Мы в Telegram
Добавить новость
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer


Март
2018

Новости за 25.03.2018

Azattyk.org 

Кемероводогу өрттө 37 адам өлгөнү кабарланууда

Орусиянын Тергөө комитети Кемероводогу өрттө өлгөндөр саны 37ге жеткенин ТАСС агенттигине ырастады. Андан аз мурда эле дайынсыз жоголгондордун саны 69, алардын 40 чамалуусу балдар деп кабар тараган. Бирок өрт курмандыктары тууралуу сандар улам өзгөрүп жатат.  Учурда издөө-куткаруу иштери улантылуда. 1500 чарчы метрден көп аянтты өрт жалмагандыктан курмандыктар саны дагы көбөйүшү ыктымал деген чочулоо бар. Өрт шаардагы "Зимняя вишня" соода комплексинин төртүнчү кабатындагы оюн-зоок борборун каптаган. Читать дальше...

Azattyk.org 

Кемерово: Өрттө жабыркагандар арасында кыргызстандыктардын бар-жогу такталууда

Орусиянын Кемерово шаарындагы өрттө жабыркагандардын арасында кыргызстандыктардын бар-жогу такталууда. Бул тууралуу "Азаттыкка" Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин маалымат катчысы Гүлбарчын Байымбетова билдирди. Анын айтымында, учурда Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги курмандыктар жана жабыркагандардын тизмесин дале тактап жатат. Ушул тапта беш киши өлгөнү расмий ырасталды. Алардын үчөө аял киши, бирөө жаш бала, бирөө чоң киши. Кеминде отуз адам түрдүү жаракат менен ооруканага жаткырылган. Читать дальше...

Azattyk.org 

Кемерово: Өрттө жабыркаган кыргызстандыктардын бар-жогу такталууда

Орусиянын Кемерово шаарындагы өрттө жабыркагандардын арасында кыргызстандыктардын бар-жогу такталууда. Бул тууралуу "Азаттыкка" Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин басма сөз катчысы Гүлбарчын Байымбетова билдирди. Анын айтымында, учурда Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги курмандыктардын жана жабыркагандардын тизмесин дагы эле тактап жатат. Ушул тапта беш киши өлгөнү расмий ырасталды. Алардын үчөө аял киши, бирөө жаш бала, бирөө чоң киши. Кеминде отуз адам түрдүү жаракат менен ооруканага жаткырылган. Читать дальше...

Azattyk.org 

Түркмөнстанда парламенттик шайлоо өттү

Түркмөнстандын Борбордук шайлоо комиссиясы 25-марттагы добуш берүү жыйынтыкталганын жарыялады. Расмий эсепке караганда, түркмөн парламенти – Межлис депутаттарын тандоого 91,69% шайлоочу катышкан. Беш облус жана башкалаа Ашхабаддагы көрсөткүчтөр да ушундан кем болбогону Боршайкомдун сайтына жазылды.  Мыйзам чыгаруучу орган - Межлисте 125 орун бар. Ага үч партиядан 168 талапкер, жарандар тобу сунуштаган 116 талапкер катышты. Мындан тышкары жылына кеминде бир ирет чогулуп туруучу – Халк маслахатына... Читать дальше...

Azattyk.org 

Беларус Эл Республикасынын 100 жылдыгы кармоолор менен коштолду

25-мартта Беларус Эл Республикасынын Орусиядан бөлүнгөндүгүнүн жүз жылдыгы белгиленди. Президент Александр Лукашенконун 24 жылдык башкаруусу учурунда бул датага ушул ирет гана көңүл бурулуп, Минск борборунда митинг жана концерт өткөрүүгө уруксат берилди. Ошол эле маалда бийлик жүрүшкө чыкмак болгон 70 чамалуу оппозиция активисттерин кармады. Алардын арасында мурдагы президенттикке талапкер, оппозиция лидери Николай Статкевич да бар. Эркиндик күнү деп да таанылган бул датада Лукашенконун атаандаштары... Читать дальше...

Azattyk.org 

Карлес Пучдемон Германияда кармалды

Каталония автономиясынын мурдагы президенти Карлес Пучдемон 25-мартта Германияда кармалып, полиция бөлүмүнө жеткирилди. Бул тууралуу анын адвокаты Алонсо-Куэвилльс Твиттерге жазды. Адвокаттын маалыматына караганда, ал Германия аркылуу Бельгияга бараткан. Мунун алдында Финляндияда болгон. Ошондо испан соту Пучдемонду кармоо тууралуу эл аралык ордерин кайра жандандырган эле. Ага Каталониянын Испаниядан бөлүнүүсүн жактаган референдумдан кийин кылмыш иши козголгон. Козголоң, жикчилдикке айыпталган саясатчы Испания сотуна өткөрүлүп берилсе... Читать дальше...

Azattyk.org 

Орусияда соода борборундагы өрт төрт кишинин өмүрүн алды

«Азаттыктын» орус кызматы билдиргендей, Кемерово шаарында жайгашкан "Зимняя вишня" соода борборунда өрт 25-мартта болду. Андан төрт адам - үч бала жана бир аял каза тапты. ТАСС агенттиги Орусиянын Тергөө комитетине шилтеме берүү менен жараат алгандардын саны 30га жеткенин билдирди. Буга чейин өрттөн төрт бала мерт кетип, тогуз адам жараат алганы кабарланган. Жабыркагандардын бири өзүн куткарам деп үчүнчү кабаттан секирип кеткен. Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, өрт аталган... Читать дальше...

Azattyk.org 

Орусияда соода борборундагы өрт төрт баланын өмүрүн алды

«Азаттыктын» орус кызматы билдиргендей, Кемерово шаарында жайгашкан "Зимняя вишня" соода борборунда өрт 25-мартта болду. Андан төрт бала каза таап, тогуз киши жаракат алып ооруканага жаткырылды. Алардын экөө балдар. Жабыркагандардын бири өзүн куткарам деп үчүнчү кабаттан секирип кеткен. Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей,  аталган соода борборунун кинотеатр жана балдар аянтчалары жайгашкан төртүнчү кабатынан чыккан. Себеби азырынча белгисиз. Аны өчүрүү иштери уланып жатат. Имараттан 200дөй киши чыгарылганы кабарланды. Читать дальше...

Azattyk.org 

Түркияда өрттөн жабыркаган кыргызстандык кыздын абалы оор

Түркиянын Измир шаарында өрттөн жабыркап, ооруканада жаткан кыргызстандык 24 жаштагы кыздын абалы оор.  Бул тууралуу анын туугандары билдиришти. Маалыматка караганда, кыздын омурткасына операция жасалып, белине пластик коюлган. Өзү тамак жеп, сүйлөп калды. Бирок буту азырынча кыймылдай элек. Учурда аны апасы карап жатат. Акыркы эки күндөн бери абалы оорлой баштаган. Измир шаарында 8-мартта беш кабаттуу мейманканада чыккан өрттөн ал жерде иштеген кыргызстандык жаран да жараат алган. (ElB)

Azattyk.org 

Беларус: "Эркиндик күнүндө" оппозициялык активисттер кармалды

Беларустун баш калаасы Минск шаарында өлкөнүн эгемендигинин жүз жылдыгы белгиленген "Эркиндик күнүндө" ондогон жарандык активисттер кармалды.  "Азаттыктын" беларус кызматынын эсеби боюнча Минск шаарынын борборунда жүрүш өткөрүүнү көздөгөн 70тен ашык киши милицияга түштү.  Бийлик уруксат бербеген акцияны оппозиционер Николай Статкевич уюштурган. Анын тарапкерлери Беларустун башка шаарларында да кармалганы кабарланды.  Өлкөдөгү оппозициялык активисттер жыл сайын "Эркиндик күнүндө" нааразылык акциясын өткөрөт. Читать дальше...

Azattyk.org 

Израил Газада ХАМАС кыймылына абадан сокку урду   

Израилдин аба күчтөрү 25-мартка караган түнү Газа секторунда ХАМАС кыймылына сокку урду.  Израилдин куралдуу күчтөрүнүн өкүлү "аба соккусу Газа секторунун түштүгүндө жайгашкан Рафахтагы террордук ХАМАС кыймылынын комплексине урулду" деп билдирди. Газадагы палестиналык булактар учактар ХАМАСтын базасына сокку урганын, бирок курмандыктар жоктугун, кыйроолор болгонун маалымдады.   Израилдин соккусу күйүүчү зат куюлган бөтөлкөлөрдү көтөргөн төрт палестиналык ишембинин кечинде Газа секторунун Киссуфим... Читать дальше...

Azattyk.org 

Шабдан Баатыр көчөсүнүн аталышы качан өзгөртүлөрү белгисиз

Бишкек мэриясы Шабдан Баатыр көчөсүн "7-апрель" деп өзгөртүү боюнча шаардык кеңештин чечимин качан аткараары белгисиз. Шаар бийлиги бул тууралуу маалымат тарата элек.  Бишкек шаардык кеңеши 19-мартта Шабдан Баатыр көчөсүнүн Түштүк магистралдан Чүй проспектине чейинки бөлүгүн "7-апрель" деп өзгөртүү тууралуу токтом кабыл алган. Муну менен 2013-жылы кабыл алынган башкалаадагы көчөлөрдүн аталыштарын өзгөртүүгө тыюу салган мораторийди бузган. Ошол эле кезде депутаттар Шабдан Баатырдан башка көчөлөрдүн... Читать дальше...

Azattyk.org 

Кадыров кылмышкерлер менен жолугушканы тартылган видео жарыялады 

"Новая газета" Чеченстан президенти Рамзан Кадыровдун "ВКонтакте" социалдык тармагында жарыялаган видеодо буюртма киши өлтүрүүгө шектүү катары федералдык бийлик тарабынан жана эл аралык издөөгө алынган Шаа Турлаев бар экенин билдирди.  Маалыматка караганда, Кадыров менен Турлаевдин жолугушуусу Беной кыштагында өткөн. Ага мурдагы чечен сепаратисттери катышкан. Арасында Аслан Масхадовго кызмат өтөгөн Магомед Хамбиев бар. Видеодо кадр артында Кадыров Бенойдогу жолугушуунун катышуучулары тууралуу "мыктылардын мыктысы" деп комментарий берген. Читать дальше...

Azattyk.org 

Өзбекстандык укук коргоочунун бир тууганы Кыргызстанда кармалды

Кыргызстанда "Алга Каракалпакстан! Республиканын көз карандысыздыгы үчүн" кыймылынын лидери, активист Аманбай Сагидуллаевдин бир тууганы Жумабай Сагидуллаев кармалды. Бул тууралуу "Кылым шамы" укук коргоо уюмунун жетекчиси Азиза Абдирасулова билдирди. Анын айтымында, Сагидуллаевди милиция 23-мартта кармаган. Буга Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын өтүнүчү себеп болгону айтылууда.  Жумабай Сагидуллаев Өзбекстанда "мыйзам бузган эмес, өзбек бийлиги аны бир тууганынын саясий ишмердүүлүгү үчүн" куугунтуктап жатат. Читать дальше...

Azattyk.org 

Ат-Башы жана Нарын райондорунда фельдшердик пункттар ачылды

24-мартта Нарын облусунун Ат-Башы районунун Бирлик айылы менен Нарын районунун Эмгек-Талаа айылында Түркия өкмөтүнүн эл-аралык кызматташуу агенттиги (ТИКА) тарабынан курулган эки фельдшердик-акушердик пункттар (ФАП) расмий ачылды.  Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев билдирди. Ачылыш аземине ТИКА уюмуун башчысынын орун басары Мехмет Сюррея Эр, ТИКАнын Бишкектеги координатору Али Муслу, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты. Маалыматка караганда, ар бир... Читать дальше...

Azattyk.org 

Ат-Башы жана Ак-Талаа райондорунда фельдшерлик пункттар ачылды

24-мартта Нарын облусунун Ат-Башы районунун Бирлик айылы менен Ак-Талаа районунун Эмгекчил айылында Түркия өкмөтүнүн эл-аралык кызматташуу агенттиги (ТИКА) тарабынан курулган эки фельдшердик-акушердик пункттар (ФАП) расмий ачылды.  Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев билдирди. Ачылыш аземине ТИКА уюмуун башчысынын орун басары Мехмет Сюррея Эр, ТИКАнын Бишкектеги координатору Али Муслу, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты. Маалыматка караганда, ар бир... Читать дальше...

Azattyk.org 

"Бу ырайымсыз жарыкчылыкты эми көрбөй эле кой"

Орозбек Айтымбетовдун чыгармачылыгын кош бутакка ажыратып караса болот. Анын лиризмге жыш аңгеме, повесттери менен соңку жылдары жараткан “Кара кыргыз” тарыхый изилдөөлөрүнүн ортосунда олуттуу дегидей айырмасы бар. О. Айтымбетовдун “Акыркы төөчү” аңгемеси тууралуу адабий сынчынын сереби.

Azattyk.org 

Аба ырайы: жаан жаайт

Кыргызстанда 26-мартта күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кечке маал жаан жаашы мүмкүн. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден айрым жерлерде 17-22 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 10...15, күндүз 15...20; Таласта түнкүсүн 10...15, күндүз 15...20; Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 11...16, күндүз 18...23; Баткенде түнкүсүн 11...16... Читать дальше...

Azattyk.org 

Евробиримдик Орусияга каршы кошумча чараларды макулдашты

Европа биримдигине мүчө мамлекеттер Брюсселдеги саммитте Орусияга карата кошумча чараларды колдонууну макулдашты. Мындай чечим Британияда мурдагы орус чалгынчысынын ууланышына байланыштуу кабыл алынды.  Москва Евробиримдикти "Орусияга каршы Лондон жүргүзүп жаткан иш-аракеттерге кошулду" деп айыптады. Кремл "Сергей Скрипал жана анын кызын ууландырууга катышы бар" деген айыптоолорду четке кагып келет.   Германия канцлери Ангела Меркел 23-марттагы саммитте британ премьер-министри Тереза Мэй көрсөткөн далилдер "негиздүү" экенин билдирди. Читать дальше...

Azattyk.org 

Депутат "Үй-бүлө кодексине" өзгөртүү киргизүүнү сунуштады

Парламенттеги КСДП фракциясынын депутаты Карамат Орозова «Үй-бүлө" кодексине өзгөртүү киргизип, ата-энелердин жоопкерчилигин күчөтүүнү сунуштады. Эл өкүлү бул тууралуу 23-мартта Бишкекте өткөн «Кыздардын укуктарын коргойбуз, эрте никеге жол бербейбиз!» деп аталган талкууда билдирди.  Анын айтымында, Кыргызстанда секелектерди ала качуу, жаш балдарга карата зомбулук менен зордуктоо фактылары боюнча козголгон кылмыш иштери экинчи тараптын арызынын негизинде жабылган учурлар бар: - Бойго жетелек кыздар психологиялык жактан да... Читать дальше...

Azattyk.org 

Мигранттар өз айылына спортзал курду

Жалал-Абаддын Сузак районуна караштуу Багыш айылында жаңы спортзал ачылды. Айылдын чет өлкөлөрдө иштеген жаштары курган спортзалдын ачылышына Жогорку Кеңештин депутаттары жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен тургундар катышты. Мигрант жаштардын фонду эми айылда жаштар аллеясын курганы жатат.

Azattyk.org 

Мигранттар айылына спортзал курду

Жалал-Абаддын Сузак районуна караштуу Багыш айылында жаңы спортзал ачылды. Айылдын чет өлкөлөрдө иштеген мигрант жаштары курган спортзалдын ачылышына Жогорку Кеңештин депутаттары жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен тургундар катышты. Мигрант жаштардын фонду эми айылда жаштар аллеясын курганы жатат.


Лучшие диджеи Казани собрались на EVENT DJ BATTLE ПРИВОЛЖЬЕ

«Екатеринбурггаз» отложил раскопки в саду у «косого дома»

Такси с подзарядкой. Рассказываем о перспективах развития электротакси в Перми

МЧС: Площадь пожара на севере Москвы увеличилась до 200 квадратных метров



Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

«Екатеринбурггаз» отложил раскопки в саду у «косого дома»

Такси с подзарядкой. Рассказываем о перспективах развития электротакси в Перми

МЧС: Площадь пожара на севере Москвы увеличилась до 200 квадратных метров

Минспорт России включил в федеральный проект крытый ледовый каток в Абазе

Музыкальные новости

Актер Театра сатиры Анисимов перенес инфаркт при знакомстве с новым руководством

В ПРЕДДВЕРИИ ДНЯ РОССИИ РОСГВАРДЕЙЦЫ ПРОВЕЛИ ПРАЗДНИЧНОЕ МЕРОПРИЯТИЕ ДЛЯ ДЕТЕЙ

18 заявок от Нижегородской области подано на конкурс «Малые города и исторические поселения»

«Виртуальный Западный Азербайджан» - кладезь фальсификаций

Новости России

Синоптик предрек «мегаливень» в Москве в День России

«Екатеринбурггаз» отложил раскопки в саду у «косого дома»

Лучшие диджеи Казани собрались на EVENT DJ BATTLE ПРИВОЛЖЬЕ

Посол Израиля в РФ рассказала о россиянах в плену у ХАМАС

Экология в России и мире

Пошив костюма по индивидуальным размерам

Приглашенные солистки выступят в опере «Руслан и Людмила»

Глава Следкома России Александр Бастрыкин вступился за полицейского, которого выживают из МВД за случайное уbийство азербайджанца

Новые электрические щетки Revyline RL 085 Black доступны в филиале марки в Ставрополе

Спорт в России и мире

Андреевой предрекли борьбу за топ-10 рейтинга WTA в текущем сезоне

Зверев и Рууд не пожали друг другу руки после полуфинала «Ролан Гаррос» – из-за проблем с желудком у норвежца

«Мирра Андреева обладает удивительной выживаемостью» // Олимпийская чемпионка по теннису Елена Веснина об итогах женского Roland Garros

Калинская поддержала Синнера после поражения на "Ролан Гаррос"

Moscow.media

Роман Старовойт выразил готовность оказывать дальнейшую поддержку в строительстве Ленского моста в Якутии

«Автодор» – к концу 2025 года скоростными дорогами госкомпании будет охвачена половина населения России

Армянские ковры Арцаха (Карабаха) с уникальным орнаментом представлены как «генетический код» Азербайджана - сайт monumentwatch

Гора Бабырган







Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *