Мы в Telegram
Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer


Январь
2019

Новости за 01.01.2019

Azattyk.org 

Манчестер: полиция түнкү чабуулду теракт катары иликтей баштады

Манчестердин полициясы 31-декабрдын кечинде метродо бычак менен кол салууну теракт катары иликтей баштады. Окуяда үч киши, анын ичинде полициячы жарадар болгон. Эки адамдын абалы оор. Кол салган киши кармалды. Күбөлөрдүн айтымында, ал "Аллах Акбар" деп кыйкырган. Иликтөөнү Британ полициясынын террорчулукка каршы күрөшүү бөлүмү баштады. Британиянын премьер-министри Тереза Мэй "Твиттер" аркылуу жабыркагандарга колдоосун билдирди. "Мен Манчестерде түнүндө болгон ыктымал террордук чабуулда жабыркагандарды колдойм. Читать дальше...

Azattyk.org 

"Ыңгайсыз суроолор": жыл жыйынтыгы

2018-жылы "Азаттыктын" “Ыңгайсыз суроолор” телепрограммасы жалпысынан элүүгө жакын берүүсүн элге тартуулады. Анда Кыргызстандагы саясий, коомдук темаларды ар тараптан талдап, иликтеп, бейтарап чагылдырып берди. Айрыкча өлкөдөгү коррупциялык көрүнүштөрдү, кылмыштын көмүскө фактыларын ачыктап, айрым иликтөөлөр коомчулукта резонанс жаратып, ал окуяларга укук коргоо органдары реакция кылышты. 2018-жылы “Ыңгайсыз суроолор” программасынын башкы иликтөөчү журналисти, кесиптешибиз Уланбек Эгизбаевдин арабыздан кетиши эң оор жоготуу болду. Читать дальше...

Azattyk.org 

2018: топ жарган айымдар

“Эже-сиңдилер” телеберүүбүздүн майрамдык баарлашуусуна жыл ичинде коомчулуктун назарында болгон, көп сын пикирлерге кабылган айымдарды чакырдык.

Azattyk.org 

Кыргыз тилин минип алган мите сөздөр

Сиз “барчук”, “келчүк”, “койчук” деген сөздөрдүн маанисин түшүнөсүзбү? Мектепте кыргыз тили сабагынан мугалимиңиз ушул сөздөрдү окутту беле?

Azattyk.org 

Магнитогорскиде курман болгондордун саны сегизге жетти

Магнитогорскидеги кырсыктын курмандыктарынын саны сегизге жетти. Бул тууралуу Орусиянын ТАСС агенттиги жергиликтүү бийликке таянып кабарлады. Кыйраган үйдүн дагы бир ыптасы түшүп кетүү коркунучунан улам 1-январдын таңында издөө-куткаруу иштери токтотулганы маалым болгон. Челябинск облусунда 2-январь аза күтүү күнү деп жарыяланды. Аймакта көңүл ачуучу бардык иш-чараларды токтото туруу сунушталды. Магнитогорскидеги көп кабаттуу үйдүн бир подьезди толугу менен 31-декабрдын таңында болгон жардыруудан урап түшкөн. Читать дальше...

Azattyk.org 

Кылмыштардын бирдиктүү реестри иштей баштады

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы бүгүн, 1-январдан тартып Кыргызстанда кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри иштей баштаганын кабарлады. Алгачкылардан болуп аталган реестрге борбордогу Горький жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинде катталган жол кырсыгы киргизилген. Бул тууралуу маалымат Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына түнкү саат 12:03дө түшкөн. Буга чейин Кыргызстандын мыйзамдарында "кылмыш ишин козгоо" деген түшүнүк жоюлуп, сотко чейинки өндүрүш маалымат бирдиктүү реестрге кирген учурдан башталаары айтылган. Читать дальше...

Azattyk.org 

Актер Зеленский украин президенттигине ат салышат

Украинадагы белгилүү актер жана куудул Володимир Зеленский быйылкы президенттик шайлоого катышарын билдирди.  "Quarter 95" студиясынын негиздөөчүсү жана жетекчиси, 40 жаштагы Зеленский бул тууралуу 31-декабрдын кечинде телешоулардын биринде жарыялады. Ал мындай чечимин "Украинада бир нерсе өзгөртүү" аракети менен түшүндүрдү. Украинада президенттик шайлоо 31-мартка белгиленген. Азыркы өлкө башчысы Петро Порошенко экинчи мөөнөткө бара турганын расмий жарыялай элек. Байкоочулардын көбү ал талапкерлигин экинчи ирет коерун боолголоп жатышат. Читать дальше...

Azattyk.org 

Абдылда Капаров ууландырылганын айтып чыкты

Төрт жылга кесилген милициянын полковниги Абдылда Капаров Балыкчы шаарындагы №51 жатак абактан тамакка ууландырылганын айтып чыкты. - Мени дарыгерлер сактап калды, ошолорго рахмат. Күтүүсүздөн ууланып, дарыканадан дары алып ичсем да көзүмө эч нерсе көрүнбөй калды. Дарыгерлер карагандан кийин бир аз жакшы болуп калдым. Бул жакта чай, суунун баары ачык, көзөмөлсүз калат. Мени азыр жатак абакта “бийликтин ураксаты жок чыкпайсың” деп кармап отурушат, - деди Капаров. Бул боюнча Жаза аткаруу мамлекеттик... Читать дальше...

Azattyk.org 

"Манас ордонун" жамаатындагы нааразылык

Таласта 60ка жакын жергиликтүү тургун “Манас ордо” улуттук комплексинин жетекчисин кызматтан алууну талап кылып облустук акимчиликтин алдына чыгышты.

Azattyk.org 

Ооганстандагы чабуулдардан бир нече аскер курман болду

Ооганстандын түндүгүндөгү Сар-е-Пул провинциясындагы көзөмөл- өткөрүү бекетине "Талибан" кыймылынын жоочулары койгон чабуулдан коопсуздук күчтөрүнүн бир нече аскери курман болду. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кабарлашты. 1-январда аймактагы Сайяд районуна кол салуудан жергиликтүү полиция башчысы жана төрт аскер курман болгону кабарланды. Ал эми DPA маалымат агенттиги аймактык кеңештин өкүлүнө шилтеме кылып, эки бекетке коюлган чабуулда 23 аскер, анын ичинде жергиликтүү чалгын кызматынын... Читать дальше...

Azattyk.org 

Ошто жертөлөдөн чыккан өрттөн эки кыз набыт болду

Ошто 12 кабат үйдүн жертөлөсүнөн чыккан өрттөн эки кыз набыт болду. Алардын сөөктөрү 1-январь күнү, саат 07:50 чамасында табылган. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери каза болгон кыздардын тек-жайын аныкташты. Алардын бири Ноокат районунун 20 жаштагы тургуну, экинчиси Алай районунун 27 жаштагы тургуну болуп чыкты. Милициянын алгачкы божомолдору боюнча коопсуздук чаралары сакталбай, ѳрт чыгып, натыйжада кыздар түтүнгѳ ууланып каза болушкан. Ѳрттүн жана кыздардын ѳлүмүнүн себептерин... Читать дальше...

Azattyk.org 

Фарид Ниязовдун агасы каза болду

Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) саясий кеңешинин мүчөсү, президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязовдун агасы каза болду. КСДП партиясынын катчылыгы тараткан маалымат боюнча 62 жаштагы Манас Ниязов узакка созулган оорудан улам көз жумган. Фарид Ниязов былтыр март айында берген арызынын негизинде президенттик аппараттын жетекчисинин кызматынан кеткен. Ал президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбековдун штабын жетектеген. (BTo)

Azattyk.org 

Аба ырайы: көпчүлүк аймактарда кар жаайт

“Кыргызгидромет” борбору кабарлагандай, 2-январда өлкөдө түнкүсүн кээ бир райондордо, күндүз көпчүлүк аймактарда бир аз кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тоңголок, тайгак болот.  Абанын температурасы: Чүй жана Талас облустарында түнкүсүн -2…-7, күндүз -1…+4, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында түнкүсүн -2…+3, күндүз 2…7, Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -5…-10, күндүз 1…6, Нарын облусунда түнкүсүн -12…-17, күндүз -7…-12 градус болот. Читать дальше...

Azattyk.org 

Жаңы жыл түнү Кыргызстанда 292 ымыркай төрөлдү

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, Жаңы жыл түнү Кыргызстан боюнча жалпы 292 ымыркай төрөлдү. Алардын 142си эркек бала жана 150сү кыз.  Алгачкылардан болуп Кара-Буура райондук төрөт үйүндө салмагы 4200 грамм болгон эркек бала жарык дүйнөгө келсе, Кочкор жана Ак-Талаа райондорунда салмагы 2995 грамм болгон кыздар төрөлгөн. Ал эми Бишкек шаарында Жаңы жыл түнү 66 бала жарык дүйнөгө келсе, анын 28и эркек, 36сы кыз бала. Расмий маалымат боюнча Кыргызстанда калктын саны 6 миллион кишиден ашат. Читать дальше...

Azattyk.org 

134 адам гемодиализди жеңилдетилген тартипте ала баштайт

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, 1-январдан тартып гемодиализ жабдуусу аркылуу өз эсебинен дарыланып келген 134 бейтап Медициналык камсыздандыруу фондунун (ФОМС) жеңилдетилген тартиптеги дарылануусуна которулду. Жарандар өз чөнтөгүнөн 500 сом төлөйт, калган каражатты Медициналык камсыздандыруу фонду көтөрөт. Министрликтин маалыматына караганда, учурда 554 адам бюджеттик негизде гемодиализ аркылуу дарыланып жатат. 90 пайыздык жеңилдетилген тартипте ушул медициналык... Читать дальше...

Azattyk.org 

“Тазалык” борбордук аянттан төрт тонна таштанды чыгарды

“Тазалык” муниципалдык ишканасы Бишкектин борбордук аянтынан майрамдан кийин төрт тонна таштанды чыгарды. Бул тууралуу “Тазалык” ишканасынын басма сөз катчысы Жибек Каракеева билдирди. Аянттагы таштандыны тазалоого жети даана атайын техника тартылып, “Тазалыктын” 60тай кызматкери саат түнкү үчкө чейин иштешти. “Тазалыкчылар” андан тышкары шаардын башка жерлерин да таштандыдан арылтышты. Быйыл майрамга карата 40 чоң желим контейнер жана 10 евроконтейнер коюлган. Былтыр Жаңы жыл майрамынан кийин аянттан 10 тонна таштанды чыккан. Читать дальше...

Azattyk.org 

Абак мөөнөтү улам узарган "экстер"

Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоого Кытай бөлгөн 386 миллион долларга байланыштуу жемкорлук боюнча айыпталып жаткан мурдагы аткаминерлердин тергөө абагындагы мөөнөтү улам узартылууда.

Azattyk.org 

Жаңы жыл түнү “Тез жардам” кызматына 333 чалуу түштү

Жаңы жыл түнү Бишкекте “Тез жардам” кызматына 333 киши кайрылды. Алардын ичинен Ала-Тоо аянтынан 12 чалуу болгон. Бул тууралуу “Азаттыкка” Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова кабарлады. -Борбордук аянтта бир киши жүрөгү ооруп ооруканага жеткирилген, “анын абалы жакшы” деп айтышты. Бир баланын бетинин тушуна жардыргыч жарылган. Анын жаракаты жеңил эле болгондуктан жеринен эле жардам көрсөтүлгөн. Андан тышкары жол кырсыгында үч киши жаракат алып ооруканага жаткырылды. Читать дальше...

Azattyk.org 

Жаңы кодекстер күчүнө кирди

Бүгүн, 1-январдан тартып жаңы Кылмыш-жаза кодекси, Жазык-процесстик кодекс, Жазык-аткаруу кодекси, Жоруктар тууралуу кодекс жана Бузуулар тууралуу кодекс күчүнө кирди. Андан тышкары "Пробация жөнүндө" жана "Мунапыс жөнүндө" мыйзамдар күчүнө кирет. Ошондой эле Тергөө судьяларынын институту да ишин баштады. Бул кодекстер менен мыйзамдар 2017-жылы кабыл алынган. Буга чейин жазаларды аткаруу кызматынын төрагасы Таалайбек Жапаров жаңы кодекстердеги гумандаштыруу саясатынын негизинде 470 адамдын кылмыш иши кайра каралып... Читать дальше...

Azattyk.org 

Президент: коомду колу туткак чиновниктерден тазалап жатабыз

Президент Сооронбай Жээнбеков коомду коррупциядан жана колу туткак, элдин ырыскысына кол салган, ыймансыз чиновниктерден тазалап жатканын билдирди. Бул тууралуу өлкө башчынын жаңы жылдык куттуктоосунда айтылат. Ошондой эле Жээнбеков өткөн жылы элге берген убадасын аткаруу үчүн иштегенин белгиледи. -Өлкө аймактарын түрө кыдырып, сиздер менен баарлаштым. Коомубуздун ар кайсы өкүлдөрү менен жолуктум. Кандай иш болбосун, кадырлуу эл-журтум, сиздердин колдооңуздарды сездим. Баарыӊыздарга чын пейлимден чыккан ыраазычылыгымды билдирем... Читать дальше...


Собянин: Более пяти тысяч семей в СВАО получили новые квартиры по реновации

Сергунина сообщила о завершении реставрации в парке усадьбы Усачевых-Найденовых

Банки Киргизии снова начали работать с системами денежных переводов из России

Концерты и мастер-классы ко Дню России провели в Воскресенске



Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Собянин: Более пяти тысяч семей в СВАО получили новые квартиры по реновации

Пожар у станции «Динамо» в Москве потушен

Сергунина сообщила о завершении реставрации в парке усадьбы Усачевых-Найденовых

В Татарстане прогнозируется до +35 градусов

Музыкальные новости

«Не кричи!»: Елена Север и Филипп Киркоров представили совместный клип и трек

Путин приветствовал в России участников и гостей Спортивных игр стран БРИКС

Захарова: армянам - нота, апшеронцам – «да»

Концерт к юбилею Пушкина проведут в Культурном центре «Интеграция» на Саянской

Новости России

Московский областной центр крови провел более 150 выездных акций с января

Трамп назвал свои отношения с Путиным «очень хорошими»

Названы самые востребованные машины до 1 млн рублей на рынке б/у

В Татарстане прогнозируется до +35 градусов

Экология в России и мире

Попурри мелодий и дух патриотизма: военный оркестр в парке «Кузьминки» отметил День России

Dior Resort 2025

Массовыми патриотическими акциями отметили День России на заводах АО "Желдорреммаш"

Скидки по поводу и без от Mirihi Island Resort

Спорт в России и мире

Соболенко в купальнике зажигательно станцевала перед женатым бойфрендом. Видео

Испанец Алькарас выиграл Открытый чемпионат Франции по теннису

Дядя Надаля назвал причину поражения Зверева в финале «Ролан Гаррос»

Испанский теннисист Надаль не сыграет на Уимблдоне

Moscow.media

Утро нового лета....

Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует: Соцфонд выдал проактивно 3,2 млн сертификатов на материнский капитал

Ученые создали микророботов для доставки лекарств в легкие

ТСД промышленного класса Saotron RT-Т510







Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *