Бакуда көз карандысыз уюмдун лидери жети жылга кесилди
Бакунун оор кылмыштар боюнча соту "Мусулман биримдиги" кыймылынын мүчөсү Ахсан Нурузадени “маңзат сактаган жана сатууну көздөгөн” деп айыптап, жети жылга эркинен ажыратты. Нурузаде былтыр октябрда андан полиция 15 грамм героин тапкандан кийин кармалган. Ал өзүнө тагылган айыпты четке кагып, полиция чөнтөгүнө баңгизатты салып койгонун айткан. Ал ошондой эле өзүнүн кармалышын өкмөткө каршы митингдерге катышкандыгынан жана Нардаран иши боюнча кесилген ондогон адамдарды колдогонунан көрөт. 2017-жылы... Читать дальше...