Мы в Telegram
Добавить новость
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer


Март
2018

Новости за 14.03.2018

Azattyk.org 

1930-жж.: Мугалим Доскул Артыков ак жерден камалып, набыт кеткен

1930-жылдары сталиндик жазалоонун кандуу капканына кабылбаган билимдүү адамды совет өлкөсүнөн табыш кыйын. Тажикстандын Жерге-Тал районундагы Жайылган айылынан эле 19 киши жок кылынган. Түрмөгө түшүп, адам чыдагыс азаптарды башынан кечирген адамдар саны андан да көп.

Azattyk.org 

Владимир Путин аннексияланган Крымга барды

Президент Владимир Путин шайлоо өнөктүгү соңуна чыгып калган маалда Орусия каратып алган Крымга барды. Орус лидери Керчь кысыгындагы көпүрөнү дагы көргөнүн орусиялык маалымат агенттиктери кабарлады. Путин ошондой эле Симферопол аэропортунун жаңы терминалына кирип, шаардагы митингге катышат.   Украин президенти Петро Порошенко Путиндин визитин «кооптуу чагым» деп комментарийлеп, дүйнөлүк коомчулукту аннексияланган Крымды тааныбоого үндөдү. Орусияда шайлоо 18-мартта өтөт, бул күнү Орусияга Крымдын кошулганы дагы белгиленет.

Azattyk.org 

Лондон-Москва саясий кризиси

Орусиянын мурдагы тыңчысы Сергей Скрипалдын ууландырылышына байланыштуу Орусиянын 23 дипломаты Британиядан чыгарылат. Лондондун мындай чечими Орусияда даярдалган ууландырчу зат Британияга кандайча барып калганын түшүндүрүп берүү талабын Москва жоопсуз калтырганы үчүн кабыл алынды.

Azattyk.org 

Темир жолдогу жемкорлук

“Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” телеберүүсү “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасындагы коррупциялык схемаларды иликтеди. Ишкана директору Алмазбек Ногойбаевдин кызы темир жолго таандык жерге мейманкана курган жана курулуш иштерин “Кыргыз темир жолунун” алдындагы “Мостоотряд” ишканасы бүтүргөн. Мындан сырткары Ногойбаевдин кызы жана күйөө баласы вагондордун пломб, коддорун саткан компанияга ээлик кылары белгилүү болду.

Azattyk.org 

Өкмөт "Акылдуу шаар" келишимин үздү

Кыргыз өкмөтү "Акылдуу шаар" долбоору боюнча кытайлык "Huawei Technologies" компаниясы менен келишимден чыкты. Муну өкмөт "айрым милдеттенмелерди кытайлык компания аткарган жок" деп негиздеди жана долбоорду өкмөт өзү ишке ашырарын билдирди.

Azattyk.org 

Алтын казган компаниялар салыкты көтөрүүгө каршы

Эл аралык ишкердик кеңеши жана “Ernst & Young” компаниясы Кыргызстанда алтын өндүргөн ишканаларга салыктарды жана бажы төлөмдөрүн көтөрүүнү сындап чыкты. Алар бул көрүнүш компанияларды банкротко кыларын билдирүүдө. Ал эми бийлик өкүлдөрү салык жана бажы алымдарын көбөйтүү толук чечиле электигин кабарлоодо. 14-марттагы Бишкектеги жыйында ушул маселелер каралды.

Azattyk.org 

Мурдагы министр 10 жылга кесилди

Казакстандын мурдагы экономика министри Куандык Бишимбаев 10 жылга кесилди. Ангела Меркел кайрадан канцлерликке шайланды. Француз бажычылары 2017-жылы 100 тоннадай маңзатты колго түшүрдү. АКШда заводдон чыккан зыяндуу калдыктан бут кийим жасалды.

Azattyk.org 

Милиция: "Дүкөндү жардырам" деп коркуткан киши "Йакын инкардын" мүчөсү

Бишкек шаарындагы Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан "Народный" дүкөнүн "жардырам" деп коркуткан киши "Йакын инкар" экстремисттик тобуна мүчө экени аныкталды. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Адыл Оморов "Азаттыкка" билдирди. Анын маалыматына караганда, окуя 12-мартта болгон. Түнкү саат 03:30 чамасында баштык көтөргөн белгисиз киши дүкөндү жардырарын айтып, коркутуп жатканы тууралуу кабар түшкөн. Октябрь райондук милиция бөлүмүнүн кызматкерлери барып, 31 жаштагы адамды кармашкан. Читать дальше...

Azattyk.org 

"Дүкөндү жардырам" деп коркуткан киши "Йакын инкардын" мүчөсү болгон

Бишкек шаарындагы Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан "Народный" дүкөнүн "жардырам" деп коркуткан киши "Йакын инкар" экстремисттик тобуна мүчө экени аныкталды. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Адыл Оморов "Азаттыкка" билдирди. Анын маалыматына караганда, окуя 12-мартта болгон. Түнкү саат 03:30 чамасында баштык көтөргөн белгисиз киши дүкөндү жардырарын айтып, коркутуп жатканы тууралуу кабар түшкөн. Октябрь райондук милиция бөлүмүнүн кызматкерлери барып, 31 жаштагы адамды кармашкан. Читать дальше...

Azattyk.org 

Британия 23 орус дипломатын чыгарат

Британиянын премьер-министри Тереза Мэй Солсбери шаарында орус тыңчысы менен анын кызынын ууландырылышына байланыштуу 23 орусиялык дипломат бир аптанын ичинде өлкөдөн чыгып кетиши керектигин жарыялады. Ошондой эле Британия Орусия менен түзүлгөн жогорку деңгээлдеги эки тараптуу байланыштарды токтотот. Британ өкмөт мүчөлөрү жана падышалык үй-бүлө Орусияда өтчү футбол боюнча дүйнөлүк мелдешке катышпайт.  “Скрипаль менен анын кызынын өмүрүнө кол салуунун артында орус мамлекети турат дегенден башка эч кандай тыянак жок” деди Мэй. Читать дальше...

Azattyk.org 

Москва Лондон менен кызматташуунун шартын билдирди

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Англияда мурдагы орус тыңчысы менен анын кызынын ууландырылышы боюнча ишке Москва расмий кайрылуу алгандан кийин он күндүн ичинде жооп берерин билдирди. Бул тууралуу Би-Би-Си кызматы кабарлады.  12-мартта британ өкмөт башчы мурдагы орус тыңчысы кызы экөө Британияда ууландырылганда колдонулган уулуу зат боюнча 24 сааттын ичинде түшүндүрмө берүүнү Москвадан талап кылган. АКШ, Евробиримдик жаан НАТО британ премьеринин "Скрипал кызы экөө Орусияда жасалган... Читать дальше...

Azattyk.org 

Жалал-Абадда республикалык универсиада өтүүдө

Жалал-Абад шаарындагы Эл аралык университетте Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын студенттери катышкан республикалык универсиада өтүп жатат. Бул тууралуу шаардык мэрия “Азаттыкка” билдирди. Спорттун беш түрү - волейбол, кичи футбол, эркин күрөш, кыз-келиндер күрөшү жана бокс боюнча Бишкек, Ош, Баткен шаарларынан келген 19 команда күч сынашууда. Мындан жеңишке жетишкен командалар Орусияда өтүүчү дүйнөлүк универсиадага жолдомо алышат. Мелдештин ачылышы бүгүн өттү. Оюндар 17-мартка чейин уланат. Читать дальше...

Azattyk.org 

Алп окумуштуу чексиз ааламга бет алды

14-мартта британиялык окумуштуу, дүйнөдөгү эң белгилүү астрофизик Стивен Хокинг 76 жашында дүйнө салды. Өмүрүнүн көбүн майыптын арабасында өткөргөнү менен профессор илимге чоң салым кошуп, аалам сырларын изилдөө тармагында бир топ жаңы ачылыштарды жасаган.

Azattyk.org 

Байсалов: Өкмөт ишенимден кетти

Коомдук ишмер Эдил Байсалов Сапар Исаков баштаган өкмөт ишенимден кетти деп эсептейт. Мындай пикирин бүгүн ал “Азаттыкка” өкмөттүн “Акылдуу шаар” долбоору боюнча тараткан билдирүүсүнө байланыштуу курган маегинде айтты: - "Аны өз күчүбүз менен эле жасабайлыбы?" десек алар: “Биз жакшы билебиз, ойлондук, эл аралык тажрыйбаны эске алдык” деп кайра бизди мазактап, жаман көрсөтүшкөн. Эми ким ишенет? Ишенимден таптакыр чыкты. Өз ыктыяры менен кетиши керек.  Кыргыз өкмөтү «Акылдуу шаар» инвестициялык... Читать дальше...

Azattyk.org 

Байсалов: Өкмөткө ишеним калган жок, кызматтан кетсин

Коомдук ишмер Эдил Байсалов Сапар Исаков баштаган өкмөт тез арада кызматтан кетиши керек деп эсептейт. Мындай пикирин бүгүн ал “Азаттыкка” өкмөттүн “Акылдуу шаар” долбоору боюнча тараткан билдирүүсүнө байланыштуу курган маегинде айтты: - Аны өз күчүбүз менен эле жасабайлыбы десек алар “биз жакшы билебиз, ойлондук, эл аралык тажрыйбаны эске алдык” деп кайра бизди мазактап, жаман көрсөтүшкөн. Эми ким ишенет? Артынан ким ээрчийт? Ишенимден таптакыр чыкты. Өз ыктыяры менен кетиши керек. Кетпесе, өкмөттүк кризис деп буга чейин айтып жаттык эле... Читать дальше...

Azattyk.org 

Ооганстанда ондой аскер окко учту

Ооганстанда эки жерге кол салуудан он чакты аскер кызматкери курман болду. Кабулга келген АКШнын коргоо министри айрым талибдер ооган өкмөтү менен тынчтык сүйлөшүүсүн баштагысы келээрин кабарлады.

Azattyk.org 

Казакстанда экс-министр Куандык Бишимбаев 10 жылга кесилди

Астана соту мурдагы экономика министри Куандык Бишимбаевди жемкорлук боюнча айыптуу деп таап, 10 жылга катаал режимдеги абакка кести. 38 жаштагы Бишимбаев өмүр бою мамлекеттик кызматта иштөө укугунан да ажыратылып, мүлкү конфискацияланды. Ал буга чейинки сотто президенттин жана элинин ишеничин актай албаганы үчүн Назарбаевден кечирим сураган. Бишимбаев 2016-жылы сегиз ай министрдин кызматын аркалаган. 2017-жылы кармалган. Тергөөнүн версиясы боюнча Бишимбиев “Байтерек” холдингин жетектеп турганда “1 млрд. Читать дальше...

Azattyk.org 

Бишкектеги коомдук унаалардын айдоочулары атайын форма кийишет

Бишкек шаардык транспорт башкармалыгынын маалыматы боюнча, баш калаадагы коомдук унаалардын айдоочулары атайын форма менен камсыздала баштады. Маршруттук каттамдагы унаа айдоочусунун формасы көк түстөгү желетке болот. Анда айдоочу иштеген ишкананын аталышы жана Бишкек мэриясынын эн белгиси түшүрүлгөн.  Униформаны алгачкылардан болуп №: 100,101, 147, 192, 193 каттамдагы унаалардын айдоочулары кийип чыгышат. Ал эми автобус-троллейбустардын айдоочулары үчүн жыл мезгилине ылайык, өзүнчө кийим каралууда. Читать дальше...

Azattyk.org 

Өкмөт "Акылдуу шаар" келишиминен чыкты

Кыргыз өкмөтү «Акылдуу шаар» инвестициялык долбоору боюнча милдеттенмелер аткарылбаганына байланыштуу келишимден чыгууну чечти. Бул тууралуу бүгүн өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Azattyk.org 

Өкмөт: "Акылдуу шаар" келишиминен чыктык, аны өзүбүз ишке ашырабыз

Кыргыз өкмөтү «Акылдуу шаар» инвестициялык долбоору боюнча милдеттенмелер аткарылбаганына байланыштуу келишимден чыгууну чечти. Бул тууралуу бүгүн өкмөттүн маалымат катчысы Чыңгыз Эсенгулов кабарлады: - Милдеттенмелердин аткарылбагандыгы келишимде жазылган мөөнөт сакталбагандыгына, тагыраак айтканда, долбоорду ишке ашыруу боюнча сапатсыз документтердин даярдалышына байланыштуу болду. «Биз инвесторлордун ресурстарын жана мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланууну көздөгөнбүз, бирок тең-инвесторлор долбоорду ишке ашырууну создуктуруп... Читать дальше...

Azattyk.org 

Баткендик мугалим ишкердикти да өздөштүрдү

Баткен районундагы Ак-Сай айылынын мугалиминин ишкердиги айылдаштарына дем берип, үлгү болууда. Ал тоок багып, күнүнө эки жарым миң жумуртканы Тажикстанга экспорттоп турат. Айылдык эжейдин демилгесин колдогон үй-бүлө эми башкалар үчүн жумуш ордун түзүүгө аракеттенүүдө.

Azattyk.org 

Кыргызстан менен Индия биргелешкен аскердик машыгуу өткөрөт

«Канжар -2018» деп аталган аскердик машыгуу 14-30-март күндөрү Индияда болот. Ага Кыргызстандын атынан Куралдуу күчтөрдүн кургактагы аскер контингенти катышат. Эки жума бою кыргызстандык жана индиялык аскерлер тоо шартында согушкерлерди жок кылуу боюнча биргелешкен атайын операция жүргүзүүнүн жолдорун иштеп чыгышат.  Биргелешкен машыгуунун планы боюнча тактикалык, тоо, аскер-медициналык, ок атуу даярдыгы боюнча, чабуул учурунда имарат ичиндеги аракеттердин тактикасы жана катаал шарттарда жашоо аракетинин усулдары боюнча сабактар өткөрүлөт. Читать дальше...


Какие астрономические явления туляки смогут увидеть в июне

Примани, венок, жениха богатого: какие народные гадания до сих популярны у россиян

Посол России Кураков: Сенегал заинтересован в покупке российских вертолётов

Африка получила русскую нефть из Арктики: Москва поставила Гане 1 млн баррелей



Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Примани, венок, жениха богатого: какие народные гадания до сих популярны у россиян

Перенесенный из-за теракта в «Крокусе» концерт группы «Пикник» прошел в Москве

Топ-клуб РПЛ из Москвы заинтересован в трансфере Зайнутдинова

«Не вздумайте покупать этот чай даже по акции»: Росконтроль назвал 3 марки, которые в черном списке

Музыкальные новости

Топ-клуб РПЛ из Москвы заинтересован в трансфере Зайнутдинова

Певица Пелагея разделила имущество с бывшим мужем

Олег Рой и Дарья Донцова высказались о необходимости масштабирования опыта Башкортостана в проведении книжных фестивалей

ЦБ: В Татарстане все школы присоединились к урокам финграмотности

Новости России

Примани, венок, жениха богатого: какие народные гадания до сих популярны у россиян

Ислам Махачев прокомментировал победу над Дастином Порье на турнире UFC 302

Врач Тяжельников рассказал, какие напитки нельзя пить в жару

Владимирцам напомнили об ограничении скорости из-за ремонта на трассах М-7 и Р-132 «Золотое кольцо»

Экология в России и мире

Глава Реутова проверил содержание территории города

Бесплатные ежедневные тренировки от сети фитнес-клубов Spirit. Fitness в парке Горького/Музеон

Пять морей и одно озеро: в России создадут новые круглогодичные курорты - стали известны подробности

Секрет долгожителей Азии раскрыт: гастроэнтеролог Садыков рассказал о пользе красного риса

Спорт в России и мире

Бывшая российская теннисистка спела гимн Франции: «Я здесь дома»

Ролан Гаррос. Расписание 2 июня. Потапова и Швентек сыграют первым запуском, Синнер – последним

Вице-президент ФТР Селиваненко: у Рублева не пошла игра с Арнальди

Синнер повторил уникальное достижение Джоковича и Надаля на турнирах «Большого шлема»

Moscow.media

РОССИЮ ОЖИДАЕТ ПЛЮС 50 ГРАДУСОВ: КАКИМ ГОРОДАМ ЖДАТЬ АНОМАЛЬНУЮ ЖАРУ

Лучший HR-бренд – «Грузовичкоф»

Вечернее поле.

Муруджинские озера







Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *