Мы в Telegram
Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer


Март
2022

Новости за 04.03.2022

Azattyk.org 

Ошто жасалма доллар сатууга шек саналган эки киши кармалды

Ошто жасалма доллар сатууга шек саналган эки киши кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады. Алар 3-март күнү жасалма акчаны Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүндө сатууну көздөгөнү айтылууда. Милициянын ыкчам тобу шектүүлөрдү кармаган учурда биринин жанынан 100 долларлык 50 даана, экинчисинен жети даана купюралар табылган. Факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат. Кармалгандар күнөөнү моюнга алып, Кара-Суу райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Читать дальше...

Azattyk.org 

Кытай грантына Бишкектин көчөлөрүн оңдоонун 1-фазасы жыйынтыкталды

Бишкек шаарында Кытай грантына жасалып жаткан жолдордун 1-фазасы расмий жыйынтыкталды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Кытай грантынын эсебинен Бишкектин жолдорун оңдоонун 1-фазасы 2016-жылы башталган. Долбоордун алкагында жалпы узундугу 95 чакырымды түзгөн 49 көчө, 180 чакырым тротуар салынып, ирригациялык система жаңыртылды. Мындан тышкары алты көпүрө жана бир эстакадалык көпүрө курулган. Гранттык каражаттын эсебинен “Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү” долбоорунун 1-фазасынын алкагында кабыл алуу... Читать дальше...

Azattyk.org 

Орусияда Twitter, Facebook, BBC, “Радио Свобода” сайттары жабыла баштады

Орусияда Twitter, Facebook социалдык түйүндөрү, “Медуза”, BBC, “Радио Свобода” жана "Немис толкуну" (DW) жалпыга маалымдоо каражаттарынын сайттарын бөгөттөө аракеттери башталды. Бул тууралуу интернетке мониторинг жүргүзгөн GlobalCheck сервиси кабарлады. Аталган сайттар көпчүлүк операторлордун колдонуучуларында ачылбай жатат. Булардан сырткары “Эркин Европа/Азаттык радиосу” корпорациясынын татар-башкыр кызматы “Идель.Реалии” жана “Радио Азатлык” сайттарына да кирүү мүмкүн эмес болуп турат. Алар... Читать дальше...

Azattyk.org 

Ошто сүрөтчү айымдардын көргөзмөсү өтүп жатат

4-мартта Ош облустук Тургунбай Садыков атындагы көркөм сүрөт музейинде "Жазгы букет" деген көргөзмө ачылды. 8-март - Аялдардын тилектештигинин эл аралык күнүнө карата уюштурулган бул көргөзмөгө Оштогу 11 сүрөтчү айымдардын түрдүү жанрдагы чыгармалары коюлду. Музей уюштурган бул көргөзмө 23-мартка чейин уланат. (AAb)

Azattyk.org 

Орусиянын Думасы армия тууралуу "фейк маалымат" тараткандарга каршы мыйзам кабыл алды

Орусиянын Мамлекеттик Думасы орус армиясынын Украинанын аймагындагы аракеттери тууралуу фейк маалыматтарды тараткандарга кылмыш жоопкерчилигин киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун жактырды. Жума күнкү жыйында парламент документти үч окуудан дароо бекитти. Мыйзамга президент жакын арада кол коёт деп күтүлүүдө. Мыйзам Кылмыш кодексине жаңы берене киргизет. Армиянын аракеттери тууралуу таратылган маалыматты сот “жалган” деп тапса, айыппул же үч жылга чейин колонияга кесилет. Киши кызматтык абалын колдонсо... Читать дальше...

Azattyk.org 

Чүйдө кар көчкү басып калган адам каза болду

3-мартта Чүй облусунда кар көчкүдө бир адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Министрликке Кемин районундагы Жел-Арык өрөөнүндө үч мергенчинин бири дайынсыз жоголгону тууралуу маалымат түшкөн. Куткаруучулар кечке жуук 49 жаштагы адамдын сөөгүн табышкан. Маркумдун сөөгү Ички иштер министрлигине өткөрүлүп берилди. Февраль айынын орто ченинде Жалал-Абад облусунда кар көчкүнүн кесепетинен төрт адам дайынсыз жоголгон. Алар "Чайна Роуд" жол куруу ишканасынын кызматкерлери. Читать дальше...

Azattyk.org 

Украин мигранттарынын агымына байланыштуу Чехия өзгөчө абал жарыялады

Украиналык мигранттардын агымына байланыштуу Чехиянын бийлиги 4-марттан баштап өлкөдө өзгөчө абал режимин киргизди. Расмий кабарда айтылгандай, бул өкмөткө, аймактык администрацияларга, муниципалитеттерге жана башка субъектилерге качкындарга жардам берүүгө жеңилдик бермекчи. Режим Чехиянын өзүнүн жарандарына жайылтылбайт. Seznam Zpravy жергиликтүү басылмасы өзгөчө абал режиминин себеби качкындардын кескин көбөйгөнү менен байланыштуу экенин жазды. Режим 30 күнгө күнгө созулат. Чех өкмөтү Украинага... Читать дальше...

Azattyk.org 

Украинада атомдук электростанциядагы өрт өчүрүлдү

Орус армиясынын чабуулунан кийин күйүп кеткен Украинанын Запорожье атомдук электр станциясындагы (АЭС) өрт өчүрүлдү. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кабарлады. Украинанын атомдук энергия боюнча агенттиги АЭС радиоактивдүү заттардын тараганы аныкталбаганын билдирди. 4-мартка караган түнү Энергобар шаарында жайгашкан Европадагы эң ири атомдук электростанцияга ракеталык сокку урулуп, өрт тутанганы маалым болгон. Орус армиясынын тынымсыз аткылоосунан улам өрт өчүрүүчүлөр атомдук электростанцияга бир топко жакындай албай турган. Читать дальше...

Azattyk.org 

5-мартта тоолуу райондордо кар жаайт

5-мартта түнкүсүн Ысык-Көл облусунун чыгыш тарабында, Баткен, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт. Күндүз Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр, тоолуу жерлеринде кар жаайт. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 2...7, күндүз 15...20, Талас облусунда түнкүсүн 1...6, күндүз 13...18, Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 4...9, күндүз 18...23, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4...+1, күндүз 8...13... Читать дальше...

Azattyk.org 

Кыштагын коргогон 81 жаштагы карыя

Украиналык Петр Верко орусиялык аскерлерден коркпой турганын айтат. Ал Киевдин түндүк-батыш жагындагы Горенка кыштагында жашайт. 3-мартка караган түнү орусиялык аскерлер бул кыштакты бомбалап, бир нече турак үйүн жок кылышкан.

Azattyk.org 

Түркияда кыргызстандык келин киши колдуу болду

Кыргызстандык келинди чогуу жашаган түркмөнстандык адам мууздап кеткени тууралуу түрк медиасы маалымат таратты. Окуя 1-мартта болгон. Стамбулдагы Башкы консулдуктун маалыматында марттын алгачкы үч күнүндө эле Кыргызстанга үч "Жүк-200" жөнөтүлгөн. 3-мартта түркиялык Habertürk басылмасы Стамбул шаарынын Үмрание районунда турган 41 жаштагы кыргызстандык Айдана аттуу келинди чогуу жашаган Түркмөнстандын жараны 36 жаштагы Аман аттуу эркек мыкаачылык менен өлтүргөнүн, кийин шектүү кармалганын кабарлады. Читать дальше...

Azattyk.org 

Каспаров: Путин азыр реалдуулуктан алыс

Орусиянын президенти Владимир Путиндин “Донбассты бошотуу операциясы” деген жүйө менен Украинага согуш ачканынын максаты жана анын кесепеттери тууралуу ой калчагандар көбөйдү. Шахмат боюнча дүйнөнүн 13 жолку чемпиону, оппозициячыл саясатчы Гарри Каспаров “Настоящее Время” телеканалы менен болгон маегинде Путин Украинаны “жер менен жексен кылууну көздөп жатканын, аны азыр токтотуп калбаса, согуш оту бүтүн Европага жайыларын” эскертти. - Сиз президент Путиндин максатын түшүндүңүзбү? - Жөнөкөй логикага таянып... Читать дальше...

Azattyk.org 

Эки айда пландан тышкары 371 млн. сом камсыздандыруу төлөмдөрү чогултулду

Салык кызматы эки айда пландан тышкары 371 млн. сом камсыздандыруу төлөмдөрүн чогултту. Бул тууралуу Салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди. Январь-февраль айларында 6 млрд. 671 млн. сом камсыздандыруу төлөмдөрү чогултулган. План 5,9 %га же 371 млн. сомго ашык аткарылган. 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1 млрд. 74,1 млн. сомго көп жыйналган. 18-январда президент Садыр Жапаров жаңы Салык кодексине кол койгон. Президенттин администрациясы Салык кодексинин максаты салык системасынын туруктуулугун камсыздоо... Читать дальше...

Azattyk.org 

Балыкчы - Кочкор - Кара-Кече темир жол долбоорун иштеп чыгуу башталды

Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече темир жолун куруу долбоорун иштеп чыгуу башталды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Темир жолду куруу боюнча иштин буйрутмачысы болуп "Кыргыз темир жолу" ишканасы аныкталган. Тийиштүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон. Чечим темир жол тармагын өнүктүрүү, Кара-Кече күрөң көмүр кенин иштетүүдө транспорттук камсыздоо жана республиканын жана анын аймактарынын экономикасын өнүктүрүү максатында кабыл алынганы айтылат. Документке ылайык... Читать дальше...

Azattyk.org 

Өкмөт сөөк коюуга байланыштуу жер маселесине көңүл бурууга чакырды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров президенттин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана район акимдери менен видеоконференция байланышы аркылуу жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн расмий сайтында кабарланды. Жыйында жазгы-талаа иштеринин жүрүшү, президенттин "үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө" жарлыгынын аткарылышы, жерлерди трансформациялоо жана башка актуалдуу маселелер каралган. "Аймактардагы төрөт үйлөрүнүн абалына... Читать дальше...

Azattyk.org 

Улуттук банктан алтын алгандар көбөйдү

Украинадагы окуялардан кийин валюта рыногундагы абалга байланыштуу президент Садыр Жапаров элди алтын куймаларын сатып алууга чакырган, андан бери алтын алууну каалагандар көбөйдү. Улуттук банкта эки - үч сааттап кезек күткөндөр бар.

Azattyk.org 

Грузия менен Молдова Евробиримдикти тандады

Орусиянын кол салуусуна дуушар болгон Украинанын артынан Молдова менен Грузия Европа Биримдигине мүчөлүккө өтүүгө арыз беришти. Алгач грузин премьер-министри Ираклий Гарибашвили жана анын артынан молдован президенти Мая Санду 3-мартта Евробиримдикке талапкер макамын берүү боюнча арызга кол коюшту. Эми бул эки арызды Брюссел эл аралык абалга байланыштуу Киевдин өтүнүчүн карагандай ыкчам тартипте талкуулап, чечим кабыл алууга тийиш. Эки өлкөнүн Еврошаркетке бир күндө берилген арызы Алгач 3-март... Читать дальше...

Azattyk.org 

АЭСке жасалган чабуулдан улам Зеленский чукул кайрылуу жасады

Запорожье атомдук электростанциясына жасалган орус армиясынын чабуулуна байланыштуу Украинанын президенти Владимир Зеленский 4-марттын таңында чукул кайрылуу жасады. «Европа ойгонуш керек. Европадагы эң ири атомдук электростанция өрттөнүп жатат. Орусиянын аскерлери Украинанын Энергодар шаарында Запорожье атомдук электростанциясын аткылап жатат. Ал жакта алты энергоблок бар. Чернобылда бир эле энергоблок жарылган»-деди Зеленский. Ал Орусиянын бул аракетин «өзөктүк террор» деп атады.   4-мартка... Читать дальше...

Azattyk.org 

Украина: АЭСке өрт өчүрүүчүлөр кое берилди

Украинадагы Запорожье облусунун аскердик администрациясынын башчысы Александр Старух өрт өчүрүүчүлөр АЭСтеги тилсиз жоо менен күрөшүп башташканын билдирди. Буга чейин орус армиясынын тынымсыз аткылоосунан улам өрт өчүрүүчүлөр атомдук электростанцияга жакындай албай турушкан. Айрым маалыматтарга караганда, ракеталык сокку биринчи энергоблокко тийген. Ал жакта план боюнча оңдоп-түздөө иштери башталган. Бирок ичинде өзөктүк отун бар болчу. АЭСтин маалымат катчысы Александр Туз «Би-би-си» орус кызматына билдиргендей... Читать дальше...

Azattyk.org 

Украинада атомдук электростанцияда өрт тутанды

Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба Орусия Запорожье атомдук электростанциясын аткылап жатканын билдирди. Бул тууралуу ал «Твиттерге» жазды. «Өрт тутанды. Эгер ал жарылса, Чернобылдан он эсе жаман алаамат болот. Орусия токтоосуз аткылоону токтотуп, өрт өчүрүүлөргө жол ачып бериш керек»-деген Кулеба бул Европадагы эң ири атомдук электростанция экенин кошумчалады.   Маалыматты станция жайгашкан Энергодар шаарынын мэри Дмитрий Орлов дагы ырастап, "дүйнө коопсуздугуна коркунуч жаралганын" жазды. Читать дальше...

Azattyk.org 

Украинанын бир нече шаарында салгылашуулар уланууда

Украинанын Бучи, Одесса, Херсон, Мариупол, Волновах шаарларында өкмөттүк аскерлер менен орус армиясынын ортосунда айыгышкан салгылашуулар жүрүп жатат. Бучи шаарынын мэри Анатолий Федорук украин телеканалынын түз обосунда билдиргендей, калаанын жака белинде бир нече сааттан бери кагылышуулар жүрүп жатат. «Буча-украин шаары. Душманга украин күчтөрү татыктуу туруштук берип, орус аскерлерин шаардан улам сүрүп чыгууда. Салгылашуулар Буча менен Ворзель шаарынын ортосунда уланып жатат»-деди шаар башчысы. Читать дальше...

Azattyk.org 

АКШ Путиндин айланасындагы чириген байларга санкция салды

АКШ орусиялык олигархтарга, Орусиянын президенти Владимир Путиндин айланасындагы адамдарга, анын ичинде маалымат катчысы Дмитрий Песковго жаңы санкция салды. Андан тышкары «кара тизмеге» Алишер Усманов да кирди. Ак үйдүн билдирүүсүндө ал Орусиядагы эң бай адамдардын бири жана Путиндин жакын санаалашы катары белгиленген. Ошондой эле Мамлекеттик департамент «элдин эсебинен байыган» 19 орусиялык чириген байга, алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө, жакындарына виза берүүгө тыюу салды. «Бул адамдардын жана... Читать дальше...

Azattyk.org 

NEXT телеканалынын директору Таалай Дүйшембиев 48 саатка камалды

NEXT телеканалынын директору Таалай Дүйшембиев 48 саатка камалды. Бул тууралуу адвокат Акмат Алагушев 4-майга караган түнү билдирди. Адвокат Дүйшембиевге «кастыкты козутуу» беренеси менен кылмыш иши козголгонун айтты. - NEXT телеканалынын директору Таалай Дүйшембиев убактылуу 48 саатка камалды. Эртең сурактар болот, анан бүрсүгүнү сот чечим кабыл алат. Эфирдин токтотулушу, мунун баары туура эмес деп ойлойм. Анткени маалымат такыр башка булакта жазылып атпайбы. Бул телеканалга эч бир тиешеси жок - деди Алагушев. Читать дальше...


Полиция Асбеста открывает двери

За чей счет сегодня живет Армения, и сколько она продержится без российских денег

ВОЗ рассказала о новой возможной пандемии «болезни X»

Нейрохирурги НИИТО удалили пациентке 10-летнюю опухоль мозга



Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Россия впереди всех? Искусственный интеллект порабощает нас или уже поработил

Посол Бразилии сообщил о планах страны увеличить поставки кофе в РФ на 20%

Полиция Асбеста открывает двери

Как яицкие казаки помогли строительству крепости Самара и за что воевода Засекин казнил атамана Мещеряка. Часть 1

Музыкальные новости

За месяц в Пулково столкнулись два самолета и задержали несколько рейсов

США и Европа "подготавливают" Россию и Ближний Восток для переселений?!

Concord is skipping free-to-play and pulling a Helldivers 2 instead: $40 for the full game with all 16 heroes at launch

Глава СК Бастрыкин пообещал защитить гаишника Гусева от диаспоры и МВД Новосибирска

Новости России

ВОЗ рассказала о новой возможной пандемии «болезни X»

Заслуженный военный летчик пояснил, почему именно Су-34 стал следующим носителем гиперзвуковых «Кинжалов»

Нейрохирурги НИИТО удалили пациентке 10-летнюю опухоль мозга

Русская студентка рассказала всю правду о жизни в США: "Самое страшное — это оружие"

Экология в России и мире

Купаться надо уметь: правила, которые сохранят вам жизнь

В Москве прошла Премия-практикум «Харизма Года»

Адские цены на Сочи и Анапу заставили российских туристов найти новые пути экономии

Фонд «Восход» выпустил на «Атомайз» первые в России венчурные ЦФА

Спорт в России и мире

Теннисист Медведев снялся с турнира ATP в Нидерландах из-за травмы

«Янника Синнера очень рано сравнивать с Роджером Федерером» // Тренер мужской сборной России по теннису Игорь Куницын — о главных событиях Roland Garros

Зверев и Рууд не пожали друг другу руки после полуфинала «Ролан Гаррос» – из-за проблем с желудком у норвежца

Экс-теннисист Ольховский: Рублев не успел набрать форму на "Ролан Гаррос"

Moscow.media

В этом году планируют заключить контракт на реконструкцию еще одного участка трассы Р-23 в Ленобласти

Военные следователи провели рейд по бывшим мигрантам в Керчи

Об отношении к русским в Азербайджане

Роман Старовойт выразил готовность оказывать дальнейшую поддержку в строительстве Ленского моста в Якутии







Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *