Бизнестин тилин тапкан пенсионерлер
Баткенде беш жүздөй ардагер эл аралык уюмдун колдоосу менен өздөрүнө жумуш ордун түзүп, кала берсе жакыр үй-бүлөлөргө да кол кабыш кыла баштады.
Баткенде беш жүздөй ардагер эл аралык уюмдун колдоосу менен өздөрүнө жумуш ордун түзүп, кала берсе жакыр үй-бүлөлөргө да кол кабыш кыла баштады.
Расмий Анкара Идлибде ок атышууну болтурбоо үчүн эл аралык колдоо көрсөтүүгө чакырып, Сириянын бул провинциясына чабуул “ири гуманитардык катастрофага алып барарын” кайрадан эскертти. Аба соккулар менен чабуулдар “качкындардын массалык толкунун жана Түркия менен Европага эбегейсиз коопсуздук тобокелдигин жаратат”,- деди Коопсуздук кеңешинин 11-сентябрдагы отурумунда Түркиянын БУУдагы элчиси Феридун Синирлиоглы. АКШнын БУУдагы элчиси Никки Хейли Сириянын Орусия жана Иран колдогон күчтөрү Идлибде... Читать дальше...
Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаев өлкөнүн тышкы карызынын тегерегинде айтылган кептерге жооп кайтарды.
Ички иштер министрлиги билдиргендей, мурдагы депутат Аида Салянованын бир тууганы Улан Саляновдун өлүмүнө байланыштуу кылмышка шектелип жаткан үчүнчү киши Орусияда кармалды. Ал 30 жаштагы Орусия жараны Заур Насруллаев экени айтылды. Маалыматка караганда, Насруллаев быйыл августта эки өлкөнүн биргелешкен ыкчам-издөө ишинин натыйжасында Орусиянын Екатеринбург шаарынан кармалып, кылмыш ишин моюнга алган. Орусияга аны Кыргызстанга өткөрүү боюнча өтүнүч жиберилген. Парламенттин мурдагы депутаты... Читать дальше...
Вашингтон Тегеранды анын өнөктөштөрү АКШнын Жакынкы Чыгыштагы объекттерине кол салуу ыктымалдуулугунан улам эскертүүдө. Ак үйдүн 11-сентябрдагы билдирүүсү үч күн мурда Ирактын Басра шаарында АКШнын консулдугу ракетадан, ал эми төрт күн мурда Багдадда америкалык элчилик жайгашкан Жашыл зона үч ирет миномёттон атылган соң чыкты. Билдирүүдө “Иран Иракта ал каражат, курал берип, машыктырган өнөктөштөрүнүн мындай кол салууларын алдын алуу үчүн эч чара көргөн жок. АКШ биздин кызматчылардын жаракат... Читать дальше...
Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Европа парламентин Будапештти “шантаж” кылып жатканы үчүн айыптады. Ал муну Европарламент Венгрияга каршы дисциплинардык чараларды кароого киришкен учурда айтты. “Азаттык” радиосунун кабарчысы билдиргендей, Европарламенттин жыйыны үчүн Венгрия жана бийликтеги “Фидес” партиясы боюнча даярдалган баяндамада өлкөдө медиага, улуттук азчылыктарга жана мыйзам үстөмдүгүнө каршы жасалган чабуулдардын “кеңири тизмеси” келтирилген. Баяндама авторлору мындай көрүнүштөрдү... Читать дальше...
Түркия диний аалым Фетхуллах Гүлендин кыймылы менен байланышы бар деген 130 кишинин тизмесин Кыргызстанга берген эмес. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев 12-сентябрда Бишкекте өткөн басма сөз жыйында билдирди: - Бул маселеТүркия президенти Режеп Тайып Эрдоган Кыргызстанга келгенден бери маалымат каражаттарында жазылып жатат. Мен расмий айта алам. Түрк тараптан Кыргызстанга эч кандай тизме берилген эмес. 130 кишинин тизмеси тууралуу маалымат ойдон чыгарылган деп ойлойм. Читать дальше...
Орусия президенти Владимир Путин 12-сентябрда Владивостокто, Чыгыш экономикалык форумда сөз сүйлөп жатып, Британия кылмышка шектүү деп эсептеген адамдар тууралуу пикирин айтты. “Биз, албетте, алар кандай адамдар экенин карап көрдүк жана алар кимдер экенин билебиз. Биз аларды таптык, алар жөнөкөй жарандар. Силерди ишендирип коёюн, ал жерде адаттан тыш жана криминалдык нерсе жок”,- деп ырастады Путин. Орус президенти кылмышка шектүүлөр окуя боюнча өз версиясын айтып бере аларын кошумчалады. Британиянын... Читать дальше...
Бишкек шаардык сотунда бүгүн, 12-сентябрда мурдагы мэр Албек Ибраимовдун ишине байланышкан жараян болгон жок. Ибраимовдун адвокаты Сергей Слесарев билдиргендей, ишти караган соттук коллегия жараянды жабык өткөрүү тууралуу чечим кабыл алган. Ага Ибраимовдун тарапкерлери нааразылык билдиришти. Териштирүүнү ачык өткөрүүнү талап кылышты. Соттук коллегия жараянды 17-сентябрга жылдырып, ал күнү саат 10.00гө белгиледи. Бишкектин Биринчи май райондук соту 27-августта Албек Ибраимовдун камактагы мөөнөтүн... Читать дальше...
Аксы районунун Кош-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Торук айылында Өзбекстан менен чектеш аймакта жайгашкан 26 үйдүн короо-жайынын бир бөлүгү сүрдүрүлүп жатат. Айыл тургуну Жаркынай Алимова “Азаттыкка” 11-сентябрда Чек ара кызматынын, райондук Мамлекеттик каттоо башкармалыгынын жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү келип айылдыктар менен жолугушканын билдирди. Жолугушууда чек ара тилкесин тактап зым тарткан учурда айрым үйлөрдүн короолорун да тосууга туура келип жатканы айтылган. - Бийлик бизди каршылыксыз... Читать дальше...
Ысык-Көл облусунда сегиз жаштагы кыз жыгылып кетип, колу сынып, көп өтпөй көз жумду.
Түркия президенти Режеп Тайып Эрдогандын жубайы Эмине Эрдогандын үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өткөн Ысык-Көлдүн Кырчын жайлоосунан кайткан жолдо тыгында калышынын чоо-жайы иликтенип жатат. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев бүгүн, 12-сентябрда Бишкектеги маалымат жыйында билдирди. Сагынбаев муну менен Эмине Эрдогандын жол тыгында калганы тууралуу маалыматтарды ырастады. Буга чейин бул окуя тууралуу расмий кабар берилбей жаткан. - Түркиянын биринчи канайымы жол тыгында кармалып калганы туура эмес болду. Читать дальше...
Кыргызстандын Аскер прокуратурасы Ысык-Көлдө кырсыкка кабылган тик учак боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Коопсуздук кеңештин катчысы Дамир Сагынбаев бүгүн, 12-сентябрда Бишкектеги маалымат жыйында билдирди. Сагынбаевдин айтымында, тик учактын эмне себептен өз багытында колдонулбаганы иликтенип жатат. Анын жыйынтыгында күнөөлүүлөр жоопко тартылат. Маалыматка караганда, бул окуя боюнча дайындалган экспертиза жакын арада даяр болот. 9-июлда Ысык-Көлдүн Түштүк Эңилчек мөнгүсү тарапта... Читать дальше...
Коопсуздук кеңештин катчысы Дамир Сагынбаев бүгүн, 12-сентябрда журналисттерге маалымат жыйын өткөрүп жатат. Сагынбаев анда келерки жылдын 1-январынан тартып укук коргоо органдарынын өкүлдөрү тарабынан жасалган кылмыштардын тизмеси түзүлөт деп билдирди: - Ким болбосун мамлекетке зыян келтирсе кылмыш жообуна тартылат. 2019-жылдын 1-январынан тартып укук коргоо органдары тарабынан жасалган кылмыштардын реестери иштей баштайт. Учурда бардык керектүү техникалык документтер даярдалып жатат. Коомчулук... Читать дальше...
Жерүй алтын кенин иштетүү укугун алган "Альянс Алтын" компаниясы завод курууну кечеңдетип жатканы үчүн 600 миң доллар айып төлөдү. Бирок ишкана бул жазана туура эмес тагылганын билдирип, Жер казынасын пайдалануу комитетинин үстүнөн сотко кайрылды. Компания заводду куруу мөөнөтү аяктай электигин айтса, комитет анын кечеңдеп жатышы жобого туура келбейт деп жүйө келтирүүдө.
Жогорку Кеңештеги "Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаты Рада Туманбаева Москвада кыргызстандыктар катышкан окуяга байланыштуу ал жактагы дипломатиялык кеңселердин күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өтүүсүн сунуштады. Мындай пикирин ал парламенттин 12-сентябрдагы жыйынында айтты. 9-сентябрда Москвада теги кыргызстандык жигит башка мекендештерин машине менен тебелетип кетип, бир адамдын өмүрү кыйылган. Депутат бул окуядан кийин Орусиядагы башка кыргыз мигранттарына мамиле өзгөргөнүн, алар юридикалык кеп-кеңештерге муктаж экенин белгиледи. Читать дальше...
Биз төрөлө элек кезде, алтургай биздин ата-бабаларыбыз төрөлө элек кезде эле кыргыз Уят менен жашап келген.
Жогорку Кеңештин 12-сентябрындагы жыйынында "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Эмил Токтошев Кыргызстан менен Кытайдын дипломатиялык мамилеси начарлап кеткенин айтып, буга Тышкы иштер министрлигинин чабал иши негиз болуп жатканын билдирди. Депутат мындай пикирин Кытай кыргызстандык жарандарга виза берүүнү татаалдаштырып жибергенин, эки жылдан бери бул жагдай элди кыйнап келатканы менен негиздеди. Кырдаалды калыбына келтирүүгө аракет көрбөй жатат деп тышкы иштер министрин күнөөлөдү. Жыйынга катышып... Читать дальше...
Бириккен Улуттар Уюмунун соңку баяндамасында дүйнөдө 821 миллион киши, башкача айтканда планетадагы ар бир тогузунчу киши курсагы тоё тамак жебегени жазылган.
Кыргызстанда "Демилге" аттуу жаштардын бирикмеси түзүлдү. Ага түрдүү тармактарда иштеген улан-кыздар мүчө болуп жатканын аталган уюмдан кабарлашты. Алар аймактарды кыдырып, социалдык маселелерди чечүүчү долбоорлорду ишке ашырып, өкмөткө сунуш берүүнү көздөп атышат. Алгачкы жолугушуу 23-сентябрда Москвадагы кыргызстандык мигранттар менен болот. Аны негиздөөчүлөрдүн бири - Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев: -Мага сунуш кылышты. Чогуу иштейбиз. Арабызда Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары бар. Читать дальше...
Коомдук-саясий “Майдан KG” гезитинин жетекчилиги Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) аталган басылманын үстүнөн жазган даттануусун негизсиз деп атады. Башкы редактор Нургазы Анаркулов “Азаттык” радиосуна билдиргендей, алар гезиттин аброюн коргоо үчүн күрөшүүгө даяр. Быйыл августтун этегинде партиянын өкүлү Кундуз Жолдубаева басылма экс-президент, партия лидери Алмазбек Атамбаевге көө жапкан макала жарыялаганын айтып, Жалпыга маалымдоо каражаттарынын үстүнөн түшкөн арыздарды караган комиссияга кайрылган. Читать дальше...
Бишкектеги Фучик эс алуу багында "Purify Bishkek" аттуу скульптуралык композиция орнотулат. Кыргызча мааниси "Бишкекти тазалоо" дегенди түшүндүрөт. Аны жаштарды өнүктүрүү институту "Жаш лидерлер мектеби" долбоорунун алкагында уюштурууда. 12-сентябрда орнотулчу арт-объект мурда колдонулган заттардан жасалган. Аталган институттан кабарлашкандай, долбоор катышуучулары шаарды көркүнө чыгаруу максатында бир канча арт-объектилерди орнотушкан. Бирок адамдар аяр мамиле жасабагандыктан, жараксыз абалга келүүдө. Читать дальше...
"Адилет" укуктук клиникасы тараткан кабарга ылайык, Башкы прокуратура "Вечерний Бишкек" басма үйүн жана "Рубикон" рекламалык фирмасын рейдердик басып алуу боюнча кылмыш ишин козгоду. Басма үйдүн мурдагы ээси Александр Кимдин арызынын негизинде козголгон иш Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (Кызмат абалынан кыянат пайдалануу) жана 166-беренеси (Алдамчылык) менен каралууда. Иликтөөнү Ички иштер министрлиги жүргүзөт. Андан тышкары компаниянын азыркы ээси Александр Рябушкиндин мүлкү камакка алынганы айтылууда. Читать дальше...
Тажикстанга барган кыргызстандыктардын бул өлкөдө каттоосуз жүрүү мөөнөтүн үч күндөн 60 күнгө узартуу маселеси каралууда. Бул эреже Тажикстандан Кыргызстанга келгендерге да тиешелүү болот. Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети маселени 11-сентябрда карап, мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды. Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, депутаттарга юстиция министринин милдетин аткаруучу Максатбек Есеналиев баяндама жасап, бул макулдашуу кыргыз-тажик жарандарына... Читать дальше...
12-сентябрда Өзбекстанга АКШ Мамлекеттик департаментинен делегация келет. Делегацияны Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысынын экономика жана бизнес маселелери боюнча жардамчысынын орун басары Брайан МакФитерс жетектейт. Визиттин алкагында алар Өзбекстандагы бир катар министрлер менен жолугушары кабарланган. Тараптар соода-экономикалык жана инвестициялык тармактарда кызматташуунун келечегин талкуулашат. Мындан тышкары АКШ Мамлекеттик департаментинин дин тутуу эркиндиги боюнча өкүлү Сэм Браунбэк 10-19-сентябрь аралыгында Өзбекстанда болот. Читать дальше...