Жогорку Кеңештин депутаты Сайдулла Нышанов Кыргызстанга каттаган чет өлкөлүк туристтердин ар биринен 20 доллардан туристтик салык алууну өкмөткө сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн парламенттин жалпы жыйынында айтып, мындай акча туристтер үчүн анча көп эмес экенин, бирок бюджеттин кирешесин толуктоого жакшы өбөлгө болорун белгиледи: - 20 доллардан алым киргизип койсок. Ары-бери чуркап, акча алмаштырып жүрбөстөн Дубайдагыдай аэропорттон эле төлөй тургандай кылып. Менин сунушумду эске алып, туристтердин санын тактап, киргизип көрсөк. Читать дальше...
Украинада депутат Надежда Савченко парламентте - Верховна Радада теракт даярдаган деп шек саналууда. Бүгүн башкы прокурор Юрий Луценко Савченкодон кол тийбистекти алуу жана аны камоо тууралуу өтүнүчүн депутаттардын кароосуна жөнөтөөрүн айтты. Верховна Рада Савченкону Коргоо жана улуттук коопсуздук комитетинен чыгарган. Депутат өзү ушу тапта "Киевде кол салуу даярдаган" деп айыпталган кишинин иши боюнча Улуттук коопсуздук кызматына сурак берүүдө. «Улуттук фронттун» депутаты Антон Герашенко «Кремлдин мурдагы туткуну» теракт даярдоо гана эмес... Читать дальше...
Баткен районунун Т.Садыков атындагы орто мектептин 6-классынын окуучусу мындан эки жыл мурда чет тил мугалиминен башына таяк жегенин айтып, ата-энесине даттанган. Ошол кезде мугалим эжей менен баланын ата-энеси өз ара макулдашып, мугалим баланы дарылатууга убада берген жана Ош шаарына чейин алып барып дарыгерлерге текшерткен. Өткөн жумада бала баш оорусу күчөп, облустук ооруканага түшкөн. Мугалим баланы дарылатуудан жана чыгымдарды төлөөдөн баш тарткан учурда ата-энеси укук коргоо кызматына кайрылган. Читать дальше...
Башкы прокуратура “маңзат кылмышына байланыштуу кармалган үч адамды коё берип, алардан алган далил затты жашырып койгон” деген шек менен Ички иштер министрлигинин Криминалдык милиция кызматынын эки өкүлүнө карата кылмыш иш козгоду. Бул тууралуу бүгүн Башкы көзөмөл органынын маалымат кызматы кабарлады. Мекеме тараткан маалыматта окуя быйыл 20-январда Чүйдүн Сокулук районунда болгону, гашиш маңзатын автоунаага алмаштырып жаткан үч адам ошол жерден кармалып, милицияга алынып келгени айтылат. Кылмышка... Читать дальше...
Чет өлкөлүк маалымат каражаттарынын өкүлдөрү 15-марттан 15-августка чейин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин сайтынан аккредитациядан өтүп, паспортунун көчүрмөсүн, сүрөтүн жана толтурулган анкетаны электрондук почта аркылуу министрликке жиберүүгө тийиш. Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Айымкан Кулукееванын "Азаттыкка" билдиргенине караганда, аккредитациялык карталар 20-27-август аралыгында даяр болот. Үчүнчү Эл аралык көчмөндөр оюндары быйыл сентябрь айында Ысык-Көлдө өтөт. Кыргызстанда... Читать дальше...
Кыргызстандын ММА жана Панкратион федерациясынын президенти, Дзюдо федерациясынын вице-президенти, "Мухаммед Умар" спорт клубунун жетекчиси Улукбек Өмүрзаков Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине маек берип, үй-бүлөсү, спорттогу жолу жана аркалаган жумушу тууралуу айтып берди.
Астанада Борбор Азия жетекчилеринин саммити өтүүдө. Иш-чарага Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын президенттери катышып жатат. Ал эми Түркмөнстандан парламент спикери Акжа Нурбердыева барды. Эгемендик жылдарында Борбор Азия президенттери толук курамда өз алдынча беш гана жолу кездешкен. Башында чөлкөмдүн лидерлери Советтер Союзу таркагандан кийинки кызматташтыкты талкуулашса, акыркы жыйын Арал деңизинин келечегине арналган. Эксперттер коңшулар ортосунда мамиле чек ара, суу, энергетика... Читать дальше...
Парламент депутаттары 18-марттан 24-мартка чейин өлкө аймактарын кыдырып, шайлоочулары менен жолугушмакчы. Мындай чечим 15-мартта парламенттин отурумунда кабыл алынды. Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековдун бир жуманы шайлоочулар менен жолугушууларга арноо жөнүндө сунушун эл өкүлдөрү бир добуштан колдоого алышты. 16-март күнү Жогорку Кеңештеги фракциялар өз отурумдарын өткөрүшөт.(ZKo)
Кошмо Штаттар орус президенти Владимир Путиндин аннексияланган Крымга барышын айыптады. Мамлекеттик департаменттин өкүлү Хизер Нойерт жасаган билдирүүдө Вашингтон жарым аралды Украинанын бир бөлүгү деп эсептээри белгиленген. 14-мартта Путин Крымга барганда 2014-жылкы референдумду “чыныгы демократия” деп атады. Ал добуш берүүгө таянып Орусия кошуна өлкөнүн аймагын тартып алган. Мамлекеттик департамент Москваны "эгемен мамлекеттердин аймактык бүтүндүгүн, эл аралык нормаларды урматтабайт" деп сындады. Читать дальше...
16-мартта Кыргызстандын аймагында маал-маалы менен жаан жаап, Чүй, Талас өрөөндөрүндө жана тоолуу аймактарда кар жаайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн -1...-6, күндүз -2…+3; Таласта түнкүсүн -3…-8, күндүз -3...+2; Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн -1…+4, күндүз 5…10; Ысык-Көлдө түнкүсүн 0…-5, күндүз 2…7; Нарында түнкүсүн -4…-9, күндүз -2…+3; Бишкекте маал-маалы менен жаан жаайт. Читать дальше...
Соттук-медициналык экспертиза мекемесин жаңылоого 20 миллион сом которулмак, бирок ал акчадан азырынча дайын жок. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Ирина Карамушкина айтты. Ал 2017-жылдын 16-январында Дача СУ айылындагы учак кырсыгына байланыштуу элден чогултулган акчадан аталган мекемеде оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүгө, жаңы жабдуу сатып алууга каражат бөлүнмөк деп билдирди: - Трагедия күндөрү жарандардан, мекемелерден каржылык жардам чогултулган. 1-2 күндүк айлык маяна которулган. Читать дальше...
АКШнын президенти Доналд Трамптын мамлекеттик катчы Рекс Тиллерсонду кызматтан кетириши анын эл аралык өзөктүк келишимден чыгуу ниетин туюндурат. Бүгүн Ирандын тышкы иштер министринин орун басары Аббас Арагчи ушундай билдирүү жасады. Тиллерсондун кетип жатканын Трамп 13-мартта жарыялап, анын ордуна Борбордук чалгын кызматынын башчысы, Тегеранга каршы катуураак позициясы менен белгилүү Майк Помпео дайындалаарын айткан. АКШнын президенти 2015-жылы Иран менен 6 мамлекеттин ортосунда түзүлгөн келишимди көптөн бери сындап... Читать дальше...
Быйыл Кыргызстанда мектеп окуучуларынын түшкү тамагы үчүн дээрлик 556 миллион сом бөлүндү. Бул өткөн жылдардагыдан 121 миң сомго көп. Мындай маалыматты бүгүн Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы таратты. Анда айтылгандай, окуучулардын тамак-ашын жакшыртуу максатында атайын программа иштелип чыгып, мектептерге ашпозчулар үчүн штаттык бирдик киргизилген. Башталгыч класстардын окуучуларына күнүнө бир маал ысык тамак берүү демилгеси 2005-жылы көтөрүлүп, ошол жылы мамлекеттик бюджеттен 380 миллион сом бөлүнгөн. Читать дальше...
Чүй облусунун Сокулук районундагы Учкун-2 жаңы конушунун тургундары 2003-жылдан бери мыйзамдуу деп санап жашап келген үйлөрүн эми сот "мыйзамсыз болгондуктан сүрдүрүлсүн" деп жатканына нааразы болууда. Конуштун айрым тургундары бүгүн Бишкекте Ак үйдүн алдына чыгып, сот чечимин жокко чыгарууну талап кылышты. Өзүн Кызылгүл деп тааныштырган тургундун айтуусунда, жаңы конуштагы 700 турак жайдын 85ин сот мыйзамсыз деп тапкан: - Жерди 2003-жылы алганбыз. Үй салып, балдарыбыз ошол жерде туулуп-чоңоюшту. Читать дальше...
Казак президенти Нурсултан Назарбаев жолугушуу учурунда бүгүнкү Борбор Азия лидерлеринин кездешүүсүндө чоң иштер жасалаарына үмүттөнөрүн билдирди. Кыргызстандын мамлекет башчысы чакыруусу жана жылуу кабыл алганы үчүн казак президентине ыраазычылык билдирип, бүгүнкү жолугушууда инвестиция, мигранттар, жарандардын кирип-чыгышы жана жалпы эле Борбор Азия аймагына сырттан кирген коркунучтарга каршы туруу жаатында сүйлөшүүчү көп маселелер бар экенин белгиледи. Жээнбеков Борбор Азия лидерлеринин жолугушуусун аймактагы тарыхый окуя катары баалап... Читать дальше...
Ысык-Көл райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Дамира Абированын кызматтан кетүүсүн талап кылып мугалимдер, мектеп директорлору, бала бакча кызматкерлери жана ата-энелер нааразылык акциясына чыгышты. Алар Абирова жумуштан алган мектеп директорлорун кызматка кайра коюусун жана өзүнүн кетүүсүн талап кылып жатышат. Акцияга чыккандар менен Билим жана илим министрлигинин статс-катчысы Жапаркул Ташиев жолугуп, Абированын ишин министрликте түзүлгөн атайын комиссия иликтеп жатканын маалымдады. Былтыр... Читать дальше...
Британиянын өнөктөштөрү Лондондун орусиялык 23 дипломатты чыгаруу тууралуу чечимин кубатташты. Ак үй "нерв системасын шал кылган заттын британиялык жаран менен анын кызына каршы колдонулушу үчүн Москва жооптуу" деп билдирди. Орусиялык мурдагы тыңчы Сергей Скрипал кызы Юлия экөө 4-мартта ууландыруу белгилери менен ооруканага жеткирилген бойдон дагы эле оор абалда жатышат. Вашингтон "Москва дүйнөдөгү коопсуздукка көлөкө түшүрүүдө жана Батыш демократиясына сокку урууга аракеттенип жатат" деп белгиледи. Читать дальше...
Пакистандын Лахор шаарында кечээ көзөмөл-өткөрмө бекетинде болгон жардыруудан жети киши мүрт кетип, 20дай киши жарадар болду. Жергиликтүү бийлик кол салууну жанкечти уюштурганын билдирди. Окуя бекеттин жанында диний жөрөлгө өтүп жаткан маалда болгон. Ал жакка болжол менен 80 миңдей адам чогулган эле. Кандуу окуя үчүн жоопкерчиликти өз мойнуна пакистандык талибдер алганын “Рейтер” агенттиги жазды.
Бул тууралуу буйрукка шаар башчы Айтмамат Кадырбаев кол койду. Ал ошол эле буйругу менен тиешелүү жетекчилерге жылуулук менен камсыздоочу мекемелерди кийинки жылга даярдоону тапшырды. Бул тууралуу Ош мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Ошто 600гө жакын көп кабаттуу үй жана социалдык мекеме бар. Алардын көпчүлүгүн Ош шаардык жылуулук электр борбору ысытат. Имараттардын айрым бөлүгүн «Жылуулук камсыздоо» муниципиалдык ишканасы жылытат. (MdN)
Парламент былтыр кабыл алып, быйыл жыл башынан ишке кире турган “Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу долбоордун тагдыры арсар.
Өзүн “Кыргызстандын улуттук деми” деп атап, социалдык түйүндөр аркылуу жалпы элди уктабай, иш кылууга үндөгөн видеолору менен таанымал Гүлзат Мамытбек “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.
Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) авариянын себептери боюнча жаңы жагдайлардын бети ачыла баштады.
Он беш жылдан ашуун төө буурчак экспорттоп ишкерлик кылган Миргазы Оморов соңку үч жылдан бери Таласта бизнестин башка түрүн жайылтууда. Учурда Миргазы Оморовдун Сербия, Польша, Түркия сыяктуу мамлекеттерден алып келген алма көчөттөрүн Таласта жүздөгөн дыйкандар гектарлаган жерге отургуза баштады.
Бишкектин Так пландаштыруу планы боюнча коомдук угуу 9-апрелде болот. Бул тууралуу Шаардык кеңештин төрага орун басары Эмил Сыдыков 15-мартта журналисттерге билдирди. Анын айтуусунда, планга шаардын борбордук бөлүгүндөгү 3650 гектар жер аянты кирген. Бул аянт Жибек Жолу, Курманжан Датка, Шабдан баатыр, Ахунбаев, Садырбаев жана Фучик көчөлөрүнүн ортосундагы төрт бурчтукту камтыйт. Шаардык активисттер Так пландаштыруу планына нааразылыгын билдирип, анда бала бакчалары, парктар жоктугун, Бишкектин борбору жалаң соода... Читать дальше...