Ооганстанда 15 жылдан берки эң катуу суукта ондогон киши көз жумду
Ооганстанда бийликте турган “Талибан” өкмөтү кеминде 70 киши, анын ичинде балдар катуу сууктан көз жумганын билдирди. 15 жылдан бери сууктун күчү мынчалык катуу болгон эмес. 19-январда Чукул кырдаалдар министрлиги сегиз провинцияда соңку сегиз күндөн бери суукта адамдар тоңуп калганын, 80 миңдей баш мал өлгөнүн билдирди. Ансыз дагы ачарчылыкка баткан өлкөдө абанын температурасы -34 градуска чейин түшүп жатат. Жыл башында Ооганстандагы эки миңге чукул кыргыз байырлаган Памир өрөөнүндө сасык тумоонун оор түрү күч алганы маалым болгон. Читать дальше...