Бишкектеги "Мадина" базарында чыккан өрт дээрлик өчүрүлдү (видео)
Бишкек шаарындагы "Мадина" базарындагы өрт чектөөгө алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Анда айтылгандай, өрттү өчүрүүгө жалпы алты өрт-куткаруучу бөлүм, ИИМдин кызматкерлери, Суу чарба башкармалыгынан төрт суу ташуучу автоунаа, Тез жардам кызматынан эки бригада жана РЭТ кызматкерлери тартылган. ӨКМге "Мадинада" өрт чыкканы тууралуу кабар 15-сентябрга караган түнү саат 22:53де келип түшкөн. Баштапкы маалыматтарга караганда жалын базардын Чүй көчөсү тарабындагы кездеме сактаган кампадан тутанган. Читать дальше...