Баткен районунун Тажикстандын Исфара району менен чектеш аймагындагы Кара-Бак базары кыргыз-тажик соода-сатыгынын башаты болуп келүүдө. Эл оозунда “достук базары” аталып калган соода жайы аптанын ар бейшемби күнү иштейт. Кошуна тажик алармандар айрыкча кыргыздын алма-өрүгүн жана мал-жандыгын алып кетишет.
Бул тууралуу парламенттик комитеттин жыйынында Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын өкүлдөрү билдиришти. Маалыматка ылайык, аталган органдын өкүлдөрү баш калаадагы мыйзамсыз курулуштарды текшерип чыгышкан. Анын жыйынтыгында 3500ден ашыгын мыйзамдаштырууга мүмкүнчүлүк бар экени аныкталган. Ал эми калган курулуштар магистралдык жолдордун, электр зымдарынын алдында жайгашкандыктан аларды курууга таптакыр уруксат берилбеши керек. Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары... Читать дальше...
“Кыргыз гидромет" агенттиги кабарлагандай, 20-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар түшөт. Жолдорго муз тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0...-5, күндүз 3...8, Талас жергесинде түнкүсүн -2...-7... Читать дальше...
"Ата Мекен" партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаевдин ишин кайра кароого олуттуу негиз түзүлгөнүн Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев айтып чыкты. Эл өкүлү депутаттык суроо-талап аркылуу “Кыргызаэронавигация” мамлекеттик ишканасынан алынган тик учактар тууралуу расмий маалымат келгенин маалымдады. Аны Акаев Интернетке жарыялап, “Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотоновдун үстүнөн арызданган орус жараны Леонид Маевскийдин көрсөтмөсүндө айтылган 2010-жылдын 13-майында Дүйшөнкул Чотонов Ошко учканы анык болду”,- деп жазды. Читать дальше...
Президент Сооронбай Жээнбеков 20-ноябрда Кыргызстандын мурдагы премьер-министрлери жана Жогорку Кеңештин экс-төрагалары менен жолугат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, жолугушууда президент алар менен өлкөдөгү саясий кырдаал боюнча пикир алмашат. Жолугушууга журналисттер катышпайт. Президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиеванын айтымында, жолугушууга учурда өлкөдөгү бардык мурдагы премьер-министрлер менен Жогорку Кеңештин экс-төрагалары чакырылды. Читать дальше...
Жапониянын баш калаасы Токио шаарында кыргыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгынын урматына концерт өттү. Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, маданий иш-чараны Кыргызстандын Жапониядагы элчилигинин демилгеси менен Түрк маданиятынын эл аралык уюму (ТҮРКСОЙ) уюштурду. Концертке уюмдун бир канча мамлекеттеринен өкүлдөр катышты. Концертте Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Азербайжан, Түркия мамлекеттеринин, ошондой эле Орусиянын Башкыртстан, Тыва... Читать дальше...
Орусиянын Мамлекеттик Думасынын экс-депутаты Леонид Маевскийдин Орусияда камалганы Кыргызстанда кызуу талкууга түштү.
Өзбекстандын Наманган облусунда "Hyundai" автоунаа заводунун курулушу башталды. Ал үчүн Торокоргон районунан жер бөлүнүп, 17-ноябрда пайдубалы куюлду. "Азаттыктын" өзбек кызматы жергиликтүү булактарга таянып кабарлагандай, ошол күнү "Hyundai" компаниясы менен облустук акимчиликтин ортосунда инвестициялык макулдашууга да кол коюлду. Завод Түштүк Кореянын "Hyundai Motor", "Evergreen Motors" жана "Posco-Daewoo corporation" компаниялары менен кызматташтыкта курулат. 2019-жылдын сентябрында аны ишке берүү пландалган. Читать дальше...
24-ноябрга белгиленген коомдук-саясий уюмдардын курултайына катышуу боюнча чакырууга президент Сооронбай Жээнбеков жана экс-президент Алмазбек Атамбаев жооп бере элек. Бул тууралуу курултайды уюштуруу комитетинин мүчөсү, жарандык активист Адил Турдукулов билдирди. Анын айтымында, саясатчыларга курултайга чакыруулар жөнөтүлдү. "Кыргызстан: кечээ, бүгүн, эртең" деп аталган курултай 24-ноябрга белгиленген. Аны өткөрүү боюнча бир катар саясатчылар жана коомдук активисттер демилге көтөрүшкөн. Курултайда өлкөдөгү саясий жана экономикалык абал... Читать дальше...
Ошто Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) 49 кызматкерине бардык шарты бар батирлер берилди. Ачкычтарды тапшыруу салтанаты 17-ноябрда Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаевдин катышуусуда өткөнүн мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Сагынбаев мамлекет бүт аймактарда күч тармагында иштегендердин турак жай маселесине өзгөчө көңүл бурарын белгиледи. Ушул тапта Каракол шаарында УКМК кызматкерлерине курулуп жаткан үй аяктап калды. Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек... Читать дальше...
Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмү боюнча прокуратуранын алты кызматкери сурак берүүдө. Бул тууралуу “Азаттыкка” облустук милиция кабарлады. Маалыматка ылайык, аталган кызматкерлер окуя болгон күнү Мамажакыпов менен бирге тоого аң уулаганы чыгышкан. Ошондой эле милиция облус прокурору окко учуп каза тапканын ырастады. Учурда экспертизалар дайындалып, тергөө уланууда. Каза тапкан Анарбай Мамажакыповдун сөөгү бүгүн кичи мекени Чоң-Алайда жерге берилет. Баткен облусунун прокурору... Читать дальше...
Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясы өлкөдөгү акыркы кырдаалды парламентте талкуулоону сунуш кылат. Бул тууралуу “Азаттыкка” фракциянын лидери Алмамбет Шыкмаматов билдирди. Анын айтымында, былтыркы президенттик шайлоого байланыштуу айрым материалдардын жарыяланышына, Өмүрбек Текебаевди түрмөгө кесүүдө негизги күбө болгон орус ишкери Леонид Маевскийдин кармалышына байланыштуу окуялар өлкөдө талкуу жаратты. - Мындан башка саясий туткундарга байланыштуу жана башка маселелер боюнча коомдо чыңалуу бар экени белгилүү. Читать дальше...
Орусиянын Саратов облусунда казакстандык жанан өзбекстандык жарандар бараткан автобус поезд менен кагылышты.
Сирия менен Иракта "Ислам мамлекети" террордук тобунун катарына кошулган 1899 тажикстандык катталды. Бул тууралуу Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин жетекчисинин орун басары Мансуржан Умаров өткөн жумада парламентте билдиргенин "Азаттыктын" тажик кызматы кабарлады. Анын алдында өкмөт "Ислам мамлекети" тобуна 1100 тажикстандык кошулуп кеткенин маалымдаган эле. Умаровдун айтымында, жоочуларга кошулган кишилер согуш тутанган аймактарга Түркиядан барышкан. Түркияга Москва, Бишкек, Дубай жана Баку шаарлары аркылуу кетишкен. Читать дальше...
«Биз АКШнын БУУнун макулдугусуз бир тараптуу Иранга каршы киргизген санкцияларын расмий тааныбайбыз», - деп билдирди Орусиянын энергетика министри Александр Новак.
2017-жылы президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбековдун штабынын каржы иштери боюнча өкүлү болгон Надира Сатыгул кызы өлкөдөн чыгып кетти. Бул тууралуу “Апрель” каналындагы маегинде экс-президент Алмазбек Атамбаев билдирди. Өлкөдөн чыгып кеткен Надира Сатыгул кызы экенин жана ал коопсуздугунан чочулганы үчүн ушундай кадамга барганын Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) өкүлдөрү да “Азаттыкка” ырасташты. Надира Сатыгул кызы качан жана кайсы өлкөгө чыгып кеткенин КСДП тактаган жок. ... Читать дальше...
Экс-президент Алмазбек Атамбаев "азыркы бийлик Бакиевдин жолуна түштү" деп эсептейт.
Улуттук банктын жетекчилигине жеңилдетилген шартта турак жай ссудасын берүү жана алардын айрымдарын кечүүгө байланыштуу жаңжал ырбады.
Кара-Балта шаарындагы үйлөрдүн бириндеги атышууда жабыркаган милиционер дагы, кылмышка шектелген адам дагы ооруканада жатат. Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Назира Имангазиева билдиргендей, окуя 18-ноябрда таңкы саат алтыларда болгон. Криминалдык милиция менен атайын даярдыктагы милиция кызматкерлери издөөдөгү кылмышкерди кармоо үчүн барган кезде ал каршылык көрсөтүп, ок аткан. Натыйжада "Шумкар" деп аталган атайын бөлүктүн кызматкери жараат алган. Кармоо учурунда шектүү да жараланып... Читать дальше...
Үч-Коргон ГЭСинде №2 гидроагрегат иштен чыкты. Бул тууралуу “Электрстанциялар” ишканасынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, 45 МВт кубаттуулуктагы электр жарыгын берген тетик оңдолуп жатат. Энергетиктер тетикти ондоого керектүү каражаттар бар экенин белгилеп, бул авария электр колдонуучуларга ыңгайсыздык жаратпайт деп билдирүүдө. “Электрстанциялар” ишканасынын маалыматы боюнча, учурда 250 МВт электр энергиясы резерв катары өндүрүлүп жатат. Нарын дарыясына курулган Үч-Коргон ГЭСи 1961-жылы курулган. Читать дальше...
Ош, 19-ноябрь, 2018-жыл. /ca-irnews.com/. Баткен облусунун Лейлек районундагы Жаңы-Жер айылдык кеңешинин төрагасы Кубаныч Баянов ооруканада каза болду.
Быйыл жаздан бери маалымат каражаттарына маек бербей келаткан экс-президент Алмазбек Атамбаев 18-ноябрда "Апрель ТВ" каналына маек куруп, Сооронбай Жээнбековдун шайлоо фондуна байланыштуу укук коргоочу Нурбек Токтакунов жарыялаган документ тууралуу комментарий берди. Анда Атамбаев журналисттин “бул маалымат эмнеге бүгүн жарыяланды”? деген суроосуна мындай жооп берди: - Эмнеге азыр жарыяланып кеткени белгилүү. Икрам Илмияновду камашты. Муну бухгалтерия боюнча штабдын бухгалтери билчү. Ал акы төлөнбөгөн эмгек өргүүсүн алып... Читать дальше...
Москванын жашоочусу Варя Борцова кыргызстандык таксист аны сегиз саат күтүп, капчыгын кайтарганы үчүн ыраазычылык билдирди. Варя Борцова "Фейсбуктагы" баракчасына таңкы беште аэропорттон кайтып келгенин, аны үйүнө кыргызстандык таксист жеткиргенин жазды. Ал документ, акча жана кредиттик карталары салынган капчыгын таксиде унутуп калганын уктап тургандан кийин гана билген: – Мен кредиттик карталарымды блоктоп, документтеримди калыбына келтирүү керектигин ойлонуп жатсам, атам терезени карап: “Сыртта... Читать дальше...
Пентагон 18-ноябрда АКШ жетектеген эл аралык коалициянын абадан соккусу Дэйр-эз-Зор провинциясында карапайым тургундардын өлүмүнө алып келди деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу АКШ куралдуу күчтөрүнүн борбордук командачылыгынын сайтында айтылат. Маалыматтарга караганда, “Ислам мамлекети” террордук тобунун позицияларына жыйырмадай жолу чабуул жасалган, карапайым кишилер арасында курмандыктар болгон эмес. Операция 16-17-ноябрда жүргүзүлгөн. Күн мурун Сириянын өкмөттүк SANA агенттиги коалициянын... Читать дальше...