Молдокасымов: Басымга карабай "Азаттык" арышын улай берет
31 жылдан бери “Азаттык” Кыргызстанда иштеп келатат. 70 жылдык тарыхы бар радионун Бишкек бюросу азыр “Азаттык Медиа” деп катталган. “Азаттыктын” 70 жылдыгына карата Бишкек бюросун 1998-2005-жылдар аралыгында жетектеген тарых илимдеринин кандитаты Кыяс Молдокасымов менен маектештик.