"Телефон террор" тегин жерден чыкпайт
Соңку мезгилде Бишкекте жардыруучу зат коюлганы тууралуу үрөйдү учуруп, жалган маалымат тараткан кылмыш фактылары көп катталууда.
Соңку мезгилде Бишкекте жардыруучу зат коюлганы тууралуу үрөйдү учуруп, жалган маалымат тараткан кылмыш фактылары көп катталууда.
Жазуучу Чыңгыз Айтматовдун өмүр баяны жана чыгармачылыгы тууралуу китеп Орусиянын “Жизнь замечательных людей” (ЖЗЛ) – “Өрнөктүү адамдардын өмүрү” сериясынын катарында жарык көрдү. Бул тууралуу китептин автору Осмонакун Ибраимов “Азаттык” радиосуна билдирди. Китеп Москвадагы “Молодая гвардия” басмаканасынан 3000 нускада басылды. Учурда орусиялык интернет дүкөндөрдө сатыкка чыкты. Ибраимов кабарлагандай, бул китеп анын буга чейин жарык көргөн “Айтматов. Империянын акыркы жазуучусу” деген китебинин кыскартылган варианты болуп саналат. Читать дальше...
“ОВД-инфо” укук коргоо порталы Орусияда өтүп жаткан “Ал бизге падыша эмес” деп аталган нааразылык акциялары учурунда кармалган адамдардын саны 1600дөн ашканын жарыялады. Орусиянын президенти Владимир Путиндин инаугурациясына байланыштуу бийликке каршы митингдер кечээ, 5-майда өлкөнүн он чакты шаарында өттү. Булардын ичинен Москвада 704 кишини, Санкт-Петербург шаарында 229 адамды полиция кармап кеткен. Челябинскте болсо митингдин 164 катышуучусу кармалган. Якутск, Красноярск, Краснодар, Калуга жана Новокузнецк шаарларында да кармалгандар көп. Читать дальше...
Бүгүн, 6-майда Ысык-Көл облусундагы 2018-жылкы жайкы туристтик сезондун расмий ачылыш аземи өтүүдө. Иш-чара Бактуу-Долоноту айылындагы ат майданда "ITF-Ысык-Көл" 19-эл аралык туристтик жармаңке фестивалы менен коштолууда. Иш-чарада Ысык-Көл дубанындагы эс алуу жайлар, пансионаттар жана ишкерлер өздөрүн таныштырууда. Фестивалга Туризм департаментинин башчысы Азамат Жамангулов, өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев, Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси жана Орусия Федерациясынын расмий өкүлдөрү катышууда. Читать дальше...
Парламент депутаты, мурдагы биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевдин мүлкү камакка алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин расмий өкүлү Рахат Сулайманов "Азаттыкка" билдирди. -28-апрелде Башкы прокуратура тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында Аскарбек Шадиевдин мүлкүн камакка алуу боюнча чечим кабыл алынды. Бул кылмыш иши боюнча тергөө жүрүп жатат. Сулайманов билдиргендей, мүлктү жана банктык эсептерди камакка алуу тууралуу санкцияны Башкы прокуратура берди. Читать дальше...
Канат Келдибеков менен Агшин Бабаев 65,8 килограмм салмак ченинде беттешкен.
Узап бараткан жуманын урунттуу окуяларына сереп.
"Чек арасыз кабарчылар" эл аралык уюму баяндамасында Кыргызстан сөз эркиндиги боюнча 2017-жылга салыштырганда тогуз тепкичке төмөндөп, 98-орунга түшкөн.
Кочкор-Ата шаарында жайгашкан "Кыргызмунайгаз" ачык акционердик коомунун кызматкерлери ишкананы "Газпромго" толук иштетүүгө берүүгө каршы эмес. Бул тууралуу атайын маалымат жыйында аталган ишкананын бөлүм башчылары жана кызматкерлери билдиришти. Маалыматка ылайык, ЕАЭБдин талабына ылайык 2020-жылдан тартып Кыргызстан күйүүчү майлардын евро-5 стандартына өтүшү керек. "Кыргызмунайгаз" учурда евро-2 стандарты менен гана продукция өндүрүүдө. Ишкана өкүлдөрүнүн айтымында, жаңы стандартка чыгуу үчүн... Читать дальше...
Орусиянын аскердик дымагы күчөп баратканына байланыштуу АКШ Аскердик-деңиз күчтөрүнүн командачылыгы (АДК) Экинчи флотту калыбына келтирүү планын жарыялады. АДКнын башкы командачысы, адмирал Жон Ричардсон Экинчи флот жоопкерчиликке ала турган аймак Чыгыш жээк жана Түндүк Атлантика болоорун билдирди. Адмиралдын сөзүнө караганда былтыр жарыяланган улуттук коргонуу стратегиясы, ири державалардын ортосундагы атаандашуу кайра жанданганын ачык көрсөттү. Бул стратегиянын артыкчылыктуу багыты Орусия менен Кытайга каршы туруу болуп саналат. Читать дальше...
Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Ленин айылында "КамАЗ" автоунаасы менен "Тайота Прадо" үлгүсүндөгү автоунаасы кагылышып, жеңил машине күйүп кетти. Натыйжада бир адам каза болуп, эки адам жабыркады. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлагандай, окуя 5-май күнү кечкисин аталган айылдагы Алма-Ата көчөсүндө болду. ӨКМдин Аламүдүн райондук №1 өрткө каршы-куткаруу бөлүмүнөн бир бөлүм тартылып, өрт толугу менен өчүрүлгөн. Каза болгон жана жабыркаган адамдардын аттары такталууда. (ErN)
Иш-чаранын максаты — улуттук спортту жайылтуу жана сергек сак жашоо образын калыптандыруу.