Мы в Telegram
Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer
Июнь
2023

Новости за 30.06.2023

Azattyk.org 

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров ИИМге сурак берип чыкты

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров 30-июнда түнкү саат 11ге чейин Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгына сурак берип чыкты. Бул тууралуу ал өзү "Азаттыкка" билдирди. "Башкы тергөө башкармалыгына алып барып, саат 23кө чейин суракка алышты. Расалык, улуттар жана аймак аралык кастыкты козуткан пост жазгансың - деп айтышты. Тергөөчү капитан Алмаз Эркинбеков эртең саат 11ге кайра суракка келүүгө чакыруу берип коё берди" - деди Токтонасыров. ИИМ жарандык активистке байланыштуу окуяга комментарий бере элек. Читать дальше...

Azattyk.org 

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров бир нече сааттан бери дайынсыз болууда

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров Сокулук районунун Лесное айылында белгисиз адамдар алып кеткен бойдон дайынсыз болууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” укук коргоочу Динара Ошурахунова билдирди.   Ошурахунованын сөзүнө караганда, активистти 30-июнда кечки саат тогуздар чамасында ак түстөгү 01 KG 646 номерлүү ВАЗ 2107 үлгүсүндөгү машинеге белгисиз бирөөлөр салып кеткенин жакындары көргөн. Андан бери Токтонасыров менен байланышууга мүмкүн болбой жатат. Буга чейин телефонуна чалуу кетип жатса, бир аз мурун өчүп калды. Читать дальше...

Azattyk.org 

Бурана мунарасы жарым кылымдан соң

АКШ элчилигинин “Бурана мунарасын антропогендик жана сейсмикалык коркунучтардан коргоо” долбоорунун алкагында мунаранын бузулган кароол аянтчасы жана жаан-чачын жууп кеткен кыштары оңдолду.

Azattyk.org 

Францияда тоз-тополоң үч күндөн бери уланууда

Жалал-Абадда 60 мечит мыйзамсыз иштеп жатканын УКМК түзгөн атайын комиссия аныктады. 27-июнда Францияда 17 жаштагы өспүрүм полициянын колунан каза тапкандан кийин тоз-тополоң күчөдү. Ысык-Көлдө “Асман” шаарынын курулушуна капсула салынды.

Azattyk.org 

"Бийлик оппозиция менен бейөкмөт уюмдарды күзгү катары колдонсо болмок"

Жогорку Кеңештин 7-чакырылышы жылдык ишин аяктап, жайкы эс алууга тарады. Өзгөргөн Конституциянын алкагында азыркы парламент кандай иштеп жатат? Өзүнө берилген ишенимди актап жатышабы? Дегеле парламент өзү кандай ролду аткарып, эмне милдет өтөшү зарыл? Ушул жана башка суроолорго Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Наталья Никитенко жооп берди. - Наталья айым, саламатсызбы? Жогорку Кеңештин азыркы курамынын быйылкы ишинин жыйынтыгын кандай баалайсыз? Анын иши элдин үнүн канчалык чагылдырып, элдин үмүтүн канчалык коргоду деп ойлойсуз? Читать дальше...

Azattyk.org 

Президент Жапаров “Асман” долбооруна катышууга инвесторлорду чакырды

Президент Садыр Жапаров 30-июнда “Асман” шаарынын курулушуна капсула салган иш-чарада сүйлөп жатып, долбоорго акча салган инвесторлорду мамлекет өзгөчө коргоого аларын жана долбоорду ишке ашырууда аларга эч ким тоскоол болбой турганын билдирди. Ал шаар курууга каралган жерден инвесторлорго чоң-чоң жер тилкелери бөлүнөрүн, аларга мамлекет тарабынан 100% кепилдик бериле турганын айтты: “Асман” акылдуу шаарын курууга катышам деген башка дагы инвесторлор болсо, азыр дагы кучак жайып тосуп алууга даярбыз. Читать дальше...

Azattyk.org 

Салык кызматынын лотереясынын финалдык бөлүгү 1-июлда өтөт

1-июль күнү Салык кызматынын “Чек талап кылып, байге утуп ал!” лотереясынын башкы байгелери ойнотулат. Иш-чара Бишкек шаарынын Ала-Тоо аянтында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевдин жана башка расмий жетекчилердин катышуусунда өтөт. Салык кызматынан билдиргендей, ал күнү 10 электромобил жана чет өлкөгө үч жолдомо ойнотулат. Ошондой эле, оюнга аянттагы көрүүчүлөр үчүн кошумча 15 смартфон да коюлган. Салык кызматы 26-июндан бери күн сайын түз эфирде жеңүүчүлөрдү аныктап келет. Читать дальше...

Azattyk.org 

“Акыйкатчы жөнүндө” мыйзам долбоору коомдук талкууга чыкты

“Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы жөнүндө” конституциялык мыйзамынын жаңы долбоору 30-июнда Жогорку Кеңештин сайтында коомдук талкууга коюлду.  Негиздемеде долбоор Конституциянын 23-65 жана 109-110-беренелерине,  “Париж принциптеринин”, “Белград принциптеринин” жана Омбудсмен институтунун венециялык коргоо жана кубаттоо принциптеринин жоболоруна шайкеш келтирүү максатында жазылганы белгиленген. Ал кабыл алынса, "Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинде биринчилерден болуп Акыйкатчы институтунун аккредитациясын... Читать дальше...

Azattyk.org 

Новиков Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду кадимки тартипте иштеп жатканын айтты

Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду алдыдагы беш жылда Кыргызстанда 630 млн. долларлык жаңы бизнес-долбоорлорду каржылайт. Бул тууралуу фонддун кеңеши 29-июнда бекиткен 2023-2027-жылдарга карата иш тууралуу стратегияда жазылган.   Фонддун жетекчиси Артем Новиков алдыда кыргыз экономикасын модернизациялоо жана технологиялык жактан жабдуу боюнча масштабдуу иштер жүрөрүн белгилеген. “Инвестициялык каржылоодон тышкары, долбоордук мамилени да көңүл чордонуна алабыз. Өндүрүш, агроөнөр жай комплекси, кайра жаралуучу энергия булактары... Читать дальше...

Azattyk.org 

Түркмөнстанда мурдагы президенттин урматына Аркадаг шаары ачылды

Түркмөнстанда мурдагы президент, автократиялык лидер Гурбангулы Бердымухамедовдун урматына Аркадаг шаары ачылды. Салтанат 29-июнда болду. Бердымухаммедов былтыр президенттикти шайлоо аркылуу уулу Сердарга өткөрүп, өзү парламенттин жогорку палатасы - “Халк Маслахатынын” төрагалык кызматын ээлеген. Шаардын аталышы түркмөн тилинен "калкалоочу" деген маанини берет. Аркадаг - Бердымухаммедов президент кезинде алып жүргөн титул. Аталган калаа Гурбангулы Бердымухаммедовдун туулган күнүндө, 66 жашынын урматына ачылды. Читать дальше...

Azattyk.org 

Төрт өзбекстандык Январь окуясында кыйноого кабылганы тууралуу арыз жазды

Алматы облусунун прокуратурасы өзбекстандык төрт жарандын Казакстандагы кандуу Январь окуялары учурунда кармалгандан кийин кыйноого алынганын билдирген арызын каттады. Бул тууралуу “Азаттыктын” казак кызматына “Эл аралык укуктук демилге” бейөкмөт уюмунун жетекчиси, укук коргоочу Айна Шорманбаева билдирди. Анын айтымында, Өзбекстандын төрт жараны 2022-жылдын январында кыйноого кабылган кыргызстандык музыкант Викрам Рузахунов менен бирге камакта болгон. Казакстандык мамлекеттик маалымат каражаттары... Читать дальше...

Azattyk.org 

Президент Жапаров: "Асман" экономиканы алдыга жылдыра турган локомотив болот

Президент Садыр Жапаров 30-июнда Ысык-Көлдө “Асман” шаарынын курулушуна капсула салды. Анын алдында сөз сүйлөп, заманбап шаар Кыргызстандын туристтик жана инвестициялык дараметин арттыра турганын айтты.  “Айрым биздин кыска ой жүгүрткөн жарандарыбыз бул шаарды Баткенде салбайт белеңер деп, баарын эле Ысык-Көлгө сала бересиңерби деп доомат айтышууда. Эгер Ысык-Көл Баткен тарапта болгондо, бул шаарды Баткенге салдырмакмын. Инвесторлор да өзүнө ыңгайлуу курорттук аймактарды тандашат экен. Эң негизгиси... Читать дальше...

Azattyk.org 

Июнь айында абактарда үч жаран каза болду

Июнь айында Кыргызстандын түзөтүүчү колонияларында соттолгон үч жаран кайтыш болду. Мындай маалыматты Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбор ырастады. Маалыматка ылайык, 6-июнь күнү №27 түзөтүү колониясында К. у М. өз өмүрүн кыйган. 24-июнда №31 түзөтүү колониясында мөөнөтүн өтөп жаткан Т. Т. аттуу жаран боор циррозу илдетинен улам каза тапкан. Андан үч күн өтпөй, 27-июнда №3 түзөтүү колониясында мөөнөтүн өтөп жаткан А.А. аттуу жаран жүрөгү токтоп калган. Бул тууралуу расмий мекемелерден комментарий алуу мүмкүн боло элек. Читать дальше...

Azattyk.org 

Ак кар, көк муз аралаган жол

Сибирде жана Ыраакы Чыгышта жылдын эң ызгаарлуу төрт айы айдоочуларга ары кооптуу, ары кирешелүү маал. Көк муз каптаган жол, кар баскан ашуулар менен жүздөгөн машине алыскы аймактарга жүк ташыйт. "Жол азабы көр азабы" дегендей, узак сапар айдоочуларды бир топ сынайт, бирок алар ага көнүп бүткөн.

Azattyk.org 

Франциядагы нааразылык акциясы Бельгияга да жайылды

Франциянын шаарларындагы башаламандыкта 400дөн ашуун адам кармалды. Алардын 300дөн көбү Парижде жана анын айланасында кармалганын өлкөнүн Ички иштер министрлигине таянып, Le Figaro басылмасы жазды. Францияда 27-июнда 17 жаштагы өспүрүм полициянын колунан каза тапкандан кийин тоз-тополоң күчөгөн. Окуя Нантер калаасында болгон. Полициянын маалыматына караганда, автоунаа айдап бараткан Наэл аттуу улан тартип сакчыларынын талабына баш ийбей койгондуктан, атып өлтүрүлгөн. Жергиликтүү маалымат каражаттары... Читать дальше...

Azattyk.org 

Казакстанда активист Жанболат Мамайга чыккан сот өкүмү өзгөртүүсүз калтырылды

Алматынын апелляциялык соту каттоодон өтпөгөн "Казакстандын демократиялык партиясынын" лидери Жанболат Мамайга чыккан өкүмдү өзгөртүүсүз калтырды. Бул тууралуу анын жубайы Инга Иманбай Facebook баракчасына жазды. "Жанболаттын изоляцияда отурганына бүгүн 499 күн болду. Биз күрөштү улантабыз. Эми Жогорку сотко, андан ары БУУнун комитетине кайрылабыз", – деди Иманбай. 10-апрелде Алматынын Бостандык райондук соту Мамайды Январь окуялары маалындагы "жапырт башаламандыктар" иши боюнча күнөөлүү деп таап... Читать дальше...

Azattyk.org 

"Асман" шаары: Элдин күткөнү эмне?

Ысык-Көлдө 30-июнда “Асман” шаарынын курулушуна капсула салуу иш-чарасы башталды. Президенттин администрациясы билдиргендей, ага президент Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин спикери Нурланбек Шакиев жана Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, чет өлкөлүк компаниялардын өкүлдөрү катышууда. УТРК иш-чараны түз чагылдырып жатат. Расмий маалымат боюнча, көл жээгиндеги бул шаар 500 миңге жакын адамга ылайыкташкан жана экологиялык таза калаа болот. "Азаттыктын" кабарчысы иш-чаранын алдында шаар курула турган аймакты көрүп келди. Читать дальше...

Azattyk.org 

Ысык-Көлдө “Асман” шаарына капсула салуу иш-чарасы башталды

Ысык-Көлдө “Асман” шаарынын курулушуна капсула салуу салтанаты башталды. Президенттин администрациясы билдиргендей, ага президент Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин спикери Нурланбек Шакиев жана Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, чет өлкөлүк компаниялардын өкүлдөрү катышууда.  УТРК иш-чараны түз чагылдырып жатат.  “Асман Экосмарт Сити” шаарынын долбоорун AXX Investment Group компаниясынын башкы аткаруучу директору Баркад Али тааныштырды. Ал “Асман” туруктуулуктун, ыңгайлуулуктун жана келечектин шаары болорун белгиледи. Читать дальше...

Azattyk.org 

Ысык-Көлдө балдардын “Айкөл” борбору ачылды

29-июнда Ысык-Көлдө “Айкөл” балдардын ден соолугун чыңдоо борбору ачылды. Маалыматка ылайык, борбор Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине карайт. Президенттин басма сөз кызматы таркаткан маалыматка ылайык, ачылыш аземине президент Садыр Жапаров менен УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев  катышты. “Президент чекисттер убактысынын көп бөлүгүн улуттук коопсуздук маселелерине жана өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн сактоого арнап, үй-бүлөсү жана достору менен эс алуудан четте калып жатканын белгиледи. Читать дальше...


В Подмосковье спасли мужчину с вытекающей из головного мозга жидкостью

Американец в Москве странно отреагировал на инаугурацию раздеванием

Учащиеся подшефного класса Росгвардии школы №19 г. Йошкар-Олы заняли призовые места на X Военно-патриотическом слёте «Москва. Май. Победа!»

В Москве откроются центры ментального здоровья



Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Семья блогера и путешественника Алексея Мараховца из Ульяновска выступит на выставке «Россия»

РИА Новости: группа Тутберидзе не будет проводить летний сбор на базе в Новогорске

Американец в Москве странно отреагировал на инаугурацию раздеванием

В Москве на видео попал "наряд" из трех кадетов, которые в обнимку едут на одном самокате

Музыкальные новости

Матч ЦСКА - "Рубин" завершился со счетом 2:2

Конкурс «Народная медицинская сестра» стартовал в Подмосковье

Путин с Собяниным приехали в Храм Христа Спасителя на Пасхальное богослужение

Валентин Коновалов Хакасии примет участие в церемонии инаугурации Владимира Путина

Новости России

Владимир Путин снова у руля: в Москве прошла инаугурация президента России

КДК РФС рассмотрит слова тренера «Балтики» Игнашевича о судействе в матче с «Уралом»

В Москве откроются центры ментального здоровья

Геронтолог Конев рассказал, в каком возрасте нельзя садиться за руль

Экология в России и мире

В Москве открылся концепт-павильон современных русских дизайнеров и художников

Галина Янко: главные традиции и приметы Пасхи

Звуковая зубная щетка Revyline RL060 Blue и зубная паста Revyline Smart заказать в Ростове-на-Дону

Почему вам никогда не следует заказывать паэлью в понедельник и следует отказаться от кофе на вынос: турист объяснил особенности отдыха в популярной у россиян стране

Спорт в России и мире

Российский теннисист поднялся на две позиции в топ-10 рейтинга ATP

Рублев не отстал от «Реала»! Как русская звезда тенниса покорила Мадрид

«Титул, которым я горжусь больше всего»: Рублёв одолел Оже-Альяссима и выиграл второй турнир серии «Мастерс» в карьере

Свентек переиграла Соболенко и выиграла титул WTA в Мадриде

Moscow.media

Готовность обхода Октябрьского – 75%

Галина Янко: главные традиции и приметы Пасхи

Эксперт "Рексофт" о технологических помощниках в логистике, ритейле и маркетплейсах

Клыки Босжиры







Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *