Аксы районунда 100гө жакын турак жайды сел каптады
Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Ак-Жол, Райкомол, Кечүү, Тегене айылдарында селден ички чарбалык автожолдор зыянга учурады. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, бул айылдарда 100гө жакын үйдүн короолорун суу каптады. Кош-Дөбө айыл аймагындагы Мундуз-Сай дарыясынан да суу ашып, Атала айылында 20 үйдүн короолоруна кирген. Азыр Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин райондук ыкчам тобу менен Жарандык коргонуу комиссиясы сел болгон аймакта тактоо иштерин жүргүзүүдө. Кыргызстанда 12-майдан бери катуу жаан жаап жатат. Читать дальше...