Балбандар Алмаз уулу менен Токтомамбетов жаштар арасында Азия чемпиону болушту
Бишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча 23 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпионатында кыргызстандык балбандар Бекзат Алмаз уулу менен Орозобек Токтомамбетов жеңүүчү болушту. Каныбек Абдулхаиров күмүш байгеге ээ болду. “Бишкек-Арена” спорт комплексинде бүгүн, 17-июнда эркин күрөштөн үч салмакта, кыз-келиндер күрөшүнөн беш салмакта таймаштар өттү. Эркин күрөштөн 57 килограмм салмакта Бекзат Алмаз уулу финалда казакстандык Ерассыл Мухтарулы менен беттешип, 8:0 эсебинде утту. Алмаз уулу финалга чейин түркмөнстандык Атажан Меретдурдиевди (10:0)... Читать дальше...