Батыс Казакстан облусуна караштуу Орал шаарынан он чакырымдай алыстыктагы Желаево айылынын эли суу ташкындын экинчи толкунуна даярданууда. Анткени коңшу Орусия Урал дарыясына (казакча Жайык) агызган суу кескин көбөйүп, өзөн боюндагы айылдарды суу каптаган.
Кыргыз тайганы Борбор Азия чөлкөмүндөгү эң байыркы ит тукуму катары айтылып келет. Ал күлүк жана жытчыл келип, мурдатан эле аң улоо үчүн колдонулган. Соңку жылдары "Салбуурун" менен катар эле тайгандардын жарышына кызыгуу күчөп, атайын ушул максатта тайгандарды кармагандар көбөйдү.
Бишкек мэриясы Ататүрк паркынын чек арасын мурдагы абалына кайтарууну көздөп жатат. Парктын бир топ бөлүгү жеке менчикке өтүп, турак жай курулган эле. Үй салып алгандардын катарында аткаминерлер да бар.