Таш-Көмүрдө сууга түшүп кеткен баланын сөөгү табылды
15-июндан бери дайынсыз болуп жаткан жети жаштагы баланын сөөгү бүгүн, 29-июнда табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы кабарлады. Ага ылайык, баланын сөөгү бүгүн улантылган куткаруу иштеринин натыйжасында, сууга калкып чыгып калган жеринен табылды. Маалыматтарга караганда баланын сөөгү болжол менен ал түшүп кеткен жерде калкып чыгып калган. Таш-Көмүр шаарынын Чапаев көчөсүнүн тургуну, 2016-жылы туулган баланы издөө иштери 15-июндан бери жүрүп жаткан. Бала... Читать дальше...