Таластагы жол кырсыкта эки өспүрүм каза болду
17-декабрь күнү Талас районунун Чат-Базар айылындагы Суусамыр - Талас - Тараз унаа жолундагы кырсыктан 13 жана 14 жаштагы эки өспүрүм каза болду. Бул тууралуу "Азаттыкка" 18-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, "Мерседес Бенц" үлгүсүндөгү жеңил унааны айдап бараткан 14 жаштагы бала рулду башкара албай жол четиндеги түркүктү сүзүп, жеринде каза болгон. 13 жаштагы жүргүнчү тез жардам унаасында үзүлгөн. Айрым маалыматтар боюнча, өспүрүм атасы үйүндө жок кезде унааны айдап кырсыкка кабылган. Читать дальше...