Москва соту Навальныйдын басма сөз катчысын камакта калтырды
Москва шаардык соту бейшембиде орусиялык оппозициячы Алексей Навальныйдын басма сөз катчысы Кира Ярмышты 25 күнгө камаган райондук соттун чечимин өзгөртүүсүз калтырды. Сот бүгүн дагы эки активисттин - Навальныйдын штабынын координатору Николай Ляскиндин жана "Навальный Live" аттуу "YouTube" каналынын алып баруучусу Руслан Шаведдиновдун ишин карайт. Ляскин 15 күнгө, ал эми Шаведдинов 30 күнгө камалган. Алардын баарын сот 5-майдагы уруксат берилбеген митингди уюштурганы үчүн күнөөлүү деп таап, административдик жазага тарткан. Читать дальше...