Ысык-Көлдө калың кардан 3,5 миң кой кырылганы такталды
Ысык-Көл облусунда калың жааган кардан кийинки материалдык чыгым, алдын ала эсеп боюнча 20 327 680 сомду түздү. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, калың кардан аталган облустун Ак-Суу, Тоң, Ысык-Көл, Түп райондору зыян тартты. Акыркы маалыматтарга караганда, Ысык-Көл облусу боюнча жалпы 119 жылкы, 98 уй жана 3 миң 379 баш кой кырылды. Ысык-Көл облусунда 23-24-майда калыңдыгы 50 сантиметрге чейин жеткен кар жааган. Нарын облусунун Ат-Башы районунда да калың карда 800 кой-эчки жоголгон. Читать дальше...