Тажикстанда велотуристтерди өлтүргөн кишини өмүр бою соттоо суралды
Дүйшөмбү шаарында мамлекеттик айыптоочу жабык эшик артында өтүп жаткан соттук отурумда мына ушундай өтүнүч келтиргенин сотко катышкандардын бири “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна билдирди. “Азаттыктын” тажик кызматынын маалымат булагынын айтымында, 19-ноябрдагы отурумда айыпталуучулар акыркы сөздөрүн айтышты. Бул окуя боюнча 17 кишинин үстүнөн сот иши октябрда башталган. Өмүр бою түрмөгө кесүү суралган Хусеин Абдусамадов - кол салгандардын ичинен тирүү калган жалгыз адам. Калгандары кылмышты жашырганы үчүн айыпталып жатышат. Читать дальше...