Орусиянын Казакстан менен чектеш Оренбург облусунда миңдеген үй-жайды суу каптап, кырдаал оор. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аймакка федералдык маанидеги өзгөчө кырдаал режимин киргизген.
Президент Садыр Жапаровдун иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаевдин аты аталган талаштуу окуялар анын өзү тууралуу сөздөрдү дагы көбөйттү. Апта башында бийликке ыктаган "Мекенчил" партиясынын тарапташтары деп айтылып келген алты адам "бейбаштыкка" шек саналып кармалган.