Футболчуларды тосуп алуу иш-чарасы Ала-Тоо аянтында өтөт
Бириккен Араб Эмираттарында өтүп жаткан Азия кубогуна катышкан Кыргызстандын футбол командасын тосуп алуу салтанаты Бишкектеги Ала-Тоо аянтында өтөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча Мамлекеттик агенттигинен билдиришти. Буга чейин футболчулар 24-январда таң атпай Бишкекке келери айтылган, бирок өкмөт күйөрмандар менен футболчулардын жолугушуусу расмий салтанат менен өтөрүн кабарлады. Иш-чара 24-январда түшкү саат 15:00дө башталып, бийликтен да жогорку өкүлдөрдүн келиши күтүлүп жатат. Читать дальше...