Мы в Telegram
Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer


Январь
2018

Новости за 29.01.2018

Azattyk.org 

"Улуттук энерго холдинг" ЖЭБде түтүк жарылганын төгүндөдү

"Улуттук энергохолдинг" ишканасынын өкүлү Аман Калыбековдун "Азаттык" радиосуна билдиргенине караганда,  "Бишкек жылуулук электр борборунда дагы бир түтүк жарылды" деген маалымат туура эмес.  Түтүк жарылган эмес, №24 кошумча агрегатты ишке киргизүүдө түтүктө жарака кетип, иштен чыккан. Адистер аны дароо эле оңдогон. Азыр жылуулукту калыбына келтириш үчүн дагы бир от казанды иштетүү аракети көрүлүүдө: - Ар бир түтүктө индикаторлор турат. Иштен чыкканы эски жабдыктагы түтүк болчу. Суукка байланыштуу иштебей калган. Читать дальше...

Azattyk.org 

Депутаттар тобу Бишкек ЖЭБине барат

Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин депутаттары эртең, 30-январда Бишкек ЖЭБинде көчмө жыйын өткөрөт. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна комитеттин төрагасы, депутат Кожобек Рыспаев билдирди. Ал депутаттар жеринде Жылуулук электр борборунун иши менен таанышып, түзүлгөн кырдаалды талкууга алышарын айтты. - Кайсы түтүктөр жарылды, канча агрегат иштеп жатат? – ушул суроолордун баарына жеринде жооп алабыз. Негизинен Бишкек Жылуулук электр борборундагы тетиктер 1961-жылдан бери жаңылган эмес.

Azattyk.org 

Адистер жылуулук борборун оңдой албай жатышат

Бүгүн Бишкек Жылуулук электр борборунун адистеринин №24 от казанды иштетүү аракеттери ийгиликсиз аяктады. “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз катчысы Тагжана Айдаралиева “Азаттыкка” билдиргендей, от казанды ишке киргизүү учурунда түтүктөрдөн жарака кетип, суу ага баштаган: - Учурда түтүктөгү жаракаларды оңдоо аракеттери көрүлө баштады. Бул кырдаал аба ырайы суук болгонуна байланыштуу болуп жатат. Жылуулук борборунун адистери башка №23 агрегатты ишке киргизүүгө аракет кылууда. Тагжана... Читать дальше...

Azattyk.org 

Кадыр-барк наркы жана түзүмү

"Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кадыр-баркына доо кетирди" деп айыпталган бир катар журналисттер, коомдук ишмерлер миллиондорду чапчыган доого жыгылышты. Бийликтин аброюн акчалай баалоо мүмкүнбү? Анын маңызы жана ички түзүмү кандай? Маалымат таратуу мүмкүнчүлүгү чектелип, чындык (же күдүк) жагдайлар жаап-жашырыла берсе, айга-күнгө теңей мактаган кошоматчылар акыры өздөрүнө өтө ишенип алган ажо менен кожолорду жардан ашыра түртпөйбү?

Azattyk.org 

Жалал-Абад-Бишкек авиакаттамына байланыштуу нааразылык текшерилет

Жалал-Абад-Бишкек авиакаттамы аткарылбай, жүргүнчүлөр арасында чыккан нааразылыкты Жарандык авиация агенттигинин адистери текшерип, чара көрөт. Бул тууралуу аталган өкмөттүк мекеменин директору Курманбек Акышев "Азаттык" радиосуна билдирди. Аба ырайынан улам 28-январда Жалал-Абад-Бишкек авиакаттамы токтотулуп, билеттер Ошко которулган. Ондогон жүргүнчүлөр уюштуруу иштери начар болуп жатканына нааразы болуп, Ошко чейин транспорт уюштуруп берүүнү талап кылышкан. Авиакаттамды аткарган “Тез жет” компаниясынын... Читать дальше...

Azattyk.org 

УКМК Бишкек ЖЭБин текшерип жатат

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Бишкектеги Жылуулук электр борборун контртеррористтик иш-чаралардын алкагында текшерип жатат. Бул тууралуу атайын кызматтын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов “Азаттыкка” билдирди: - Бишкек жылуулук борборунда авария болду деген маалымат чыкканда эле УКМК тарабынан текшерүү иштери башталган. Учурда ал текшерүү уланып жатат. Жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилет. 26-январдын кечинде Бишкек Жылуулук электр борборунда авария болуп, шаарда жылуулукка чектөө киргизилген. Читать дальше...

Azattyk.org 

Борбор калаада эки адам суукта тоңуп каза тапты

Бишкек шаардык Тез жардам станциясынын башкы дарыгеринин орун басары Болот Абдылдаев тоңуп каза тапкан эки селсаяктын сөөгү Чыңгыз Айтматов жана Насирдин Исанов көчөлөрүндө табылганын кабарлады. Тез жардам кызматы өткөн түнү үй-жайсыз дагы 12 адамга ыкчам жардам көрсөтүп, аларды атайын жылынуучу жайларга жеткирген. Абдылдаев учурда станциядагы 11 машина жетишсиз болуп, автоунаалардын көпчүлүгү суукта от албай жатканын кошумчалады.  Акыркы күндөрдөгү аяздан улам Бишкек шаардык мэриясы жылынуучу чатырларды уюштурган. Читать дальше...

Azattyk.org 

Баш калаада эки киши суукта тоңуп каза тапты

Бишкек шаардык "Тез жардам" станциясынын башкы дарыгеринин орун басары Болот Абдылдаев тоңуп каза тапкан үй-жайсыз эки адамдын сөөгү Чыңгыз Айтматов жана Насирдин Исанов көчөлөрүндө табылганын кабарлады. "Тез жардам" кызматы өткөн түнү үй-жайсыз дагы 12 адамга ыкчам жардам көрсөтүп, аларды атайын жылынуучу жайларга жеткирген. Абдылдаев азыр станциядагы 11 машина жетишсиз болуп, автоунаалардын көпчүлүгү суукта от албай жатканын кошумчалады.  Акыркы күндөрдөгү аяздан улам Бишкек шаардык мэриясы жылынуучу чатырларды уюштурган. Читать дальше...

Azattyk.org 

Күйүттү арак менен басам дегем...

Өткөн жылы ичкиликке берилген үч аял буулукмадан (белая горячка) чыга албай жашоо менен кош айтышкан. Адистер Кыргызстанда аракеч аялдар көбөйгөнүн айтышууда.

Azattyk.org 

Бишкекте коомдук транспорт калыбына келди

Бүгүн, 29-январда эртең мененки саат сегиздеги маалымат боюнча Бишкек шаарында 93 троллейбус, 1700дөй кичиавтобус жүргүнчүлөрдү ташый баштады. Бул борбор калаадагы жалпы транспорттун 89 пайызын түзөт. Ал эми автобустардын жарымы гана ишке чыкты. Бишкек мэриясы учурда 53 автобус жүргүнчүлөрдү ташып жатканын, бул жалпы автобустардын 42 пайызын гана түзөрүн маалымдады. Шаардык бийлик коомдук транспорт кечки саат 11ге чейин үзгүлтүксүз иштей турганын билдирүүдө. Акыркы эки күндөн бери аба ырайынын... Читать дальше...

Azattyk.org 

Улуттук госпиталдын жылытуу системасы оңдоло элек

Бишкектеги жылуулук берүүдөгү чектөөдөн улам Улуттук госпиталдын Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери жана майыптар жайгашкан имаратындагы жылытуу системасында авария болду. Адистер түнгө чейин иштеп, жылуулук системасын калыбына келтире алган жок. Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев имараттын жылуулук системасы эскилиги жеткендиктен, суукту көтөрө албай жатканын билдирди. Министрликтин маалымат кызматы кабарлагандай, бүгүн түтүктөрдөн ысык суунун ордуна муздак суу агызылгандыктан... Читать дальше...

Azattyk.org 

Улуттук госпиталдын жылытуу системасындагы авария оңдоло элек

Бишкектеги жылуулук берүүдөгү чектөөдөн улам Улуттук госпиталдын Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери жана майыптар жайгашкан имаратындагы жылытуу системасында авария болду. Адистер түнгө чейин иштеп, жылуулук системасын калыбына келтире алган жок. Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев имараттын жылуулук системасынын эскилиги жеткендиктен, суукту көтөрө албай жатканын маалымдады. Министрликтин маалымат кызматы кабарлагандай, бүгүн түтүктөрдөн ысык суунун ордуна муздак суу жүгүртүлгөндүктөн... Читать дальше...

Azattyk.org 

Гейтс "идеалдуу уй" түрү үчүн 40 миллион доллар бөлдү

Америкалык ишкер Билл Гейтс  көп төлдөгөн, сүттүү, эттүү, чыдамдуу уйлардын түрүн (породасын)  жаратуу үчүн 40 миллион доллар жумшады. Business Insider басылмасы кабарлагандай, акча генетикалык иликтөө үчүн GALVmed уюмуна берилди. Гейтстин айтымында, жаңы уй түрү кадимки мыкты уйдай эле сүт берет, бирок ысыкка кыйла чыдамдуу болот. Уйдун жаңы түрү планетанын эң кедей аймактарындагы жашоо деңгээлин жогорулатууга көмөктөшөт. Генетикалык өзгөрүүлөрдүн жардамы менен мал азыркыдан өнүмдүү болот деп эсептейт ишкер. Читать дальше...

Azattyk.org 

Гейтс "идеалдуу уй" тукуму үчүн 40 миллион доллар бөлдү

Америкалык ишкер Билл Гейтс  көп төлдөгөн, сүттүү, эттүү, чыдамдуу уйлардын түрүн (породасын) жаратыш үчүн 40 миллион доллар жумшады. "Business Insider" басылмасы кабарлагандай, акча генетикалык иликтөө үчүн "GALVmed" уюмуна берилди. Гейтстин айтымында, жаңы тукумдагы уй кадимки мыкты уйдай эле сүт берет, бирок ысыкка кыйла чыдамдуу болот. Уйдун жаңы түрү планетанын эң жакыр аймактарындагы жашоо деңгээлин жогорулатууга көмөктөшөт. Ишкер генетикалык өзгөрүүлөрдүн жардамы менен мал азыркыдан өнүмдүү болот деп эсептейт. Читать дальше...

Azattyk.org 

Өзбек бизнесмени Гафур Рахимов AIBA президентинин милдетин аткарат

Өзбекстанда криминалдык авторитет лидерлеринин бири деп аталып жүргөн ишкер Гафур Рахимов Эл аралык бокс ассоциациясынын (AIBA) президентинин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Мындай чечим ишембиде Франко Фальчинелли бул кызматтан кетерин жарыялагандан кийин кабыл алынды. AIBA президенти ноябрда Москвада уюмдун кезектеги жыйынында шайланат. Гафур Рахимов - белгилүү өзбек ишкери жана Азия бокс федерациясынын вице-президенти. AIBA сайтында Рахимовдун талапкерлиги Орусиянын Бокс федерациясы тарабынан сунушталганы жазылган. Читать дальше...

Azattyk.org 

2017-жылы Кыргызстанда 14 чек ара жаңжалы катталды

Былтыр Кыргызстандын чек арасында 14 жаңжал катталган. Алардын ичинен ону кыргыз-тажик, төртөө кыргыз-өзбек чек арасында болгон. 2016-жылы бул көрсөткүч 20 деп белгиленген. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын 2017-жылдагы ишинин жыйынтыгына арналган отурумда айтылды. Чек арачылар жалпысынан "былтыр мамлекеттик чек арадагы абал туруктуу болду" деп баалашты. 2017-жылы мамлекеттик чек араны бузуу айыбы менен 218 киши кармалган. Чек арачылар 37 курал-жарак, 273 даана ок-дары, 1 снаряд жана 1 сигнал тапанчасын табышкан.

Azattyk.org 

Жергиликтүү кеңештердеги шайлоодо 55% жакын шайлоочу добуш берди

28-январда Кыргызстандын бир катар аймагындагы жергиликтүү кеңештерде шайлоо өттү. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо 47 784 шайлоочу добуш берди. Бул тизмеге кирген шайлоочулардын 54,84% түзөт. Активдүүлүк айрыкча Ош облусунун Араван районунун С.Юсупов айылдык кеңешинде байкалды. Бул аймакта добуш бергендердин саны 63 пайыздан өтсө, экинчи орунда Кара-Балта шаарында 60 пайыздан ашкан. Кийинки орунда Таш-Көмүр шаары турат. Шаардык... Читать дальше...

Azattyk.org 

Бишкекте суукта каттамга чыккан коомдук транспорт азайды

Катуу суук түшкөнүнө байланыштуу жолго чыккан коомдук транспортко колдонулган күйүүчү май тоӊуп, каттамдын аягына чейин жетпей бузулуп калган учурлар кездешүүдө. Ошондой эле акыркы эки күн ичинде эртең менен от албай, жолго чыга албай калгандыктан каттамдарда коомдук транспорт кескин азайган. Ушундан улам Бишкек мэриясы шаардыктарды жолго чыккан убакытты алдын-ала пландап же муктаждык болбосо көчөгө чыкпай турууга үндөдү. Азыркы учурда Бишкек шаарынын мэриясы муниципалдык транспорт башкармалыгы... Читать дальше...

Azattyk.org 

Бишкекте суукта каттамга чыккан коомдук транспорттун саны кыскарды

Аба ырайынын кескин сууганына байланыштуу жолго чыккан коомдук транспортторго колдонулган күйүүчү май тоӊуп, каттамдын аягына чейин жетпей бузулуп калган учурлар кездешүүдө. Ошондой эле акыркы эки күндүн ичинде эртең менен от албай, каттамга чыкпай калган коомдук транспорттун саны кескин кыскарган. Мындан улам Бишкек мэриясы шаардыктарды жолго чыккан убакытты алдын ала пландап же муктаждык болбосо көчөгө чыкпоого үндөдү. Азыркы учурда Бишкек шаарынын мэриясы муниципалдык транспорт башкармалыгы... Читать дальше...

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин комитетинде жазгы талаа жумуштарына даярдык каралат

Бүгүн Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети жазгы талаачылык жумуштарына даярдыктын жүрүшүн талкуулайт. Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, анда айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев маалымат берет. Былтыр кыргыз өкмөтү “Айыл чарбасын өнүктүрүү – 5” программасынын алкагында дыйкандарга жалпы суммасы 7 млрд сомдук насыя берген. Дыйкандар кайра иштетүү өнөр жайы үчүн 6%, мал чарба, өсүмдүк өстүрүү үчүн 10% үстөк менен насыя алышкан. Читать дальше...

Azattyk.org 

Кыргызстанда кышкы туризм фестивалы өтөт

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалыматына караганда, “Кыргызстан – тоо лыжасынын өлкөсү” фестивалы 3-февралда “ЗиЛ” базасында өтөт. Анда адистер туризмди өнүктүрүү боюнча пикир алмашат. Чет элдиктердин кышында Кыргызстандын тоолоруна келип эс алуусуна шарт түзүү маселеси да талкууланмакчы. Фестивалда жеке компаниялар кызматтарын сунуштап, элге өздөрү тууралуу маалымат беришет. Эс алуучулардан түшкөн каражат балдардын кургак учук, онкологиялык ооруканаларына, Ак-Суу психоневрологиялык интернатына... Читать дальше...

Azattyk.org 

Эрте никенин кесепеттери боюнча түшүндүрүү иштери жүрөт

Бүгүн Бишкекте мамлекеттик мекемелердин, аймактагы тиешелүү кызматтардын өкүлдөрүнө жашы жете электе никеге турууга каршы мыйзам жана анын кесепеттери боюнча түшүндүргөн иш-чара өтөт. “Балдардын укугун коргоо лигасынын” жетекчиси Назгүл Турдубекованын “Азаттык” радиосуна билдиришинче, бул багытта кабыл алынган мыйзамдын аткарылышы боюнча маалымат берилет. - Бата берген, жаштардын никесин кыйган молдолор дагы Кылмыш жана жаза кодексинин чегинде жоопкерчиликке тартылып, үч жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратылат. Читать дальше...


Злоумышленника, ударившего девушку-таксиста в Дмитрове, приговорили к 8 месяцам работ

Молния подожгла детсад на территории ВДНХ в Москве

О проведении «Российской студенческой весны» расскажут 7 июня в РИЦ Ставрополья

Peugeot и Citroen теперь можно купить в РФ по рекомендованной цене и с доставкой



Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

В Крыму началась вакцинация лис от бешенства

«Сутками сидел на скамейке». Соседи убитого скейтера рассказали о киллере

ТГУ на Красной площади

Академия Плющенко требует почти два миллиона со сбежавшей от них юной спортсменки

Музыкальные новости

Концерт в музее им. П.И. Чайковского

Дмитрий Медведев поддержал инициативу губернатора Андрея Чибиса по созданию на базе КНЦ РАН арктического научно-технологического кластера

История без фальсификации: Шемахи в первой половине XVIII века

Почта России помогла детям-подопечным благотворительных фондов встретиться с футболистами ЦСКА

Новости России

Подмосковная сборная выиграла 11 медалей на чемпионате по фехтованию в Минске

Яндекс, А.С. Пушкин, Святой Ленин ведут следствие. Настоящая сенсация! 225 лет А.С. Пушкину.

«Сутками сидел на скамейке». Соседи убитого скейтера рассказали о киллере

В лучших столичных традициях: в Москве открылся новый винтажный рынок

Экология в России и мире

CЛД «Печора» филиала «Северный» ООО «ЛокоТех-Сервис» получило сертификацию для технического обслуживания локомотивов серии 2ТЭ25КМ в объёме ТО-2.

Антисанитария в службах доставки: токсиколог Кутушов рассказал, почему опасно заказывать еду

Создайте стильный образ из самых простых вещей в гардеробе

Вкусно и полезно: лучшие сезонные фрукты и ягоды, которые стоит включить в рацион летом, чтобы получить витаминный заряд

Спорт в России и мире

Мирра Андреева обыграла представительницу Франции Грачеву на "Ролан Гаррос"

Семнадцатилетняя Андреева впервые сыграет в полуфинале турнира Большого шлема

Теннисист Медведев снялся с турнира ATP в Нидерландах из-за травмы

«Сейчас даже счёт не помню»: Андреева сенсационно победила Соболенко и вышла в полуфинал «Ролан Гаррос»

Moscow.media

Портативный ТСД корпоративного класса Saotron RT-T70

Мобилизованного свердловчанина приговорили к 23 годам "строгача" за подрыв гранаты в казарме

Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует: С начала года более 4,7 тысячи жителей Московского региона оформили страховую пенсию в автоматическом режиме на портале госуслуг

BIA Technologies стала лидером рынка цифровых решений в сфере логистики







Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *