Мы в Telegram
Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer


Декабрь
2021

Новости за 26.12.2021

Azattyk.org 

Мадумаров "Ысык-Көл" мейманканасына байланыштуу пикирин билдирди

Саясатчы, "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров Бишкектеги "Ысык-Көл" мейманканасынын бузулуп жатканына байланыштуу видеокайрылуу жасады. Ал мейманкананын бузулушу ага караштуу жерге жана кытай инвесторлору катышкан долбоорго байланыштуу болушу ыктымалдыгын айткан. "Кеп "Ысык-Көл" конок үйүнө караштуу болгон жер жөнүндө. Ал жерде чоң жер бар. Демилге кайдан чыкканы да бир аз белгилүү. Себеби, кезинде 2008-2009-жылдары кытай инвесторлору менен ошол жерге имарат курабыз деген долбоор бар болчу. Читать дальше...

Azattyk.org 

Көмүрдүн баасы 8% арзандады

Кыргызстанда 24-декабрда көмүрдүн орточо баасы 5 миң 211 сомду түзүп, ноябрь айына салыштырмалуу 8,2% арзандады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети кабарлады. Маалыматка караганда, статистика чыгарууда баанын Исфана (бир тонна үчүн 2 270,8), Баткен (бир тонна үчүн 2 120,1 сом), Ноокат (бир тонна үчүн 1 654,1 сом) жана Талас (бир тонна үчүн 1 620,3 сом) шаарларында төмөндөшү эске алынды. Муну менен бирге минималдуу чекене баалар Чаек айылында (бир тонна үчүн 3 000 сом), Балыкчы шаарында (бир тонна үчүн 4 000 сом)... Читать дальше...

Azattyk.org 

Орусиядан өрт өчүрүүчү машинелердин биринчи партиясы келди

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Орусиядан жаңы өрт өчүрүүчү автоунаалардын биринчи партиясы келди. Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, 2022-жылдын февраль айына чейин дагы 58 автоунаа келет. Орусиядагы заводдон чыгарылган атайын техниканы алууга Дүйнөлүк банк көмөктөшкөн.   Быйыл жайында өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев эл аралык донорлор аркылуу Кыргызстанга 80ден ашык өрт өчүрүүчү техника, эки тик учак жана кошумча жабдыктар гранттык негизде келерин билдирген. Читать дальше...

Azattyk.org 

Талибдер аялдарга эркектин коштоосуз жолго чыгууга тыюу салды

"Талибан" кыймылы (Кыргызстанда тыюу салынган) түзгөн ооган өкмөтү такси айдоочуларына эркектердин коштоосу жок узак сапарга чыгам деген аялдарды автоунаага отургузууга тыюу салды. Жаңы сунуштамага ылайык, хижаб тагынбаган аялдар да транспорттун бардык түрлөрүнө отура алышпайт. Талиб өкмөтүнүн Ыйманды алга сүрөө жана адеп-ахлаксыздыктын алдын алуу боюнча министрлиги дал ушундай сунуштама чыгарганын 26-декабрда мекеменин басма сөз катчысы Мухаммад Садик Акиф ырастады. Кабулдук атын атагысы келбеген... Читать дальше...

Azattyk.org 

Ливиянын жээгинде 27 мигранттын сөөгү табылды

Кызыл жарым ай уюму Ливиянын батышында Жер ортолук деңизи аркылуу Европага жетүүнү көздөгөн 27 мигранттын сөөгү табылганын билдирди. Уюмдун жергиликтүү кеңсеси 26-декабрда тараткан маалыматына ылайык, толкун жээкке чыгарып койгон сөөктөр ишембинин кечинде Хомс шаарынын тушундагы эки башка тилкеден табылган. Үч мигрант аман-эсен куткарылган. Уюм жарыялаган сүрөттөрдөн мигранттардын сөөктөрү деңиз жээгинде тизилип турганын, атайын кызматкерлер аларды баштыкка салып жатканын көрүүгө болот. Алар Ливиянын... Читать дальше...

Azattyk.org 

Путин Батыш Москванын талаптарын аткарбаса, кандай кадам таштарын айтты

Орусиянын президенти Владимир Путин эгер Батыш Москванын коопсуздукка байланыштуу кепилдик берүү талабын аткарбаса, аскердик эксперттердин ар кыл сунуштарын караштырып көрө турганын айтты. Анын мындай комментарийин Орусиянын мамлекеттик телеканалдары 26-декабрда жарыялашты. Путин журналисттин: "Сиз эгер алар бизди укпаса, аскердик-техникалык жооп кайтарыла турганын кыйыттыңыз. Ал кандай болушу мүмкүн?", - деген суроосуна жооп берген. "Ал [жооп] ар кандай болушу мүмкүн. Ал биздин аскердик эксперттердин... Читать дальше...

Azattyk.org 

Казакстан Ооганстанга ун экспорттоону улантат

25-декабрда Казакстандын соода жана интеграция министри Бахыт Султанов жетектеген делегация Кабулда "Талибан" кыймылы (Кыргызстанда тыюу салынган) түзгөн ооган өкмөтүнүн өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Казак тараптын расмий маалыматына ылайык, бул жолугушууда министр Султанов Казакстан Ооганстан менен соода жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүүгө кызыкдар экенин айтты. Ошондой эле казак делегациясы ооган жергесине ун жана дан азыктарын экспорттоону улантарын жана Ооганстандан жер-жемиштерди сатып алууга даяр экенин билдирди. Читать дальше...

Azattyk.org 

Бишкек ЖЭБинде суу түтүгү жарылып, оңдоо иштери жүрүп жатат

Бишкек Жылуулук электр сатанциясында (ЖЭБ) суу түтүгү жарылып, оңдоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу "Электр станциялары" ишканасынын басма сөз катчысы Тагжана Айдаралиева "Азаттык" радиосуна билдирди. Маалыматка караганда, 25-декабрда саат 22.30 да Бишкек ЖЭБинин жээктеги насостук станциясында суу түтүгү жарылган. Ыкчам аракеттердин жыйынтыгында ал 26-декабрда чектелип, учурда аны жоюу иштери жүрүп жатат. "Электр жана жылуулук жүктөмү өз нормасында. Бишкек ЖЭБиндеги иштин штаттык режими сутканын ичинде калыбына келтирилет"... Читать дальше...

Azattyk.org 

"Майрам Акаева өз фондуна акча сураган"

"Бийлик сырлары" берүүбүздө Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Тойгонбек Калматов Компартиянын идеясы, мурдагы президенттер Акаев, Бакиев, Атамбаев, саясатчы Бекмамат Осмонов тууралуу көз карашы жана башка суроолорго жооп берди. - Тойгонбек Зикирович, Бекмамат Осмонов Жалал-Абад облустук кеңешинин төрагасы болуп турган мезгилде президент Аскар Акаев аны кызматтан алуу боюнча аракеттерди көргөнү белгилүү. Ал учурда сиз да Жалал-Абадда иштейт элеңиз. Сиз жана башка адамдар ал инсанды кызматтан алуусун колдоп турдуңуздар. Читать дальше...

Azattyk.org 

Калматов: "Элдик парламент" уюмуна киргениме өкүнбөйм

"Бийлик сырлары" берүүбүздүн бул жолку коногу Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Тойгонбек Калматов болду. Ал маегинде Компартиянын идеясына кандай берилгени, ага кызмат кылганы, аны талкалоого катышкандар, саясатчылар Акаев, Бакиев, Атамбаев, Осмонов тууралуу көз карашы, "бийликти кулатууга катышты" деп күнөөлөнгөнү сыяктуу суроолорго жооп берет.

Azattyk.org 

Орус аскерлери Украина менен чек арадан кетип жатканы кабарланды

Орусиянын коргоо министрлиги Украина менен чектеш аймактагы аскерлерин алып кетип жатканын маалымдады. Анда Түштүк аскер округундагы аскерлердин бир айлык машыгуусу аягына чыкканы айтылат. Маалыматка ылайык, 10 миңден ашуун жоокерлер мурдагы бөлүктөрүнө кайтат. "Согуштук даярдык боюнча машыгуулар Астрахан, Волгоград жана Ростов облустарында, Ставропол жана Кубанда, Түндүк Кавказда жана Крымда, ошондой эле Абхазия, Армения жана Түштүк Осетияда өттү", - деп жазылган министрликтин сайтында. 25-декабрда... Читать дальше...

Azattyk.org 

HRW: Орус бийлиги сөз эркиндигине болгон кысымды күчөттү

Хьюман Райтс Вотч уюму орус бийлиги акыркы жылы "сөз эркиндигин басынтуу аракетин эки эсе күчөттү" деп билдирди. "Интернетти кескин кысуу өткөн жылы бийликтин көп жылдан берки орусиялыктардын дүйнөлүк желедеги укугун жана эркиндигин тыюу аракетинин жеткен чеги болду",- деп билдирди уюмдун Европа жана Борбор Азия боюнча өкүлү Анастасия Круоп. Анын сөзүнө караганда, орус өкмөтү "өзүнүн технологиялык мүмкүнчүлүгүн Орусиядагы санарип укукту мыйзамсыз, жабык жана сотсуз түрдө чектөөгө" аракеттенүүдө. Читать дальше...

Azattyk.org 

Аба ырайы: Көпчүлүк аймактарда кар жаайт

27-декабрда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт. Күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар түшөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан сооккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6, күндүз 0…-5; Талас өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7... Читать дальше...

Azattyk.org 

Нобел сыйлыгынын лауреаты Десмонд Туту дүйнөдөн кайтты

1984-жылы Нобел сыйлыгын алган, Англикан чиркөөсүнүн архиепискобу Десмонд Туту 91 жашында Кейптаундагы ооруканада дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу  Түштүк Африка республикасынын (ТАР) президенти Сирил Рамафосанын расмий сайтында жазылды. "Архиепископ Тутунун дүйнөдөн кайтканы -  эркин Түштүк Африканы мурас калтырган дагы бир улуу мекендешибиз менен кош айтышканыбыз", - деп айтылат анда. Туту – 1940-1994-жылга чейинки аралыкта ТАРды башкарган "актардын" режимине каршы күрөшкөн. Апартеид кулаган соң... Читать дальше...

Azattyk.org 

Жапаров салыкты жашырууну мамлекеттик чыккынчылыкка салыштырды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров салыкты жашыруу күч алганын билдирди. Ал 25-декабрда өкмөттүн жылдык ишинин жыйынтыгына арналган иш-чарада товар өндүрүү көбөйгөнү менен, салыктар бир нече эсеге азайып кеткенин айтты: "Биз, өкмөт салыктын өлчөмүн көбөйткөн жокпуз. Кошумча салык да киргизген жокпуз. Жылдан жылга алкоголдук ичимдиктерди өндүрүү абдан кыскарып баратат. Бирок ошол эле учурда сатуу же керектөө азайган жок. Суроо-талап да өзгөргөн жок. Бирок ошого жараша салыктар да туура төлөнгөн жок. Читать дальше...

Azattyk.org 

"Пандемияда ишканалардын 10% жабылып калды" 

ЖИА бизнес-ассоциациясы мамлекеттин экономикалык реформалары толук кандуу жасалбай, ишкерлерге оорчулук келтирип жатканын билдирди. Мындан улам, өлкөнүн инвестициялык климаты начарлап, инвесторлорду чочутаары айтылууда. Уюмдун төрагасы Жоодар Омошев "Азаттыкка" маек курду. - Саламатсызбы, Жоодар мырза. Быйыл Кыргызстанда ишкердик үчүн түйшүктүү жыл болду деген маалыматтар көп айтылып атат. Ишкерлер тобокелдиктер, кооптонуулар көп болгонун айтышууда. Сиздин байкооңузда быйылкы жылды кыргызстандык ишкерлер кандай өткөрдү? Читать дальше...

Azattyk.org 

Кара-Кечеден көмүр сатуу убактылуу токтотулат

27-декабрдан 10-январга чейин Кара-Кече көмүр кенинен көмүр сатуу убактылуу токтотулат. Бул аралыкта кенде тазалоо иштери жана көмүрдүн жаңы катмарын ачуу иштери жүргүзүлө турганын "Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасы маалымдады. Маалыматка ылайык, Бишкек ЖЭБине көмүр ташуу үзгүлтүксүз улантылат. Быйыл сентябрь айынан татып Кара-Кече көмүр кенинен 0,5 млн. тонна көмүр казылып алынган. Кара-Кече кенинде тазалоо иштери жүрүп жатканына байланыштуу көмүр казуу 15-20-декабрь күндөрү да токтогон болчу. Читать дальше...

Azattyk.org 

2021: ири саясий өнөктүктөр, кымбатчылык коштогон жыл

Кыргызстан 2021-жылды Октябрь окуясынан кийинки жаңы бийликтин саясий реформасынын айланасындагы ар кандай өнөктүктөр менен өткөрдү. Президенттик шайлоо жана референдум менен башталган жыл парламенттик шайлоо менен жыйынтыкталды.  Бул саясий өнөктүктөрдө Садыр Жапаров президент болуп шайланып, президенттик башкаруу формасын киргизген жаңы Конституция кабыл алынды жана Жогорку Кеңешке жаңы система менен шайланган депутаттар келди. Жогорку Кеңештин мөөнөтү узартылган VI чакырылышы саясий реформаны ишке ашырууда негизги таяныч болду. Читать дальше...

Azattyk.org 

Бишкекте 221 мыйзамсыз турак жайга техпаспорт берилди

"Кадастр" мамлекеттик ишканасынын маалыматына караганда, 25-декабрга чейин 221 үйгө техникалык паспорт берилди. Бишкек шаарынын айланасындагы жаңы конуштардагы мыйзамсыз курулуштарга техникалык паспорт алуу үчүн 1047 арыз түшкөн. Анын ичинен сегиз арыз кабыл алынган эмес. Учурда 366 техпаспорт даяр. Жаңы конуштардагы мыйзамсыз турак жайларга техникалык паспорт берүү үчүн Бишкек мэриясынын алдында түзүлгөн атайын көчмө топ иштеп жатат. Алар өз алдынча курулган турак жайларга техникалык паспорт берүү үчүн маалыматтарды топтойт. Читать дальше...

Azattyk.org 

Чек ара: кыргызстандык чек арачылар күчөтүлгөн тартипке өттү

26-декабрь, саат 11.00 карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагында кырдаал туруктуу. Түн тынч өтүп, чыр-чатак катталган жок. Бул тууралуу УКМКга караштуу Чек ара кызматынын басма сөз бөлүмү билдирди. Маалыматка караганда, аймакта чек ара кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатышат. Чек арачылар кыргыз-тажик чек ара аймагындагы кырдаалды көзөмөлдөп турат. 25-декабрда саат 14.30дарда Лейлек районунун Сай аймагынын тушунда Тажикстандын чек арачылары өз бекетинин аймагына миномет жайгаштырган. Читать дальше...

Azattyk.org 

Коронавирустан дагы үч бейтап кайтыш болду 

26-декабрга карата Кыргызстанда коронавируска 38 адам чалдыкканы тастыкталды. Алардын басымдуу бөлүгү Бишкекте -23, Ош шаарында -1, Чүй облусунда -2, Ысык-Көл облусунда -2, Ош облусунда -2, Жалал-Абад облусунда -2, Баткен облусунда -1. Таласта вирус жуктургандар катталган жок. Былтыр марттан бери Кыргызстанда жалпы 184 477 адам коронавирус жуктурган. Акыркы суткада илдеттен 3 адам каза тапты. Коронавируска каршы ыкчам штаб каза болгондор эмделбегенин маалымдады. Ушуну менен оорудан жалпы 2795 адам көз жумду. Читать дальше...

Azattyk.org 

Кыргызстанда коронавируска каршы 2 миллиондон ашуун адам эмделди

25-декабрга карата өлкөдө 2 млн. 208 903 адам коронавируска каршы эмдөөдөн өттү. Алардын ичинен 1 млн. 211 407 адам вакцинанын 1-дозасын алса, 997 496 адам эки дозасын тең алышты . Өткөн бир сутка ичинде эмдөөдөн 9540 адам өттү, анын ичинен 4971 биринчи дозаны, 4569 адам экинчи дозаны алган. Бул тууралуу Коронавируска каршы ыкчам штаб маалымдады. Өлкөдө COVID-19га каршы алты түрдүү вакцина акысыз сайылууда. Вирустун жаңы түрүнө байланыштуу 1-декабрдан тарта Кыргызстанга чек арадан кирген... Читать дальше...


Движение поездов в Амурской области восстановлено по одному пути

В Подмосковье врачи спасли ребенка с кистой печени

Стало известно, почему сериал с последней ролью Заворотнюк не выйдет на экраны

«Город в ужасе». Как Зеленоград готовится встречать маньяка Гриценко



Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Доцент Гиринский: тарифы ЖКУ вырастут с 1 июля в РФ на 10%

Стало известно, почему сериал с последней ролью Заворотнюк не выйдет на экраны

День защиты детей 1 июня: история и традиции праздника в России

День защиты детей: история праздника, традиции и как его отмечают по всему миру

Музыкальные новости

Новости фармацевтики в России и в мире

«Россети Новосибирск» продолжает конструктивный диалог с бизнесом по вопросам подключения к электрическим сетям

ЦСКА разорвал дистанцию // Армейцы увеличили преимущество в финальной серии Единой лиги ВТБ

Олег Рой и Дарья Донцова высказались о необходимости масштабирования опыта Башкортостана в проведении книжных фестивалей

Новости России

Чтобы сдать ЕГЭ, надо раздеться. Скандал в школе Воронежа

День защиты детей: история праздника, традиции и как его отмечают по всему миру

2016 • Бесплатные просмотровые тренировки 2016 года в «Академии Петрова»!

Движение поездов в Амурской области восстановлено по одному пути

Экология в России и мире

Третья Московская неделя моды: масштабное событие с участием дизайнеров из России и мира пройдет в октябре

Доктор Кутушов назвал болезни, которые поджидают отдыхающих у водоёмов

Раскрыт секрет, как и где отдохнуть в России летом за 11 тыс. рублей

Представители KAMA TYRES приняли участие в 57-й легкоатлетической эстафете

Спорт в России и мире

Азаренко не смогла выйти в 1/16 финала открытого чемпионата Франции по теннису

В России отреагировали на "скрытую баранку" и достижение Рыбакиной на Ролан Гаррос

Синнер повторил достижение Джоковича и Надаля по победам на "Больших шлемах"

Елене Рыбакиной поставили неожиданный «диагноз»

Moscow.media

Портативный ТСД корпоративного класса Saotron RT-T70

Книжные новинки, лаборатория текста и иллюстраций — ждут гостей Московского детского фестиваля искусств «НЕБО»

POMPEYA и O! МАРГО выступят на фестивале «НЕБО»

Муруджинские озера







Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *