Мы в Telegram
Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer


Январь
2018

Новости за 29.01.2018

Azattyk.org 

Үшүгөн үйлөр, шаштысы кеткен шаардыктар

Жылуулук электр борборунда болгон авария шаар тургундарын жүдөттү. Борбор калаанын көпчүлүк борборунда жылуулук да, жарык да жок. Шаар тургундары өз арбайын согуп күн кечирүүдө.

Azattyk.org 

Кабул: аскер академиясына кол салуу болду

Кабулда куралчан топ аскер академиясына чабуул койду. Андан 11 аскер мерт болду, 16сы жараат алды. Соңку чабуулга жоопкерчиликти өзүн "Ислам мамлекети" деп атаган радикал топ алды. Акыркы эле жумаларда ооган башкалаасында бир нече кандуу кол салуу болду.

Azattyk.org 

УКМК: Кыргызстанда террордук топ түзүүгө камынган чет элдиктер кармалды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдиргендей, үч чет элдик киши 13-январда террорчуларды аныктоо боюнча операциянын жүрүшүндө кармалган. Атайын кызмат алардын КМШнын курамындагы мамлекеттердин биринин жарандары экенин билдирди. Бирок кайсы өлкө экенин тактаган жок.  Маалыматка караганда, кармалгандардын бири "эл аралык террордук уюмдун курамында мурда Сириянын аймагында болгон, кылмыш кылган" деп издөөгө алынган. Мунапыс жарыяланганына байланыштуу укук коргоо органдарына өз эрки менен келип... Читать дальше...

Azattyk.org 

Кабулдагы чабуулда мерт болгондордун саны 11 адамга жетти

Ооганстандын борбору Кабулдагы көзөмөл бекетинде болгон чабуулдан мерт болгон аскерлердин саны 11ге жетти. Дүйшөмбүдөгү кол салуудан дагы 16 адам жарадар болгонун өлкөнүн Коргоо министрлиги кабарлады.  "Маршал Фахим" аскер академиясынын коопсуздугун камсыз кылган көзөмөл бекетине беш согушкер кол салган. Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Давлат Вазиринин айтымында, эки жанкечти өздөрүн жардырып жиберишсе, дагы эки согушкер атышуудан мер болгон. Коопсуздук кызматкерлери бир согушкерди тирүү кармашкан. Читать дальше...

Azattyk.org 

30-январга карата аба ырайы тууралуу маалымат

30-январда Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жана кээ бир тоолуу райондордо бир аз кар жаайт.  Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым райондорун туман каптайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түндүк-батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрден 14 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 18...23, күндүз -4...-9; Таласта түнкүсүн -18...-23, күндүз -5...-10; Ош жана Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -5...-10, күндүз -3...+2; Баткенде түнкүсүн -6...-11... Читать дальше...

Azattyk.org 

БУУнун грек-македон талашы боюнча чабарманы Афиныга келет

Македониянын аталышына байланыштуу Афины менен Скопьенин ортосунда 27 жылдан бери чечилбей келаткан талашка арачылык кыла турган Улуттар Уюмунун өкүлү бүгүн Грецияга эки күндүк сапары менен келет. БУУнун чабарманы Мэтью Нимиц Грециядан кийин эки күнгө Македонияга барат.  Греция Югославия мамлекети ыдырагандан кийин 1991-жылы өз алдынчалыгын жарыялаган республиканын Македония деп аталганына каршы болуп келатат. Расмий Афины Грециянын түндүгүндөгү аймак да Македония деп аталаарын белгилеп, мындай... Читать дальше...

Azattyk.org 

Көп кабаттуу үйлөрдүн көбү электр энергиясына өттү

Бишкектеги көп кабаттуу батирлердин жашоочуларынын көпчүлүгү үйлөрүн электр жылыткычтар менен жылытууга аргасыз болуп жатканын билдиришүүдө.  - Батареяда билинер-билинбес жылуулук бар. Сууктан улам бала бакчалар да иштебей, беш балабыз менен жылыткычтын алдынан жылбай эле топтошуп отурабыз, - деди башкалаанын 7-кичи районунун жашоочусу Эрмек Кайнаров.   Туңгуч, Аламүдүн-1, Чыгыш-5, Жал жана башка кичи райондордо да тургундар батареялар муздак экенин, батирлерди электр жана газ жагып жылытууга аракеттенип... Читать дальше...

Azattyk.org 

Бишкекте жылуулук качан калыбына келери белгисиз

Бишкек Жылуулук электр борборунда өткөн маалымат жыйынында тиешелүү ишканалардын жетекчилери жылуулук качан толук калыбына келерин айта алышкан жок. "Улуттук энерго холдинг" ишканасынын жетекчисинин орун басары Нурлан Садыков "температураны жогорулатуу боюнча саат сайын колдон келген бардык аракеттер көрүлөт" деп айтуу менен чектелди.  Ал борбордогу азыркы абал жеңил эместигин мойнуна алды, оңдоо иштери уланып жатканын кошумчалады. 26-январдын кечинде Бишкек ЖЭБинде авария болгон. Ошондон бери... Читать дальше...

Azattyk.org 

"Улуттук энерго холдинг": ЖЭБдеги кырдаал жеңил эмес

"Улуттук энерго холдинг" ишканасынын жетекчисинин орун басары Нурлан Садыков Бишкек жылуулук электр борборундагы азыркы абал жеңил эместигин мойнуна алды. Бул тууралуу ал аталган борбордо өтүп жаткан маалымат жыйынында айтып, жылуулукту калыбына келтирүү иштери уланып жатканын белгиледи:  - Кырдаал жөнөкөй эмес. Ошого жараша аракет көрүп жатабыз. Температура кескин төмөндөп, бизге көп көйгөй жаратты. Биринчиден, шаар тургундарынан кечирим сурайбыз. Ар бирибиздин өзүбүзгө жараша жоопкерчилигибиз, күнөөбүз бар. Читать дальше...

Azattyk.org 

Красногорсктогу өрттө төрт тажик жараны каза тапты

Москванын жанындагы Красногорск шаарында батирде чыккан өрттөн Тажикстандын төрт атуулу каза тапты. Бул тууралуу Орусиянын Тергөө комитети 29-январда кабарлады.  Маалыматка ылайык, 48 жаштагы тажикстандык аял жана анын алты жашар небереси 28-январда өрт учурунда жан берген. 48 жаштагы тажик жараны жана анын 13 жаштагы уулу болсо ооруканада көз жумган.  Ижарага алынган бул батирде Тажикстандын тогуз жараны жашап келгени белгилүү болду. Азырынча өрткө эмне себеп болгону тактала элек.

Azattyk.org 

"Грэмми": Ырчы Бруно Марс мыкты аталды

Нью-Йоркто жекшембинин кечинде "Грэмми" сыйлыгын тапшыруу аземи өтүп, анда R&B ырчысы Бруно Марс алты номинацияда мыкты аталды. Анын "That's What I Like" деген ыры "жылдын мыкты ыры" наамын жеңип алса, "24K Magic" "жылдын мыкты альбому" болуп калды.  Америкалык ырчы Кендрик Ламар рэп жанрында баш-аягы беш сыйлыкка ээ болду. Рэп ырчы Jay-Z болсо "4:44" альбому үчүн сегиз номинацияда атаандашканы менен алардын бирөөн да ута алган эмес.  Сыйлык тапшыруу аземи учурунда атактуу адамдардын президент... Читать дальше...

Azattyk.org 

Манас Казакбаевдин “Класскому” азыр да актуалдуу

Манас Казакбаев - 60-жылдардын аягында адабиятка аралашкан муундун өкүлү. Бул кезде улут адабияты сапаттык жаңыланууну баштан кечирип, көркөм изденүүнүн иши жүрүшүп турган. М. Казакбаев алгач кыргыз окурмандарына акын катары таанылып, кийинчерээк кара сөзгө өтүп, бир топ аңгемелерди жарыялаган.

Azattyk.org 

Сузак: көчкү коркунучунан улам Ортоктогу мектеп жабылды

Сузак районунун Орток айылындагы Алыбаев атындагы № 61 орто мектеп жер көчкү коркунучуна байланыштуу толук жабылды. Окуучулар башка айылдагы эки мектепке көчүрүлүп жатканын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Сузак райондук бөлүмүнүн башчысы Алманбет Карыбеков билдирди.  Аталган мектепте 112 окуучу билим алчу. Мындан сырткары айылдагы маданият үйү, ФАП, китепкана да өз ишин токтотту.  Бүгүн айылдын 10дой тургуну жазга чейин мектепти ачып берүү талабы менен райондук администрацияга барышты. Аларды район акими кабыл алып... Читать дальше...

Azattyk.org 

Оморов: 386 млн долларга жаңы жылуулук борбор курса болмок

Мындай пикирин энергетика боюнча эл аралык эксперт Жаныбек Оморов “Азаттык” радиосуна билдирди. Оморовдун баамында, бийлик модернизациялоо иштеринин алдында эксперттердин тыянактарын укпагандыктан азыркыдай мүчүлүштүктөргө жол берилди. Бишкек жылуулук борборун модернизациялоо иши 2014-жылдын апрелинде башталып, былтыр августта аяктаган. Ага кеткен 386 миллион долларды Кытайдын Экспорт-импорт банкы насыя катары берген.

Azattyk.org 

Орусия: жекшембидеги акцияда 350дөн ашуун киши кармалды

Жекшембиде Орусиянын ондогон шаарындагы президенттик шайлоону бойкоттоого чакырган каршылык акцияларында кеминде 350 киши кармалды. Бул тууралуу акцияга байкоо салган "ОВД-Инфо" көз карандысыз медиа-долбоору кабарлады. Алардын маалыматына ылайык, Уфа шаарында 66, Волгоградда 65, Чебоксарыда 51, Москвада 16 киши кармалган.  Мындай камоолор Санкт-Петербург, Нижний Новгород, Новосибирск, Томск сыяктуу ондогон шаарларда да катталган. Бирок жекшембинин кечинде кармалгандарды көбү кайра бошотулганы белгилүү болду. Читать дальше...

Azattyk.org 

Кабулдагы чабуулдан кеминде беш аскер мерт болду

Ооганстандын баш калаасы Кабулда согушкерлер армиянын көзөмөл бекетине чабуул коюп, андан кеминде беш ооган жоокери мерт болду. Дүйшөмбүдөгү куралдуу кол салуудан дагы онго чукул адам жаракат алды.  Ооганстандын Коргоо министрлиги билдиргендей, эки жанкечти Кабулдагы Аскердик академиянын жанындагы көзөмөл бекетинде өздөрүн жардырып жиберишкен. Дагы эки согушкер атышууда каза таап, бирөө тирүү кармалды.  "Ислам мамлекети" радикал тобу өзүнүн "Амак" деп аталган сайты аркылуу бул чабуулга жоопкерликти алды. Читать дальше...

Azattyk.org 

Кыргызстан Түркияга эт сата алабы?

Түркияда эт өндүргөн жергиликтүү фермерлер мал чарбачылыгы күн санап кирешесиз тармак болуп баратканын белгилешүүдө. Өкмөт элин арзан баада эт менен камсыз кылыш үчүн 2010-жылдан бери өлкөгө эт азыктарын импорттой баштаган.

Azattyk.org 

Камактагы Бектур Асанов "кургак ачкачылык" жарыялайт

"Бийликти күч менен басып алууга аракеттенген" деп айып менен камакта отурган Бектур Асанов 30-январдан тартып "кургак ачкачылык" кармоону көздөп жатат. "Саясий туткундарды коргоо комитети" бейөкмөт уюму билдиргендей, Асанов бул аркылуу үй-бүлөсү, туугандары менен көрүшүүгө уруксат берилбей жатканына каршылык билдирет. Ошондой эле ал соттук териштирүү "адилетсиз болуп жатат" деп эсептейт.  Бишкектин Биринчи май райондук соту былтыр 17-апрелде  "бийликти күч менен басып алууга умтулган " деген негизде Эрнест Карыбековду 20 жылга... Читать дальше...

Azattyk.org 

Бишкек: 20га жакын көп кабаттуу үйдө жарык өчүп калды

Бишкектин 11-кичи районундагы № 11, 12, 13,14, 9-кичи районундагы № 3, 3А, 1, 5-кичи районунда № 73, 18,19 көп кабаттуу үйлөрдө электр жарыгы үзгүлтүккө учурады. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасы билдирди.  Маалыматка караганда, Батыш автобекетинин районунда, Токтоналиев-Ахунбаев көчөлөрүндөгү № 50, 48, 42, Чокморов көчөсүндөгү №254, Шевченко көчөсүндөгү №12, Бөкөнбаев көчөсүндөгү №95, Үмөталиев көчөсүндөгү № 11 турак жайда да жарык өчүп калган.   Азыр 34 бригада оңдоо иштери менен алектенип жатканы кабарланды. Читать дальше...

Azattyk.org 

Балдар үчүн кыргызча уюлдук тиркемелер чыкты

Эл аралык “Ага Хан” кайрымдуулук фондунун билим берүү программалары боюнча эксперти Бурулай Айтикулова демилгелеп, кыргыз тилинде “Ойноп китеп окуйбуз”, “Фан Китеп” жана “Балапан” аттуу үч тиркеме чыкты. Азыр бул уюлдук тиркемелерди 10 миңдей колдонуучу жүктөп, пайдаланып жатат. Жергиликтүү жазуучулардын бир нече китептеринин негизинде түзүлдү.

Azattyk.org 

Кыргызча балдар үчүн уюлдук тиркемелер чыкты

Эл аралык “Ага Хан” кайрымдуулук фондунун билим берүү программалары боюнча эксперти Бурулай Айтикулова демилгелеп, кыргыз тилинде “Ойноп китеп окуйбуз”, “Фан Китеп” жана “Балапан” аттуу үч тиркеме чыкты. Азыр бул уюлдук тиркемелерди 10 миңдей колдонуучу жүктөп, пайдаланып жатат. Жергиликтүү жазуучулардын бир нече китептеринин негизинде түзүлдү.

Azattyk.org 

Бишкектин базарларында электр жылыткыч алгандар көбөйдү

Бишкек жылуулук борборундагы авариядан кийин башкалаадагы базарларда электр жылыткычтарга суроо-талап көбөйдү. "Азаттык" радиосунун кабарчылары базарларды кыдырган учурда сатуучулар электр жылыткычтар 27-28-январдагы дем алыш күндөрү көп сатылганын билдиришти.  Бирок алардын баасы көтөрүлгөн эмес. Орто эсеп менен көлөмүнө, чыгарган өлкөсүнө, өндүрүүчүгө жараша 500 сомдон жогору сатылууда.   26-январдын кечинде Бишкек ЖЭБинде авария болуп, башкалаанын көп кабаттуу үйлөрүнүн жашоочулары, социалдык объектилер жылуулуксуз калды. Читать дальше...

Azattyk.org 

Жээнбеков өкмөт башчы менен ЖЭБдеги кырдаалды талкуулады

Президент Сооронбай Жээнбеков 29-январда премьер-министр Сапар Исаков менен Бишкек Жылуулук электр борборундагы кырдаалды талкуулады. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.   Маалыматка караганда, Исаков ЖЭБдин ишин калыбына келтирүү аракеттери тууралуу айтып берди.  Жээнбеков жылуулуктун үзгүлтүккө учурашынын себептерин кылдат иликтөө боюнча премьердин чечимин кубаттап, андан тиешелүү жыйынтык чыгаруу жана күнөөлүүлөрдү аныктап, жоопко тартуу зарыл экенин белгиледи. Читать дальше...


Собянин: Территории около четырех станций МЦД-4 будут благоустроены

Собянин рассказал, как преобразятся территории у четырех станций МЦД-4

Что известно о заказном убийстве на западе Москвы

Никита Кологривый станет партнёром Оксаны Акиньшиной в комедии "Семейный призрак"



Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Собянин: Территории около четырех станций МЦД-4 будут благоустроены

С травами, молоком и талканом: 10 регионов России с богатыми чайными традициями

В Москве ищут убийцу мужчины, зарезанного в Кусково на глазах у внучек

Никита Кологривый станет партнёром Оксаны Акиньшиной в комедии "Семейный призрак"

Музыкальные новости

Агент Орещук допустил, что Смолов перейдет в ЦСКА

ЦСКА забрал кубок из Казани // Армейцы вернули себе титул чемпиона Единой лиги ВТБ

Погружение в современное российское искусство – стартовал 3-ий фестиваль «Территория. Красноярск»

Евгений Миронов, Ирина Пегова, Кристина Асмус, Илья Авербух, Елизавета Арзамасова и другие звезды не фестивале «НЕБО»

Новости России

Шойгу и секретарь СБ Белоруссии обсудили сотрудничество и международную повестку

Собянин: Территории около четырех станций МЦД-4 будут благоустроены

С травами, молоком и талканом: 10 регионов России с богатыми чайными традициями

В Подмосковье сотрудники Росгвардии спасли пожилого мужчину, который оказался один дома и плохо себя почувствовал

Экология в России и мире

Российский лоукостер запустил рейсы в Анталию из Махачкалы

С чем носить юбку этим летом: примеры стильных образов

Это вовсе не только Питер: названы 15 городов России, куда можно поехать на белые ночи

Условно разрешенные виды использования земельных участков

Спорт в России и мире

Российский теннисист Медведев снялся с турнира в Хертогенбосе

Семнадцатилетняя Андреева впервые сыграет в полуфинале турнира Большого шлема

17-летний россиянин Даниил Саркисян разгромил Форбса из США на юниорском «Ролан Гаррос»

Осталась в одиночестве: Андреева победила Грачёву и вышла в четвертьфинал «Ролан Гаррос», Медведева остановил де Минор

Moscow.media

"Рено" врезалась в столб, младенец в больнице

Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует: С начала года более 4,7 тысячи жителей Московского региона оформили страховую пенсию в автоматическом режиме на портале госуслуг

Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует: В Московском регионе более 62 тысяч семей распорядились материнским капиталом через банки

В Орловской области 13-летний мотоциклист сбил женщину







Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *