Мы в Telegram
Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer


Июнь
2023

Новости за 20.06.2023

Azattyk.org 

Кемпир-Абад иши сотко өттү, 16 кишинин абактагы мөөнөтү узарды

Дээрлик сегиз ай тергелген Кемпир-Абад иши сотко өттү. Бишкек шаардык соту бул иш боюнча алдын ала соттук угуу 22-июнда Биринчи Май райондук сотунда өтөрүн билдирди.  19-июнда Кемпир-Абад иши боюнча камалган 16 кишинин абактагы мөөнөтү дагы эки айга узарганы белгилүү болгон.  Чечимди Биринчи май райондук соту чыгарганын, алдын ала угууда бир катар маселе караларын жактоочу Бакытбек Автандил уулу билдирди.  “Мыйзамсыз топтолгон материалдарды иштен жок кылуу, кармалып тургандардын бөгөт чарасын өзгөртүү, ишти кыскартуу өтүнүчү келтирилет. Читать дальше...

Azattyk.org 

“Биздин колдон баары келет”. Майыптыгы барлардын аракети

Балыкчыдан сапарга аттанган 44 адам Чолпон-Ата шаарына чейин басып баратат. Жүрүш 24-июнда Чолпон-Атада аяктайт. Катышуучулар бул иш чара аркылуу майыптыгы бар адамдар туш болгон көйгөйлөргө көңүл бурдурууну көздөйт.

Azattyk.org 

Кыргызстан экология боюнча дүйнөлүк рейтингде 126-орунду ээледи

Кыргызстан 2022-жылы экологиянын деңгээли боюнча рейтингде 180 өлкөнүн ичинен 126-орунду ээледи. Бул тууралуу The Environmental Performance Index сайты жарыялады. Биринчи орунга 77.9 балл менен Дания чыккан. Экологиясы эң таза өлкөлөрдүн сап башында Британия, Финляндия, Мальта, Швеция, Люксембург, Словения, Австрия, Швейцария жана Исландия турат. Кыргызстан бул рейтингде 35,7 балл алып, 126-орунду ээледи. 125-орунда Уганда, 127-кезекте Буркина-Фасо өлкөрү турат. Беларус 55-орунду, Армения 56... Читать дальше...

Azattyk.org 

Июнда Токтогулда былтыркыга караганда 2 миллиард куб метр аз суу топтолду

Быйыл кыш мезгилинде электр энергиясын чектөө же маал-маалы менен өчүрүү маселеси Токтогул суу сактагычына чогулган суунун көлөмүнөн көз каранды болот. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев бүгүн, 20-июнда Жогорку Кеңештин укук тартиби, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү комитетинде билдирди. "Суу сактагычка суунун агып кириши толук бир айга кечикти. Азыр суу былтыркы ушул убакка караганда 2 миллиард куб метрге аз. Эгер ушул темп менен кеч күзгө чейин 14,5 миллиард куб метр суу жыйнай алсак... Читать дальше...

Azattyk.org 

CAFA Nations Cup: Кыргызстан Оманга жеңилди

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы CAFA Nations Cup - 2023 мелдешинде Оман курама командасына 1:0 эсебинде жеңилип, төртүнчү орунду ээледи. Оюндагы жалгыз голду омандык жарым коргоочу Аршад Аль Аляви гол киргизди. Муну менен Оман курама командасы мелдештин коло байгесине ээ болду. Оюн бүгүн, 20-июнда Ташкент шаарындагы "Пахтакор" стадионунда өттү. Учурда Өзбекстан курама командасы менен Иран биринчи орун үчүн ойноп жатат.   Омандын курама командасы менен Кыргызстан 2024-жылдын... Читать дальше...

Azattyk.org 

"Чекит медиа" УТРКнын журналисттери менен фейк фабриканын байланышын иликтеп чыкты

"Президент фейктердин колдоосуна муктажбы?" деген аталыштагы иликтөө "Чекит медиа" платформасынын Ютубдагы каналына 20-июнда жарыяланды. Анда журналист Асель Сооронбаева Улуттук телерадио корпорациясындагы маалыматты социалдык медиа аркылуу жайылтуучу бөлүм менен бийликтин баскан-турганын мактап-жактаган жана оппозицияны, бейөкмөт уюмдарды, көз карандысыз маалымат каражаттарын каралаган фейктердин байланышын иликтеп чыккан. Программада 2022-жылы ноябрда жаңы бөлүмдүн ишке кириши менен бийликти... Читать дальше...

Azattyk.org 

Тамбовдо ок-дары заводундагы жарылуудан төрт киши каза тапты

Орусиянын Тамбов облусундагы Котовск шаарындагы ок-дары чыгарчу заводдогу жарылуудан төрт кишинин өмүрү кыйылды. Бул тууралуу агенттиктер өзгөчө кырдаалдар кызматына таянып кабарлашты. Соңку маалыматтарга ылайык, 12 киши жаракат алды. "База" Телеграм каналы дагы өз булактарына таянып төрт киши мерт кеткенин жазды.   Маалыматка караганда, жарылуу Москва убактысы боюнча 14.00дө болгон. Жарылуудан кийин цехтердин биринде өрт тутанган. Жарылууга эмне себеп болгону азырынча белгисиз. Тамбов облусунун... Читать дальше...

Azattyk.org 

Таш-Көмүрдө дайынсыз жоголгон жети жаштагы бала дарыядан изделип жатат

15-июндан бери дайынсыз болуп жаткан 7 жаштагы баланы издөө иштерин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) куткаруучулары бүгүн, 20-июнда да улантып, бирок натыйжасыз болду. Караңгы кирип кеткенине байланыштуу бүгүнкү иш токтотулду. ӨКМден жалпы 26 куткаруучу, эки милиция кызматкери жана жергиликтүү тургундардан 14 адам издөө иштерине тартылды. Таш-Көмүр шаарынын Чапаев көчөсүнүн тургуну, 2016-жылы туулган  бала 15-июнда, саат 10:30 чамасында үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткандыгы... Читать дальше...

Azattyk.org 

Казакстандын мурдагы маданият министри сегиз жылга кесилди

Казакстандын мурдагы маданият жана спорт министри Арыстанбек Мухамедиулы "бюжеттик каражатты кымырып алган" деген кине менен сегиз жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу "Азаттыктын" казак кызматынын журналисти сот залынан кабарлады. Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Мухамедиулы Астанадагы Улуттук музейдин жетектеп турган маалда "Алтын адамдын дүйнө музейлерин кыдырышы" деп аталган эл аралык көргөзмөгө бөлүнгөн каражаттан 146 миллион теңге (335 миң доллар) кымырып алган деп шектелип жатканын билдирген. Читать дальше...

Azattyk.org 

Кыргызстанда ЖККУнун аскердик машыгуусу өтөт

Жамааттык коопсуздук боюнча келишими уюмуна (ЖККУ) мүчө өлкөлөрдүн “Бузулгус боордоштук-2023” деп аталган командалык-штабдык машыгуусу Кыргызстанда быйыл күзүндө өтөт. Буга байланыштуу бүгүн, 20-июнда уюмдун Тынчтыкты орнотуучу күчтөрү менен  Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабдын Бишкектеги Күжүрмөн даярдоо борборунда сүйлөшүү болду. Башкы штаб тараткан маалыматка караганда,иш-чарага Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия, Тажикистандан делегациялары, ошондой эле уюмдун өкүлдөрү катышты. Читать дальше...

Azattyk.org 

Наристелердин өмүрүн узарткан чет элдик дарыгерлер

Бармактайынан оор илдет менен кармашкан балдардын ата-энелери Түркия, Индия жана Орусия өңдүү өлкөлөргө барып, операция үчүн миңдеген долларын коротсо, эми андай наристелерге Бишкекте акысыз операциялар жасалууда. Табарсык, бөйрөк ооруларына кабылган жеткинчектерге Өзбекстандан жана Орусиядан келген хирургдар операция жасап дарылоодо. Соңку жылдары Кыргызстанда тубаса кемтик менен төрөлгөн балдар көбөйүп жатканын дарыгерлер белгилешет.

Azattyk.org 

Сокулуктагы өрт чектөөгө алынды, төрт киши ооруканага түштү

Сокулуктагы темир жол бекетинин аймагында жайгашкан мунай кампасында чыккан өрттөн баштапкы маалыматтар боюнча төрт адам жабыркады. Алар түрдүү даражадагы күйүк алып, Тез жардам менен Сокулук райондук ооруканасына жеткирилген. ӨКМ мунай кампасындагы өрт саат 18:06да чектөөгө алынганын кабарлады. Бири оор абалда Сокулук райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды. Экөөнүн абалы орто, бирөө канааттандырарлык абалда травматологиялык бөлүмгө жайгаштырылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо... Читать дальше...

Azattyk.org 

Чолпон-Атада Волейбол боюнча улуттар лигасы өтүүдө

Чолпон-Ата шаарында волейбол боюнча эркектер арасында CAVA улуттар лигасы өтүүдө. Кыргызстандын волейбол федерациясы билдиргендей, мелдешке Кыргызстандын эки командасы (улуттук жана жаштар курамасы), Өзбекстандын, Түркмөнстандын, Ирандын 18 жашка чейинки курамасы, Монголиянын жана Непалдын курама командалары катышууда. Оюндар айлампа иретинде өтүп, ар бир команда бири-бири менен ойноп чыгып, жеңүүчүнү аныкташат. Мелдештин биринчи туру 18-июнда болгон, Кыргызстандын улуттук курама командасы Өзбекстанды 3:0 эсебинде жеңди. Читать дальше...

Azattyk.org 

Шопоков шаарында мунай сакталган жайда чыккан өрттү өчүрүү аракети уланууда

Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Шопоков шаарындагы темир жол бекетинин аймагында 20-июнда мунай сакталуучу жайдан өрт чыкты. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей,  өрт тууралуу алгачкы маалымат саат 16:11де түшкөн. Аны өчүрүү иштерине Сокулук жана Москва райондорунун өрт өчүрүүчү техникасы кызматкерлери менен жалпы үч экипаж, Чүй облусунун башчысы жетектеген топ жана Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын ыкчам топтору тартылган.  Саат 17:00дө Бишкектин Ленин районунун өрт өчүрүүчүлөрү тартылып... Читать дальше...

Azattyk.org 

Жалпы республикалык тестирлөө: Эң жогорку упайды эки бүтүрүүчү алды

Кыргызстандын орто мектептеринин бүтүрүүчүлөрүнүн жана абитуриенттердин арасында өткөн Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы белгилүү болду. Билим берүү жана илим министрлиги маалымдагандай, 2023-жылы жалпы республикалык тестирлөөдө 54 окуучу эң жогорку упай топтоп, “Алтын сертификат” алуу укугуна ээ болду. Алардын ичинен эң көп - 236 упайды Ош шаарындагы Киров орто мектебинин бүтүрүүчүсү Кызжибек Жээнбекова менен Бишкектеги №61  физика-математикалык лицейдин окуучусу Нурсейит Төрөбаев алышты. Читать дальше...

Azattyk.org 

Жашырылган мүлктү легалдаштыруу жана мунапыс берүү боюнча мыйзам күчүнө кирди

Президент Садыр Жапаров “Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө” мыйзамга бүгүн, 20-июнда кол койду. Президенттин сайтындагы маалыматка ылайык, мыйзамдын максаты жеке адамдардын мүлкүн жана кирешелерин мыйзамдаштырууга багытталган. Анда жарандар өзүнүн башка кишилердин атына катталган же чет өлкөлөрдөгү байлыгын, мүлкүн ыктыярдуу декларациялоо аркылуу легалдаштыра алышат. Өлкөнүн экономикасына ички, тышкы инвестицияны көбөйтүү, көмүскө экономиканын үлүшүн азайтуу мүмкүнчүлүгү бар экени... Читать дальше...

Azattyk.org 

CAFA Nations Cup: Кыргызстан коло байге үчүн Оман менен беттешет

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы CAFA Nations Cup - 2023 мелдешинин коло байгеси үчүн Оман курама командасы менен беттешет. Оюн бүгүн, 20-июнда Ташкент шаарындагы "Пахтакор" стадионунда саат 19:30 (Бишкек убактысы) башталат. Ушул эле күнү Өзбекстан курама командасы менен Иран биринчи орун үчүн ойнойт. Оман курама командасы менен Кыргызстан 2024-жылдын январ айында Катарда өтө турган Азия кубогунда да бир тайпага туш келген. Оман ФИФАнын апрелде жарыяланган рейтингинде 73-орунга чыккан. Читать дальше...

Azattyk.org 

Ошто Жол башкармалыгынын кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Ош шаардык Жол  башкармалыгынын кызматкерлерине кылмыш иши козголду. Бул туралуу 20-июнда шаардык прокуратурадан “Азаттыкка" билдиришти. Маалыматка караганда, башкармалыктын кызмат адамдары Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу”) менен айыпталууда.  "Азаттык" радиосу өткөн айда "Ош: жол куруудагы кызыкчылыктар" деп аталган видео материал жарыялаган. Анда Жолдор башкармалыгы жарыялаган тендерлерге өздөрүнүн кызматкерлери катышкан бир канча фактыны көрсөткөн. Читать дальше...

Azattyk.org 

Сот Кадырбек Атамбаев менен "Бишкек 24" сайтын Жунусбековго 30 миң сомдон төлөөнү милдеттендирди

Бишкектин Биринчи май райондук соту Аза кызматын көрсөтүү агенттигинин жетекчиси Төрөхан Жунусбековдун шаардык кеңештин депутаты Кадырбек Атамбаевге жана "Бишкек 24" интернет каналына каршы берген арызын жарым-жартылай канааттандырды. Бул тууралуу 20-июнда аталган соттун басма сөз кызматы "Азаттыкка" билдирди. Райондук сот Атамбаев жана "Бишкек 24" агенттигин Жунусбековдун "ар-намысына шек келтирген жана чындыкка дал келбеген маалыматтарды тараткан" деп таап, ага "моралдык зыян келтиргени үчүн" 30 миң сомдон төлөп берүүнү милдеттендирди. Читать дальше...

Azattyk.org 

"Титаниктин" калдыктарына туристтерди алып барган кеме дайынсыз болууда

Атлантика океанынын түбүндөгү "Титаниктин" калдыктарына туристтерди алып барган суу алдында сүзүүчү кеме дайынсыз болууда. АКШ менен Канаданын тиешелүү кызматтары жана кемеге ээлик кылган Oceangate Expeditions компаниясы издөө-куткаруу иштерине киришти. Борттогу туристтердин арасында 59 жаштагы британиялык миллиардер, иликтөөчү Хамиш Хардинг жана пакистандык ишкер Шахзада Дауд уулу менен болгону кабарланууда. Алардан тышкары, кеменин капитаны жана экскурсовод окумуштуу болгон. Суунун алдына сүзүүчү... Читать дальше...

Azattyk.org 

Беларуста укук коргоочу Наста Лойко жети жылга кесилди

Минск шаардык соту укук коргоочу Наста (Анастасия) Лойкону "кастыкты козуткан" деген кине менен жети жылга эркинен ажыратты. Буга укук коргоочу 2017-2018-жылдары Беларустагы анархисттерди куугунтуктоо тууралуу баяндамасы түрткү болду. Анда Лойко беларус күч органдарынын аракеттерин сынга алган. Лойко 2022-жылдын сентябрь айында камалган. Ал Беларустагы Human Constanta укук коргоочу борборун негиздеген. 2022-жылдын 12-августанда уюмдун сайтында соңку эки айда болгон окуяларга сереп салынган. Анда... Читать дальше...

Azattyk.org 

21-июндун аба ырайы

"Кыргызгидромет" борбору 20-22-июнда абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн экенин эскертүүдө. Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү ыктымал. 21-июнда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Жалал -Абад облусунун өрөөндөрүндө жана Талас, Ош, Баткен облустарында жаан-чачын болбойт. Читать дальше...

Azattyk.org 

Базарбаев: Майыптыгын күбөлөндүрүү үчүн эми МСЭКке баруунун кереги жок

Кыргызстанда майып адамдар үчүн медициналык күбөлөндүрүү электрондук ыкмага өтүп жатат. Эми алар Медициналык-социалдык экспертизалоо комиссиясына (МСЭК) барбай турган болду. Бул тууралуу 20-июнда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитетинин жыйынында эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев билдирди. “Ошондо жаран эч убакта келбейт МСЭКке. Саламаттык сактоо министрлиги менен бирге бүт автоматташтырылат. Таптакыр болбой калганде эле чакырбаса, алар келбейт МСЭКке мындан ары”. Читать дальше...

Azattyk.org 

Баткендин өзгөчө макам алган айылдары 76га жеткени маалымдалды

Баткендин чек аралаш аймакта жайгашкан, өзгөчө макам алган айылдарынын саны азыркы тапта 76 экенин бүгүн 20-июнда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитетинде маалымат берип жатып Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов билдирди: “Чек арада жабыркаган Лейлек жана Баткен райондорунда 76 айыл ошол тизмеге киргизилип, пенсия, жөлөкпул жана башка төлөмдөрү 20% көбөйтүлүп берилген. Мурдагы күнү өкмөт башчы барып, акыркы курулган тамдарды тапшырып келди”. Чек арадагы жашоочуларга... Читать дальше...

Azattyk.org 

Инсулин тартыштыгы жок экени, бирок кыйынчылыктар болуп жатканы айтылды

Кыргызстанда кант диабетине чалдыккан бейтаптарды инсулин менен камсыздоодо кыйынчылык болууда. Бул тууралуу бүгүн, 20-июнда Жогорку Кеңештин Социалдык комитетинде маалымат берип жатып саламаттык сактоо министринин орун басары Улан Садыков билдирди. Бирок инсулин тартыштыгы бүгүнкү күндө жок деди ал.  ““Кант диабети жөнүндө” мыйзамга ылайык, инсулиндин 6 айлык запасы камсыз болуп турушу керек. Азыр каржылык кыйынчылыктарга байланыштуу бул пункт толук аткарылбай турат. Бирок азыр инсулин маселеси бир аз болсо да чечилген. Читать дальше...


Замминистра обороны Иванов просит отпустить его из СИЗО на Рублёвку: Не шутка, а ходатайство по делу

В Москве задержали ульяновцев, разводивших на деньги столичных бабушек: видео

Столичный бизнес нарастил энергопотребление в январе-марте 2024 года на 6,2%

Похолодание и снег с дождем не повлияли на движение поездов МЖД



Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Пытался сбежать в Сирию и поддерживает радикальный ислам: появились новые данные о фигуранте дела о "Крокусе"

Столичный бизнес нарастил энергопотребление в январе-марте 2024 года на 6,2%

От производства косметики до авиакосмической промышленности: какие предприятия посещают участники проекта «Инженерный класс в московской школе»

Прецедент Токсово: как Конституционный суд встал на сторону градозащитников

Музыкальные новости

Экзаменационный центр «Воронеж-НК» на базе Воронежского ТРЗ Желдорреммаш сертифицирует до 200 дефектоскопистов ежегодно.

Пассажиры самолета Москва - Оренбург сняли видео посадки в Шереметьево

Фотовыставка Музея Победы о Битве за Москву открылась в аэропорту Внуково

Путин приехал в храм Христа Спасителя на пасхальную службу

Новости России

В Москве задержали ульяновцев, разводивших на деньги столичных бабушек: видео

Центру компетенций развития промышленности прислали нового гендиректора

От производства косметики до авиакосмической промышленности: какие предприятия посещают участники проекта «Инженерный класс в московской школе»

Ода первому человеку в космосе

Экология в России и мире

Неделю с 6 по 12 мая 2024 года Министерство здравоохранения Российской Федерации объявило Неделей сохранения здоровья легких

В Турции российскую туристку выгнали с криками из люксового магазина без объяснения причин

Техник СЛД «Сольвычегодск» филиала «Северный» ООО «ЛокоТех-Сервис» Алина Леготина стала участником проекта ОАО «РЖД» «Управленческое наставничество»

Певец Сергей АРУТЮНОВ и солистка группы Демо - встречаются, или просто выпустили совместный хит “Солнышко”? Разлад АРУТЮНОВА и Маши Малиновской?

Спорт в России и мире

Павлюченкова и Потапова не смогли выйти в финал турнира WTA в Мадриде в парном разряде

«Ну и кто сказал, что женский теннис — это скучно?» Свёнтек — после матча с Соболенко

WTA расстроила Рыбакину: подробности

Рублев не отстал от «Реала»! Как русская звезда тенниса покорила Мадрид

Moscow.media

Композитор Классической музыки Сергей Брановицкий представляет произведения классической музыки.

Сотрудники столичного главка Росгвардии приняли участие в перезахоронениях 680 красноармейцев

Галина Янко: главные традиции и приметы Пасхи

Начался ремонт дороги от трассы Р-254 Иртыш до Лесной Поляны в Новосибирской области







Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *