Мы в Telegram
Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer


Март
2018

Новости за 15.03.2018

Azattyk.org 

"Ош" бажысынын кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Башкы прокуратура Мамлекеттик бажы кызматынын айрым өкүлдөрүнө карата кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу бүгүн мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Маалыматта иш Кылмыш кодексинин “аткезчилик” жана "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” деген беренелеринин негизинде козголгону айтылат. Кылмышка шектүү кызматкерлер бажы транзитин мыйзамсыз бүтүрүп берген деп айыпталып жатышат. Тагыраак айтканда, “Ош” бажысынын өкүлдөрү 2017-жылы Бирдиктүү автоматташтырылган маалымат системасы аркылуу фактуралык... Читать дальше...

Azattyk.org 

Борбор Азия лидерлери Астанага чогулат

Астанадагы саммит Борбор Азиядагы беш лидер өз алдынча жолуга турган алгачкы жыйын катары күтүлгөн. 2009-жылдан бери Борбор Азия президенттери эки тараптуу жолугушууларда, Орусия менен Кытай мүчө болгон КМШ, ЖККУ сыяктуу биримдиктердин алкагында гана кездешип келишкен. Владимир Путин катышпай турган бул жолугушууларды эксперттер ар кандай талдап жатышат.

Azattyk.org 

Мамлекеттик каттоо кызматкерлери кылмышка шектелүүдө

Башкы прокуратура Мамлекеттик каттоо кызматынын Транспортту жана айдоочуларды каттоо департаментинин жетекчилерине карата кылмыш ишин козгоду. Алар өткөн жылы Lexus GX 470 үлгүсүндөгү эки автоунааны жасалма документтер менен мыйзамсыз каттаганы аныкталган.  Башкы көзөмөл органынын басма сөз кызматы маалымдагандай, кылмыш иши 304-берене (кызмат абалынан пайдалануу), 204-берене (аткезчилик) жана 210-берене (бажы төлөмдөрүн төлөөдөн качуу) боюнча козголду.  Маалыматта айтылгандай, Интерполдун Кыргызстандагы бюросунун билдирүүсү боюнча... Читать дальше...

Azattyk.org 

Өкмөт: "Акылдуу шаар" боюнча келишимден чыгуу оңой болгон жок

“Акылдуу шаар” долбоору боюнча кытайлык компания менен түзүлгөн келишимден чыгуу кыргыз өкмөтүнө оңой болгон жок. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында маалымат берип жатып өкмөттүн парламенттеги өкүлү Ашырбек Темирбаев билдирди: - Мындай чечимди кабыл алуу оңойго турган жок. Биринчи кезекте мамлекеттин келечекке болгон кызыкчылыктары, жарандардын коопсуздугу маанилүү. Өз күчүбүз менен кайсы бир убакта эл аралык донорлордун, потенциалдык инвесторлордун жардамы менен ишке ашырабыз. Читать дальше...

Azattyk.org 

Бишкек-Ош жолу жабылганына байланыштуу учакта жүрүү арзандады

"Манас" эл аралык аэропортунун маалыматы боюнча, авиакомпанияларга Бишкек-Ош жана Ош-Бишкек каттамдары боюнча билеттин баасын үч миң сомдон ашырбоо тапшырмасы берилди. Маалыматка ылайык, бул сумманын ичинде бардык чыгашалар камтылган.  Мындай баада билеттер 14-марттан 17-мартка чейин сатылат. Ал эми бул күндөрдөгү каттамдарга мурда сатылып алынган билеттердин баасы арзандатылбайт.  Январь айында кыргыз өкмөтү аба компанияларынын жетекчилери менен сүйлөшүп, аба ырайы кескин өзгөрүп же табигый... Читать дальше...

Azattyk.org 

Наристелер үчүн гемодиализдин жоктугу курч көйгөйгө айланды

Кыргызстанда беш жашка чейинки балдардын канын тазалоочу перитонеалдык гемодиализ жабдуусу жок. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Улуттук эне жана баланы коргоо борборунун гемодиализ бөлүмүнүн башкы дарыгери Нурлан Туганбаев билдирди. Аталган бөлүмдө бөйрөк жетишсиздигинен улам элүүдөн ашык бала гемодиализ жабдуусу аркылуу канын аптасына 3-4 ирет тазалатып турат. Бирок беш жашка чейинки балдардагы бөйрөктүн курч дарттарын дарылоо абдан кыйын болуп жатат. Себеби өлкө боюнча бир да перитонеалдык диализ жабдуусу жок. Читать дальше...

Azattyk.org 

Кант диабетине чалдыккандар жылына 5 миңге көбөйүүдө

Кыргызстанда "кант диабети" диагнозу жылына орто эсеп менен беш миңдей кишиге алгач ирет коюлуп, алардын жалпы саны 2017-жылы 55 миңге жеткен. Бул тууралуу Бишкекте өтүп жаткан “Бөйрөк оорулары жана кант диабети” аттуу илимий-практикалык конференцияда айтылды. Кант диабетине чалдыккандардын жарымынан көбү аялдар болууда. Кыргызстанда бул дарттын ар кайсы тиби менен 356 наристе каттоодо турат. (BCh)

Azattyk.org 

Президент Жээнбеков Астанага учуп кетти

Президент Сооронбай Жээнбеков Борбор Азия лидерлеринин жолугушуусуна катышуу үчүн Казакстандын борбору Астанага учуп кетти. Президенттин маалымат кызматы билдиргендей, мамлекет башчынын сапары казак президенти Нурсултан Назарбаевдин чакыруусу менен уюштурулууда. Жээнбеков Назарбаев менен эки тараптуу жолугушуу өткөрүп, кызматташтыкты сүйлөшөт. Астана жыйынына Кыргызстандан тышкары Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын башчылары катышат. Эл аралык жана аймактык маанидеги актуалдуу маселелер талкууланат. Читать дальше...

Azattyk.org 

Тарых музейи менен Киев көчөсүнө Усубалиевдин ысымын ыйгаруу сунушталды

Бишкектеги Тарых музейине кыргыз мамлекетин чейрек кылым жетектеген Турдакун Усубалиевдин ысымын ыйгаруу сунушталууда. Бул тууралуу бүгүн парламенттин жалпы жыйынында депутат Алмасбек Акматов айтты. Ал Нарын облусунун Кочкор районунун жашоочулары, аксакалдары, эмгек ардагерлери кол койгон кат келгенин билдирди: - Кайрылууда көрсөтүлгөндөй, президентибиз Сооронбай Жээнбеков Жумгал, Кочкор районунун тургундары менен жолукканда бул маселе оңунан чечилет деп айткан экен. Депутат Жогорку Кеңештин... Читать дальше...

Azattyk.org 

Бишкекте бөйрөк саламаттыгынын күнү белгиленүүдө

8-март - Бөйрөк саламаттыгы боюнча эл аралык күнгө карата 15-мартта Бишкекте “Бөйрөк оорулары жана кант диабети” аттуу илимий-практикалык конференция башталды. Ага нефрологдор, үй-бүлөлүк дарыгерлер, медицина кызматкерлери катышууда. Кыргызстанда азыркы тапта күчөп жаткан бөйрөктүн өнөкөт ооруларын алдын алууда кайдыгерлик менен жалкоолук тоскоол болуп жатканын өлкөнүн башкы нефрологу, профессор Рысбек Калиев белгиледи. Азыркы тапта өлкөдө бөйрөк оорусу күчөп, жасалма бөйрөк жабдуусуна кезекте тургандардын саны миңге чукулдады. Читать дальше...

Azattyk.org 

Жээнбеков Меркелди куттуктады

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков 14-мартта Ангела Меркелдин Германиянын канцлери болуп кайра шайлануусу менен куттуктады. Ангела Меркелдин дарегине жолдогон телеграммасында президент Жээнбеков Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы достук-кызматташтык мамилеси мындан ары да эки элдин кызыкчылыгында өнүгүүсүнө ишеничин билдирген.  Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады. Ангела Меркел 14-мартта Германиянын канцлерлигине шайланды. Ага 364 депутат макул, 315и каршы добуш берди. Читать дальше...

Azattyk.org 

Бекешев: Өкмөт "Акылдуу шаар" боюнча маалымат берсин

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев (КСДП фракциясы) өкмөт “Акылдуу шаар” долбоору боюнча парламентке маалымат бериши керек деп эсептейт. Бул тууралуу ал бүгүн жалпы жыйында айтты. Депутат бул маселени Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү комитетинин күн тартибине киргизүүнү сунуштады. Кыргыз өкмөтү «Акылдуу шаар» инвестициялык долбоору боюнча милдеттенмелер аткарылбаганына байланыштуу Кытай тарап менен түзгөн келишимден чыгууну чечкенин 14-мартта расмий жарыялады. Читать дальше...

Azattyk.org 

Өмүркул уулу: Бишкек ЖЭБин жаңылоого аз эле акча сарпталмак

Бишкек жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) мурунку жетекчиси Нурлан Өмүркул уулу бул тууралуу 15-мартта журналисттерге билдирди. Анын сөзү боюнча, жаңылоо иштерине "ашып барса 250 млн доллар сарпталган, калган акчаны аспаптардын баасын кымбат көрсөтүү менен жок кылышкан". Ал ошондой эле жаңы блок иштебесин мурда эле билгенин, химиялык цех курулбаса ал ишке кире албасын дагы бир ирет бекемдеп, ЖЭБди жаңылоодогу коррупциялык иштерге өзү аралашпаганын белгиледи: - Мен коррупциялык иштерге аралашкан эмесмин, муну так айта алам. Читать дальше...

Azattyk.org 

Нооруз-2018: Көк бөрү боюнча республикалык мелдеш башталды

Бишкекте бүгүн Нооруз майрамына карата көк бөрү боюнча республикалык мелдеш башталды. Аны Көк бөрү федерациясы Мамлекеттик спорт агенттиги менен бирге уюштурууда. Кыргызстандын биринчилиги үчүн былтыркы оюндарда чемпион аталган “Ынтымак” (Талас облусу) командасы жана ошондой эле “Достук”, “Биримдик-Аю” баштаган 16 команда күч сынашат. Байге фондунун алгачкы суммасы 800 миң сом деп аныкталды. Мелдештер “Ак-Кула” ат майданында өтүүдө. Жеңүүчүлөр 21-мартта аныкталат. (SDz)

Azattyk.org 

Бишкек-Ош жолунда дагы кар көчтү

14-мартта саат 17:40 чамасында Бишкек-Ош жолунун Чычкан капчыгайында эки жерде кар көчтү. Биринин көлөмү 2,88 миң, экинчиси 7,5 миң куб метр. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, көчкүдөн жабыркагандар жок. Кар бир сааттын ичинде тазаланган. Ал эми 13-мартта капчыгайдын Көчкүлүү-Булак тилкесине түшкөн кар көчкүнү тазалоо иштери дагы деле уланып жатат.  Ал жерде калган айдоочулар жана жүргүнчүлөр үчүн ӨКМ жана жергиликтүү бийлик жылынуучу жай, ысык тамак уюштурган. Ушул тапта Сосновка бекетинде 100... Читать дальше...

Azattyk.org 

Мамлекеттик үлүшү бар ишканалардын чыгымын текшерүү сунушталды

Өкмөт мамлекеттик үлүшү бар бардык ишканалардын каражаты боюнча парламентке маалымат бериши керек. Бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Акылбек Жамангулов ушундай талап коюп, соңку 5 жыл ичинде андай ишканалар канча акча коротконун, демөөрчүлүккө канча каражат кетиргенин айтып берүүнү талап кылды. - Бир эле мисал, мамлекеттин үлүшү бар «Чыгышэлектр» ишканасы өткөн жылы 2 млн сомго демөөрчүлүк колдоо көрсөтүптүр. Бюджетте каражат тартыш болуп тургандамамлекеттин каражатын ойкелди чачуу туура эмес деп ойлойм, - дейт депутат. Читать дальше...

Azattyk.org 

Алтын казган компаниялардын салык кайгайы

Эл аралык ишкердик кеңеши жана “Ernst & Young” ("Эрнст энд Янг") компаниясы Кыргызстанда алтын өндүргөн ишканаларга салыктарды жана бажы төлөмдөрүн көтөрүүнү сындап чыкты. Алар бул көрүнүш компанияларды банкротко алып келерин билдирүүдө. Ал эми бийлик өкүлдөрү салык жана бажы алымдарын көбөйтүү толук чечиле электигин кабарлоодо. 14-мартта Бишкекте өткөн жыйында ушул маселелер каралды.

Azattyk.org 

Психикалык саламаттык боюнча мамлекеттик программа кабыл алынды

2018-2030-жылга карата Кыргызстан калкынын психикалык саламаттыгын жакшыртуу багытында мамлекеттик программага кол коюлду. Ага ылайык мындан ары элдин акыл саламаттыгын жеке эле Саламаттык сактоо министрлиги көзөмөлдөбөй, билим берүү, социалдык коргоо, укук коргоо тармактары да тартылат. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү билдирди. Айрыкча мектеп жашынан балдардын психикалык саламаттыгына көңүл бурулуп, ар бир мектеп зомбулук, акыл оорулары, балдардын жалпы... Читать дальше...

Azattyk.org 

Сатыбалдиев: ЖЭБдеги абал үчүн жооптуу эмесмин

Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Бишкек жылуулук борборундагы акыркы кырдаал үчүн өзүн жоопкерчиликтүү деп эсептебейт. Сатыбалдиевдин айтымында, борборду жаңылоо боюнча келишимди даярдоо коррупция болгон эмес. "Соңку кырдаал адистердин шалаакылыгынан жаралды", - деди экс-премьер Сатыбалдиев.

Пресс.kg 

Милицияны полиция кылганда эмне өзгөрөт?

Сапар Исаков дагы бир сунушун коомчулукка жар салды. Ал өз сөзүндө милицияны полиция кылып өзгөртүү зарыл экендигин айтты. Өкмөт башчынын бул сунушу коомчулукта эки ача пикирди жаратууда. Бул боюнча биз коомдогу айрым белгилүү инсандардын ойлорун сиздерге сунуштоону туура көрдүк… Ашырбек Бакиев, генерал: – Элибизде жакшы макалы бар эмеспи “Сырты жалтырак – ичи калтырак” деген, бизге, […]

Azattyk.org 

Сатыбалдиев: ЖЭБ боюнча мен кол койгон документте коррупция жок

Мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев "Азаттык" радиосундагы маегинде Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоо үчүн Кытай менен түзүлгөн макулдашуу тууралуу комментарий берди. Анын айтымында, ишкананы тез арада реконструкциялоо маселеси көптөн бери көтөрүлүп келген. Мекемелер аралык комиссия түзүлүп, алар Кытайдан насыя алуу тууралуу сунуш киргизген. - Келишимге бир күндө эле кол коюлуп калды дегенге мен караманча каршымын. Мекеме аралык комиссиянын чечимин өкмөт жактырып, кредиттик... Читать дальше...

Azattyk.org 

Жаманбаев көчөсү автоунаа кыймылы үчүн убактылуу жабылат

Бишкекте Акматбек Жаманбаев атындагы көчө августтун аягына чейин автоунаа кыймылы үчүн жабылат. Бул тууралуу мэриянын Капиталдык курулуш башкармалыгы билдирди. Маалыматка караганда, 14-марттан 30-августка чейин Жаманбаев көчөсүнүн Токтоналиев көчөсүнөн Чыңгыз Айтматов проспектисине чейинки бөлүгүндө оӊдоп-түзөө иштери жүргүзүлөт. (NT)

Azattyk.org 

Лондон Москваны "химиялык курал тууралуу конвенцияны бузду" деп айыптады

БУУнун Коопсуздук кеңеши Орусиянын Башкы чалгын башкармалыгынын мурдагы полковниги Сергей Скрипаль менен анын кызы Юлиянын ууланышына байланыштуу 14-мартта чукул жыйынга чогулду.  Коопсуздук кеңешинин чукул жыйынын чакырууну буга чейин Улуу Британия талап кылган.  Британиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Жонатан Аллен жыйында Орусия "Новичок" деп аталган нерв клеткаларын шал кылган затты иштеп чыкканын жарыя кылбаганын, муну менен химиялык курал колдонбоо тууралуу конвенцияны бузганын белгиледи. Анын айтымында... Читать дальше...

Azattyk.org 

Бишкекте жаштардын улуттук симпозиуму өтөт

Бишкекте 16-18-мартта жаш тынчтык орнотуучулардын улуттук симпозиуму болот. Быйыл экинчи жолу өтө турган иш-чараны “Талас облустук жаштар кеңеши” коомдук бирикмеси өкмөттүн жана эл аралык уюмдардын колдоосунда уюштурууда. Анда жаштар ынтымак-ырашкерлик боюнча өз ойлору менен тааныштырат. Жогорку Кеңештин депутаттары Аида Касымалиева, Жанар Акаев жана башка саясатчылар, ишкерлер симпозиумдун катышуучулары менен жолугуп, зордук-зомбулук, билимдин сапаты, экологиянын начарлашы, жумушсуздук маселесин... Читать дальше...


Сергей Собянин. Главное за день

Что тебе спица. Как гениальный врач Илизаров изменил костную хирургию

АБХАЗИЯ. Туристы выбирают между Россией и Турцией

Бастрыкин поручил доложить о расследовании убийства скейтера Балишанского



Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

В Москве автозак с людьми перевернулся на дороге

Сергей Безруков назвал место силы в Нижнем Новгороде

Что тебе спица. Как гениальный врач Илизаров изменил костную хирургию

Вызовы со стороны экс-колонизаторов. Путину жаловались на поведение Запада

Музыкальные новости

За один день работники Уссурийского ЛРЗ и их дети выполнили сменно-суточное задание по ремонту 129 паровозиков

Новости и Культура, Дети и Россия: Бурятский Театр кукол «Ульгэр» выступил в Улан-Удэ в «Больших семейных выходных» горожан

В филиалах АО "Желдорреммаш" прошли мероприятия ко Дню защиты детей

В Подмосковье сотрудники Росгвардии спасли пожилого мужчину, который оказался один дома и плохо себя почувствовал

Новости России

Министр спорта Дегтярев заявил, что Россия не планирует выходить из МОК

Минэкологии Подмосковья поможет вернуть незаконно приватизированные земли

Что тебе спица. Как гениальный врач Илизаров изменил костную хирургию

Сергей Безруков назвал место силы в Нижнем Новгороде

Экология в России и мире

Befree запускает сайт для поиска талантов

Областная наркологическая больница запускает летнюю профилактическую кампанию для юных свердловчан

Работник СЛД «Чита» филиала «Забайкальский» ООО «ЛокоТех-Сервис» принял участие в экологической акции по очистке берега и дна озера Кенон

История без фальсификации: Шемахи в первой половине XVIII века

Спорт в России и мире

«Он никогда не снимается с турниров». Циципас прокомментировал травму Джоковича

Янник Синнер высказался о первом месте в рейтинге ATP и травме Новака Джоковича

Мирра Андреева обыграла представительницу Франции Грачеву на "Ролан Гаррос"

Экс-теннисист Ольховский: российские теннисисты выступили ниже ожиданий

Moscow.media

На утре.

Тин-Мерзуга

Средняя полоса в июне.

Новый цвет и знакомый звук: игровая гарнитура GR270 от Bloody







Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *