТСД SAOTRON RT-T50: высокопроизводительный терминал сбора данных промышленного класса

Стоматолог Владимир Лосев: сколько времени нужно носить брекеты

В Кировском районе Крыма проверили бывших мигрантов, не вставших на воинский учет

Лучший HR-бренд – «Грузовичкоф»







Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *