Орусияда миграциялык көзөмөл күчөтүлдү
Орусияда Футбол чемпионаты алдында миграциялык көзөмөл күчөтүлдү. Май-июлда чемпионат өтчү шаарларга келген чет өлкөлүктөр бир күндө миграциялык каттоого турушу керек.
Орусияда Футбол чемпионаты алдында миграциялык көзөмөл күчөтүлдү. Май-июлда чемпионат өтчү шаарларга келген чет өлкөлүктөр бир күндө миграциялык каттоого турушу керек.
Аралаш мушташ боюнча япониялык мушкер Кедзи Хоригути америкалык атаандашы Йен Макколлду 9 секундада жерге сулата чапты.
Ирандын президенти Хасан Роухани Кошмо Штаттар өзөктүк келишимден чыкса өкүнүп калаарын жана алар АКШ президенти Дональд Трамп кандай гана чечим кабыл албасын жооп кайтарууга даяр экенин ишара кылды.
Эсеп палатасы Коомдук телерадиоберүү корпорациясын 2017-жылдын аягында сатып алынган көчмө телестанция боюнча текшерип жатат. Буга чейин төкмө акын, Байкоочу кеңештин мүчөсү Азамат Болгонбаев каналдын жетекчиси Илим Карыпбековго ишеним көрсөтпөө тууралуу сунуш киргизээрин «Фейсбуктагы» баракчасына жазган. Ал мындай кадамын “2017-жылдын аягында сатып алынган көчмө телестанция боюнча, саясий окуялар учурунда эки тараптуу маалымат бербегендиги жана отчёттогу айрым […]
Бишкектин Жылуулук электр борборунда январь айында болгон кырсыкты жана аны модернизациялоого Кытайдан алынган 386 миллион доллардын чоо-жайын иликтеген депутаттык комиссия бүгүн жыйынга чогулат. Депутаттар даярдаган документте ЖЭБге алынган насыяны сарамжалсыз пайдаланган жана авариянын келип чыгышына себепкер болгон жетекчилердин ишине саясий баа берүү маселеси козголот. Кытайдын "Эксимбанкынан" 386 миллион доллар насыя алууну караган макулдашуу парламентте 2013-жылы 11-сентябрда бекитилген. Читать дальше...
Бүгүн Орусиянын президенти Владимир Путиндин инаугурациясы өтөт. Ушуну менен ал төртүнчү жолу өлкө башчысы катары расмий түрдө ишке киришип, 18 жылдык башкаруусун улантат. Путинди колдогондор бул жылдары Орусия “бутуна турду” деп, ал эми каршылаштары “коррупция чегине жеткен жеке бийлик болду” деп айтып келишет. Путин быйыл март айында өткөн шайлоону 77% менен жеңди деп расмий жарыяланган. Өзү бул жеңишин коомдук ишенимдин көрсөткүчү деп атаган, ал эми оппозиция өкүлдөрү шайлоо жараянын “демократия талаптарына жооп бербейт” деп сындашкан.
Жер тилкелерин трансформациялоо маселеси Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин бүгүнкү жыйынынын күн тартибине кирди. Парламенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, депутаттар бул боюнча мыйзамдын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн түзүлгөн топту өзгөртүү маселесин да карашат. Жердин трансформациясы боюнча мыйзам былтыр парламентте үч окууда тең жактырылган. Кийин мурдагы президент Алмазбек Атамбаев каршы пикири бар экенин айтып ага кол коюудан баш тарткан. Читать дальше...
Былтыр 9-декабрда өткөн JFC Fight Nights - 2017 турниринде Мамасалиев украиналык Юрий Проценкого утулуп калган болчу.
Орусия Кыргызстанда өстүрүлгөн 62 тонна жашылчаны кайра кайтарды. Россельхознадзор мекемесинин Новосибирск облусу боюнча башкармалыгы тараткан маалыматта «Карасук» көзөмөл бекетинде кармалган продукция фитосанитардык жактан жогорку деңгээлдеги коркунучка ээ экени айтылат. Орусиялык инспекторлор 22 тонна пияз жана 40 тонна капуста боюнча документтер толук толтурулган эмес деп билдиришти. Жашылчанын баары чек арадан өткөрүлбөй, кайра артка жөнөтүлдү. Кыргызстан Орусия, Армения, Казакстан жана... Читать дальше...
Майып бала баккан ата-энелерге айлык төлөп берүү маселеси бүгүн Жогорку Кеңештин Бюджет жана каржы боюнча комитетинин отурумунда каралат. Парламенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, комитет мүчөлөрү Жогорку Кеңештин ”Туруктуу багып-тарбиялоого муктаж болгон, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды баккан адамдардын эмгегине акы төлөө жөнүндө” токтомунун долбоорун талкуулашат. Демилгечи – депутат Мирлан Бакиров. Социалдык өнүктүрүү жана эмгек министри Таалайгүл Исакунова буга чейин майып... Читать дальше...
Кыргызстанда орточо айлык маянанын өлчөмү былтыркыга салыштырганда быйыл 6,5% жогору болууда. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети тараткан маалыматта айтылат. Майда ишканаларды эсепке албаганда бир кызматкердин орточо айлыгы быйыл жыл башынан бери 14 миң 560 сомду түздү. Улуттук банктын валюта курсу менен эсептегенде бул 212 долларга барабар акча. Айлыктын көбөйүүсү экономикалык ишмердүүлүк жүргүзгөн дээрлик бардык ишканаларда, айрыкча курулуш, тейлөө, кесиптик, илимий-техникалык, мамлекеттик... Читать дальше...
Мелдештен кийин спортчулар үч күн атайын машыгуу өткөрөт.