Тажик президенти Эмомали Рахмондун кызы Рухшона Эмомали Тажикстандын Улуу Британиядагы элчиси болуп дайындалды. Рахмондун өз кызын жаңы кызматка дайындаганы тууралуу жарлыгы 15-декабрда жарыяланды. Рухшона Эмомали 2016-жылы Тажикстандын Британиядагы элчилигинде иштеген. 2017-жылдан бери Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык уюмдар боюнча башкармалыгынын жетекчисинин орун басары болуп иштеп келген. Ал 2017-жылы "Дипломатиялык кызматтын негиздери" аттуу китебинин бет ачарын өткөргөн. Читать дальше...
Президент Садыр Жапаров 15-декабрда Тарых музейинде Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдык мааракесин жыйынтыктоо иш-чарасын өткөрдү. Ага экс-президенттер Роза Отунбаева жана Сооронбай Жээнбеков баш болгон мурунку жана азыркы жогорку кызмат адамдары катышты. Иш-чарада Жапаров өлкөдөгү саясий окуяларга токтолуп, жакынкы беш жыл аралыгында мамлекеттик саясат Кыргызстанды куруу, жарандардын ишенимин, биримдигин артыруу, элдин жашоо-шартын жакшыртуу, укуктарынын корголушун камсыздоого багытталарын билдирди. Читать дальше...
Борбордук шайлоо комиссиясы партиялык тизмедеги 30 пайыздык гендердик квота боюнча жобосун шашылыш өзгөрттү. Кыргызстанда жеке менчик жеңил машинеси менен киши ташыган таксисттер мындан ары лицензия алууга милдеттендирилмекчи. Тажикстан быйыл электр кубатын коңшуларга сатуудан башка жылдарга салыштырганда көп акча тапты.
Батыш менен мамилеси солгундап кеткен Орусиянын жана Кытайдын лидерлери 15-декабрда видео байланыш аркылуу сүйлөшүү өткөрдү. Кремл билдиргендей, бул сүйлөшүүдө орус президенти Владимир Путин "эки өлкөнүн ортосунда кызматташтыктын жаңы модели түзүлгөнүн" Си Цзиньпинге айткан. "Мен мындай алаканы 21-кылымдагы мамлекеттердин ортосундагы кызматташтыктын чыныгы үлгүсү деп эсептейм", - деп билдирген Путин. Кытай медиасы маалымдагандай, Си Цзиньпин "кайсы бир сырткы күчтөр" Бээжин менен Москванын ички ишине кийлигишип жатканын Путинге айткан. Читать дальше...
Чүйдүн Жайыл райондук ички иштер бөлүмү аймактагы мечиттердин имамдарына диний экстремизмдин алдын алуу жана бөгөт коюу максатында жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Чүй облусттук ичик иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымдады. Жыйында имамдарга жарандардын, өзгөчө жаштардын арасында радикал идеялардын жайылышына жол бербөө чаралары түшүндүрүлдү. Ноябрь айында Ички иштер министрлиги ушул тапта “Хизб ут-Тахрир”(Кыргызстанда тыюу салынган) диний экстремисттик уюмунун мүчөлөрү көп экенин кабарлаган. Читать дальше...
"Альянс" партиясы Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) 30% гендердик квотаны сактоо боюнча жобону өзгөртүүсү боюнча сотко кайрылат. Бул тууралуу “Азаттыкка” партиянын тең төрагасы Мирлан Жээнчороев билдирип, БШКнын шайлоо бүткөндөн кийин жобону өзгөртүүсү шек жаратып жатат деген оюн айтты. “Партиянын юристтери өзүбүздү жүйөлөрдү келтиребиз деп кеңешип жатабыз. Экинчиден, буга чейин бир жолу өтпөй калган документтин шайлоодон кийинки кайра өзгөртүлүшү шайлоонун жыйынтыгына шек жаратат. Мыйзамдуу өлкөдө сот менен чечебиз деп ишенем”... Читать дальше...
Баткен облусунун борборунда жаңы жылдык балаты жасалгаланбайт жана маданий иш-чаралар да өткөрүлбөйт. Бул тууралуу “Азаттыкка” Баткен мэриясынын маданият бөлүмүнүн башчысы Равшанбек Бадалов билдирди. Анын айтымында, шаардын бюджетин үнөмдөө максатында жетекчилик ушундай чечим кабыл алды. "Үнөмдөлгөн чыгымга социалдык жактан колдоого муктаждар үчүн жардам берилет. Социалдык жактан колдоого муктаж катмардагы балдарга жана окуусунан өзгөчөлөнгөн окуучулар үчүн гана шаар мэринин балатысы өткөрүлөт", -деди Равшанбек Бадалов. Читать дальше...
Германиянын соту мурдагы чечен командири Зелимхан Хангошвилинин (Торнике Кавтарашвили) Берлинде атып өлтүрүлүшү боюнча Орусиянын тыңчысы делген Вадим Красиковду (Вадим Соколов) өмүр бою абакка кести. Кезинде чечен жикчилдеринин командири болуп, кийин Грузиянын коопсуздук органдары менен кызматташууга өткөн 40 жаштагы Зелимхан Хангошвилини 2019-жылдын 23-августунда немис баш калаасында атып кетишкен. Кылмышка шектүү катары Вадим Соколов аттуу адамдын паспортун алып жүргөн орус жараны кармалган. Читать дальше...
Ош облустук ички иштер башкармалыгы (Ош ОИИБ) эки күн мурун Кара-Суу шаарында болгон карактоодо 114 миңден ашуун АКШ доллары жоголгонун, учурда милиция издеп жатканын билдирди. Ош ОИИБнын басма сөз катчысы Жеңишбек Аширбаевдин маалыматында, жоголгон акча Кытай жаранына таандык болгон. "Акчаны Ош шаарынын тургуну башка кишиге жеткирип берүү үчүн алып бара жаткан. Бирөөгө бере турган 109 миң АКШ доллары, андан сырткары өзүнө таандык 5 миң АКШ долларын каракчылар тоноп кеткени белгилүү болгон. Бирок... Читать дальше...
Франциянын Страсбург шаарында Европарламенттин Андрей Сахаров атындагы "Ой жүгүртүү эркиндиги" үчүн сыйлыгын тапшыруу аземи өттү. Быйылкы сыйлык абакта жаткан орусиялык оппозиционер Алексей Навальныйдын атынан анын кызы Дарья Навальнаяга тапшырылды. 20 жаштагы Навальная бул сыйлыкты атасынын ишмердигин жана эмгегин баалоо аракети катары мүнөздөп, анын үзөңгүлөштөрү азыр ишти улантып жатканын айтты. 20-октябрда Европарламенттин депутаттары Андрей Сахаров атындагы быйылкы сыйлыкты Навальныйга ыйгарууну чечкен. Читать дальше...
Борбордук шайлоо комиссиясы 28-ноябрдагы парламенттик шайлоодо партиялык тизме менен шайланып келген талапкерлер арасында 30% гендердик квота кандай сакталары тууралуу жобосун өзгөрттү. Ага ылайык, "Альянс" партиясынан депутаттыкка талапкер Жанар Акаевдин ордуна Токтобүбү Оргалча мандат алып калышы ыктымал. Мындай маалыматты БШКнын мүчөсү Искендер Гаипкулов билдирди. Анын айтымында, бүгүн, 15-декабрда кабыл алган жобого ылайык, үч мандат алган партиядан - 1, жети мандат алган партиядан - 3 аял депутат келет. Читать дальше...
Украинанын президенти Владимир Зеленский 15-декабрда Брюсселде Франциянын президенти Эммануэл Макрон жана Германиянын жаңы канцлери Олаф Шольц менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Мындай жолугушуу Батыш өлкөлөрү орус күчтөрүнүн Украинанын чек арасына жакын аймакта топтолуп турганына тынчсызданып турган учурда уюштурулууда. Немис өкмөтүндөгү булактар билдиришкендей, Брюсселдеги жолугушууда Украинанын чыгышындагы урушту токтотууну көздөгөн Минск келишимин аткаруу маселесине өзгөчө көңүл бурулат. Германиянын... Читать дальше...
Расмий Ташкент Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлеринин 40% иштен алынганын кабарлады. Буга "алардын иште натыйжалуу жыйынтык көрсөтө албаганы" себеп болгон. Шейшембиде Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлигинин кезексиз жыйыны өтүп, анда министрликтин кызматкерлеринин 40 пайызы жумуштан алынганы жана аларга төмөнкү деңгээлдеги медициналык мекемелерден жумуш сунушталганы кабарланды. "Акыркы убакта Саламаттык сактоо министрлигине элибиздин медицина тармагына нааразычылыгы боюнча көптөгөн кайрылуулар түшүп жатат. Читать дальше...
Борбордук шайлоо комиссиясы 28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоонун бирдиктүү округ боюнча жыйынтыгын чыгарды. Бул тууралуу БШКнын расмий сайтында кабарланды. Ага ылайык, 5% босого чектен алты партия өткөн. Алар: "Ата-Журт Кыргызстан" - 222 005 добуш же 17.32%, "Ишеним" - 174 470 добуш же 13.61%, "Ынтымак" - 141 009 добуш же 11.00%, "Альянс" - 106 955 добуш же 8.35%, "Бүтүн Кыргызстан" - 90 223 добуш же 7.04%, "Ыйман Нуру" - 79 025 добуш же 6.17% алды деп таанылды. БШК чыгарган расмий жыйынтыкка ылайык "Ата-Журт Кыргызстан" ... Читать дальше...
Азербайжандын баш калаасы Бакуда полиция абакта ачкачылык кармап жаткан оппозициячыл саясатчы Салех Рустамлини бошотууну талап кылган митингчилерди күч менен таратты. "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун кабарчылары жеринен кабарлагандай, 15-декабрдагы акцияда кеминде 20 демонстрант кармалды. Алардын арасында оппозициядагы "Мусават" партиясынын көрүнүктүү өкүлү Тофик Якублу да бар. Якублу баштаган ондогон митингчилер 1-декабрда Бакуда өткөн буга окшош акцияда да камакка алынып, кийинчерээк алардын бир бөлүгү кайра бошотулган. Читать дальше...
Кыргызстанда айрым министрлик, мамлекеттик мекеме-органдардын расмий сайттары иштебей турат. Иштегендердин арасында маалыматтар айлап-жылдап жаңыланбаган учурлар да кездешет. Коомчулукта соңку учурда мамлекеттин маалымат саясатына байланыштуу сын көбөйдү. Ушул жылдын октябрь айында президенттик администрациянын түзүмү өзгөргөн жана ага ылайык, мамлекеттин маалымат саясаты толугу менен анын карамагына өткөн. Ушул учурда беш министрлик, үч агенттиктин тактап айтканда, Коргоо министрлигинин... Читать дальше...
Кыргызстанда айрым министрлик, мамлекеттик мекеме-органдардын расмий сайттары иштебей турат. Иштегендердин арасында маалыматтар айлап-жылдап жаңыланбаган учурлар да кездешет. Коомчулукта соңку учурда мамлекеттин маалымат саясатына байланыштуу сын көбөйдү. Ушул жылдын октябрь айында президенттик администрациянын түзүмү өзгөргөн жана ага ылайык, мамлекеттин маалымат саясаты толугу менен анын карамагына өткөн. Ушул учурда беш министрлик, үч агенттиктин тактап айтканда, Коргоо министрлигинин... Читать дальше...
Жогорку Кеңештин депутаты, "Альянс" партиясынан депутаттыкка талапкер Абдывахап Нурбаев Борбордук шайлоо комиссиясынын депутаттыкка шайланган талапкерлер арасында 30% гендердик квотаны сактоо боюнча жобону өзгөртүүсүн сынга алды. "Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоого чейин канча мандат алса канча аял келет деп жобо кабыл алган. Ал жободо партия жети мандат алса эки аял депутат болот деп жазылган. Шайлдабекова эки-үч күндөн бери өзү баш болуп, БШКнын ар бир мүчөсүн көндүрүп катуу иштеп жаткан. Бул Шайлдабекованын жеке кызыкчылыгы... Читать дальше...
Азыркы кыйынчылыктарга наалып, жетимиш жылдан ашуун өкүм сүргөн союз доорун жерге-сууга тийгизбей алкай берүү адилеттик эмес. Албетте, ал доордун деле чириген жерлери, ийне сайсаӊ вулкандай атылып чыга турган ириңдери, көӊүлүӊдү чөктүргөн толгон-токой адилетсиз жактары бар эле. Бирок, кандай болгон күндө да ал заман башаламан эмес болчу. Элдин карым-катышы, алакалары азыркыдай даражада алыстап кетпеген. Төмөндө ошол союз доорунда Тажикстан менен Кыргызстандын ортосундагы байланыштары, тажикстандык... Читать дальше...
Борбордук шайлоо комиссиясы саясий партиялардын өкүлдөрүнөн, көз карандысыз IT адистеринен, БШКмүчөлөрүнөн жана адистеринен түзүлгөн жумушчу топ Боршайкомдун сайтынын үзгүлтүккө учурашы техникалык ката болгонун ырастаганын билдирди. БШК тараткан маалыматта тогуз партиянын, бир коомдук фонддун жана IT- адистеринин ассоциациясы аталган. "Ата Мекен" жана Социал-демократтар партиясынын өкүлдөрү кол койгон эмес. Жумушчу топтун корутундусуна Программалык камсыздоо жана кызмат көрсөтүү боюнча ассоциация төрагасы... Читать дальше...
Жалал-Абад облусунун Ноокен райондук электр тармактар (РЭС) ишканасынын эки кызматкери 9,6 млн. сомго жакын акчаны мыйзамсыз кымырып алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы 15-декабрда кабарлады. Маалыматка караганда, ишкананын кассири жана эсеп-кысап боюнча инженери өз ара сүйлөшүп алып, жеке чарбалардан электр энергиясы үчүн алынган төлөмдөрдү «РСК Банкка» төгүлгөн деп туура эмес маалыматтарды көрсөтүп турушкан. Банктан накталай төлөм үчүн берилген... Читать дальше...
Борбордук шайлоо комиссиясы 28-ноябрдагы парламенттик шайлоодо партиялык тизме менен шайланып келген талапкерлер арасында 30% гендердик квота кандай сакталары тууралуу жобосун өзгөрттү. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Искендер Гаипкулов билдирди. Бүгүн, 15-декабрда кабыл алган жобого ылайык, үч мандат алган партиядан - 1, жети мандат алган партиядан - 3 аял депутат келет. Буга чейинки жобого ылайык, жети мандат алган партиядан эки аял депутат келмек. Маалыматка ылайык, бул өзгөртүү баштапкы жыйынтык... Читать дальше...
Быйыл Тажикстан электр энергиясын коңшу өлкөлөргө экспорттоодон жылдагыдан көбүрөөк киреше тапты. “Озоди” радиосу расмий статистикага таянып жазгандай, тажик өкмөтү жыл башынан берки 11 айдын ичинде 93,5 миллион доллардык электр энергиясын экспорттоду. Бул былтыркы көрсөткүчтөн 40,5 миллион долларга көп. Тажик бийлиги электр энергиясы Ооганстан менен Өзбекстанга берилгенин билдиргени менен кайсы мамлекетке канча көлөмдө экспорт жасалганын тактаган жок. Расмий маалыматка ылайык, 11 айдын ичинде... Читать дальше...
Орусиянын Тергөө комитети Кемеров облусундагы Листвяжная шахтасындагы кенчилердин өлүмүнө байланыштуу кенди иштеткен компаниянын бир катар жетекчилери кармалганын билдирди. Алардын арасында шахтанын негизги кожоюну, "СДС-Уголь" холдингинин жетекчиси Михаил Федяев, холдингдин башкы жана техникалык директорлору Геннадий Алексеев менен Антон Якутов, башкы инженер Анатолий Лобанов бар. Аларга "өндүрүш коопсуздугунун талаптарын бузган", "ыйгарым укуктарынан кыянат пайдаланган" деген айып тагылды. Читать дальше...