Мы в Telegram
Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer
Январь
2023

Новости за 31.01.2023

Azattyk.org 

Пакистанда мечиттеги жардыруунун курмандыктары 90го чукулдады

Пакистандын Пешавар шаарындагы мечитте жанкечтинин жардыруусунан каза болгондор саны 88ге жеткени 31-январда расмий кабарланды. Мамлекеттик органдар "Машал" радиосуна билдиргендей, каза болгондордун жана жараат алган 157 адамдын көбү күч түзүмдөрүндө иштегендер. Негизинен полиция кызматкерлери жана бийлик өкүлдөрү барган суннилердин мечитиндеги кол салуу акыркы жылдардагы Пакистандын коопсуздук күчтөрүн бутага алган эң кандуу чабуулдардын бири болуп калды. Премьер-министр Шахбаз Шариф кол салууну айыптап... Читать дальше...

Azattyk.org 

Кутман Садыбакаcов - айтыштын жаңы жылдызы

Айтыш өнөрү жаңы муун менен толукталууда. Алардын катарында өз дарамети менен башкалардан айырмаланган Кутман Садыбакасов да бар. 22 жаштагы төкмө акын 2022-жылы өлкөдө өткөн үч айтышта баш байгеге татыган. Жаш талант төкмөлүк өнөр менен катар обончулукту да аркалап келүүдө.

Azattyk.org 

1-класска балдарды электрондук каттоо апрелде башталат

Кыргызстанда балдарды мектепке 1-класска кабыл алууга электрондук каттоо апрель айында башталат. Билим берүү жана илим министрлиги каттоо биринчи этапта балдарды катталган жери боюнча, экинчи баскычта ошол учурда жашаган жери боюнча жүргүзүлөрүн билдирди. “Мектепке электрондук кабыл алуу” системасына бала окуу жылынын башында алты жашка толсо гана кабыл алынат. Өкмөт мектепке жана бала бакчага балдарды кабыл алуудагы коррупцияны жоюу максатында 2014-жылы бала бакчаларга, 2019-жылы мектепке электрондук... Читать дальше...

Azattyk.org 

Талас районунда өзгөчө кырдаал режими алынды

Талас облусунун Талас районунда суунун деңгээли өз нугуна келгендиктен, 27-январда жарыяланган өзгөчө кырдаал режими алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бамса сөз кызматы маалымдады. Көпүрө-Базар айылынан агып өткөн Кара-Кол дарыясына муз тоңуп, жээгин бойлой жайгашкан үйлөрдү, короолорду суу каптоо коркунучу жаралгандыктан аталган райондо өзгөчө кырдаал режими жарыяланган. "Өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу үчүн Көпүрө-Базар айылында суунун нугун  2500 метрге чейин тазалап... Читать дальше...

Azattyk.org 

Алты жашар бала муз алдына түшүп кетип чарчап калды

30-январда кечке жуук баш калаа Бишкектеги Аламүдүн дарыясына тоңгон муздун алдына алты жаштагы бала түшүп кетип, чарчап калды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Каралаев көчөсүндөгү дарыяга барган 11 куткаруучу баланын сөөгүн  "Тез жардам" кызматына өткөрүп берген. 23-январда Алай районунун Чоң-Бүлөлү айылында алты жаштагы кыз муз тээп жүрүп, сууга түшүп кетип чарчап калган. (BCh)

Azattyk.org 

Бишкекте аялдар онкологиялык ооруларга каршы акысыз текшерилет

4-февраль – Бүткүл дүйнөлүк ракка каршы күрөшүү күнүнө карата Чүй облусу жана Бишкек шаарында аялдардын онкологиялык ооруларына каршы акысыз текшерүү жүрүүдө. Бишкекте 30-январдан 3-февралга чейин №1, 2, 3, 4, 5, 6, 7, 9 үй-бүлөлүк медициналык борборлордо, студенттердин шаардык бейтапканасында 25 жаштан 60 жашка чейинки аялдар көкүрөк жана жатын моюнчасынын рагына каршы текшериле алышат. Буга чейин Чүй облусунда да акысыз текшерүүлөр болгон. Мындай акция жыл сайын өткөрүлөт.  Кыргызстанда жылына... Читать дальше...

Azattyk.org 

Башкы прокурор Тажикстанга байланыштуу кылмыш иши тууралуу маалымат берди

Бүгүн, 31-январда башкы прокурор Курманкул Зулушев Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында, өткөн жылдын 14-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыш боюнча ачылган кылмыш иштери тууралуу маалымат берди.  Башкы прокуратура Бишкек "куралдуу кол салуу" деп атаган кагылышуу боюнча былтыр 19-сентябрда кылмыш ишин ачкан.  Зулушевдин айтымында, Башкы прокуратурада атайын тергөө тобу түзүлүп, ушу тапта окуяга күбө болгон Кыргызстандын жарандары сурамжыланды. Бардык фактылар катталып, чыгымдын суммасы эсептелди. Читать дальше...

Azattyk.org 

Аба ырайы: тоолуу райондордо кар жаайт

Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 1-февралда Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6, күндүз 5…10, Талас жергесинде түнкүсүн -3…-8, күндүз 4…9, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -4…+1, күндүз 5…10, Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -1…-6, күндүз 0…5, Нарын облусунда түнкүсүн -13…-18, күндүз 0…-5, Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -18…-23... Читать дальше...

Azattyk.org 

Улуттук банк интервенциялардан 9 миллиард сом киреше тапты

Алдын ала эсеп менен Улуттук банк 2022-жылы жасаган интервенциялардан 9 миллиард сом киреше тапты. Бул тууралуу Улуттук банктын өкүлү Аида Карабаева 31-январда Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында айтты. Ал банк интервенцияны пайда табуу үчүн эмес валюта рыногундагы абалды жөнгө салуу үчүн жасай турганын, түшкөн кирешенин так суммасы тышкы аудитордук текшерүүнүн жыйынтыгында белгилүү болорун билдирди. Маалыматка ылайык, өлкөнүн негизги банкы былтыр валюта рыногуна 486 млн. доллар сатып, 190 млн. Читать дальше...

Azattyk.org 

Transparency International: Кыргызстанда жемкорлук азайган жок

Эл аралык Transparency International уюму 2022-жылдагы дүйнөдөгү жемкорлуктун индексин чыгарды. Кыргызстан бул индексте жалпы 100 баллдан 27 упай алып, дүйнөдөгү 185 өлкөнүн ичинен 140-орун алды. Transparency International бул рейтингде кайсы бир өлкөнүн ээлеген орду маанилүү эмес экенин белгиледи. Рейтингдеги маанилүү көрсөткүч алган упай менен эсептелет. Кыргызстан ондогон жылдардан бери жемкорлук индексинде 30 упайга жете албай келет. Бул жемкорлук ииндексинин жогору болгонун көрсөтөрүн аталган... Читать дальше...

Azattyk.org 

Курманкул Зулушев: “Азаттык” боюнча арыз жазылса, прокуратура текшерет

Башкы прокурор Курманкул Зулушев 31-январда Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында “Азаттык” радиосунун айланасындагы иштер боюнча суроого жооп берди. Ал Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин “Азаттык Медианын” ЖМК катары ишмердигин токтотуу өтүнүчү боюнча прокуратура сотто кайсы бир тарап катары катышпагандыктан комментарий бере албай турганын айтты. Эгерде мыйзамсыз иштер болуп жатканы тууралуу кайрылуу болсо прокуратура текшерерин билдирди. Былтыр 26-октябрда министрлик... Читать дальше...

Azattyk.org 

Кемпир-Абад иши: абакта жаткандар көрсөтмө берүүдөн баш тартты

Башкы прокурор Курманкул Зулушев Кемпир-Абад иши боюнча абакта жаткандар тергөөгө көрсөтмө берүүдөн баш тартканын билдирди. Бул тууралуу ал прокуратуранын 2022-жылдагы ишмердиги боюнча 31-январда Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында айтты. Бул иш боюнча шек саналып жаткан саясатчы Жеңиш Молдокматов менен журналист Эрлан Бекчоро уулунун адвокаты Кантемир Турдалиев “Азаттыкка” ал жактап жаткан эки адам көрсөтмө берүүдөн баш тартканын, бул алардын укугу экенин айтты. Анын сөзүнө караганда, шектүүлөр суроолорго сотто гана жооп берерин билдиришкен. Читать дальше...

Azattyk.org 

Кемпир-Абад иши: "жашыруун" гриф, Нарматованын үй камагына чыгышы

Кемпир-Абад ишине байланыштуу камалган мурдагы депутат Орозайым Нарматова 30-январда соттун чечими менен үй камагына чыкты. 31-январда Бишкекте Кемпир-Абад ишине байланыштуу кармалгандардын жакындары, адвокаттар, укук коргоочулар жана жарандык активисттер тегерек үстөл уюштурду.  Тегерек үстөлдө укук коргоочу Азиза Абдирасулова Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандарга козголгон кылмыш ишке “жашыруун” грифи коюлганы негизсиз болгонун, мындан ары соттук отурумдар жабык өтүп, коомчулукка маалыматтар жетпей каларын билдирди. Читать дальше...

Azattyk.org 

Кемпир-Абад ишине коюлган “жашыруун” грифи талкууланууда

31-январда Бишкекте Кемпир-Абад ишине байланыштуу кармалгандардын жакындары, адвокаттар, укук коргоочулар жана жарандык активисттер тегерек үстөл өткөрүп жатышат. Жыйында укук коргоочу Азиза Абдирасулова Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандарга козголгон кылмыш ишке “жашыруун” грифи коюлганы негизсиз болгонун, мындан ары соттук отурумдар жабык өтүп, коомчулукка маалыматтар жетпей каларын билдирди. Шектүүлөрдүн жактоочулары грифтин киргизилиши мыйзамсыз экенин, бул иште эч кандай купуя маалымат жоктугун айтышты. Читать дальше...

Azattyk.org 

Былтыр аялдарга жасалган зомбулук боюнча алты миңден ашык иш козголгон

Башкы прокурор Курманкул Зулушев былтыр аялдарга каршы жасалган зордук-зомбулукка байланыштуу укук коргоо органдары 6 580 кылмыш иши козголгонун билдирди. Бул тууралуу ал прокуратуранын 2022-жылдагы ишмердиги боюнча 31-январда өтүп жаткан басма сөз жыйынында айтты. Анын сөзүнө караганда, бул 2021-жылга салыштырмалуу 4 290 ишке аз. Былтыр аялдарга жасалган кылмыш иштеринин 2 709у сотко жөнөтүлүп, 1 937и өндүрүштөн кыскартылып, 1 305 иш токтотулган. Ал эми 781 иш тергелип жатат. “Бул маселе актуалдуу... Читать дальше...

Azattyk.org 

Баткенде эки жашар кызын сабаган келин кармалды

Баткенде эки жашар кызын сабаган келин 30-январда Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына 48 саатка камалды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Кадамжай районунда апасы сабаган кыз жана анын эки бир тууганы Совет айылындагы “Кут кадам” үйүнө жайгаштырылганын кабарлаган. Милициянын маалыматы боюнча, 27-январда келиндин күйөөсү милицияга арыз жазып, аялы кызын уруп, зомбулук көргөзүп келгенин билдирген. Читать дальше...

Azattyk.org 

Бакыт Төрөбаев: Быйыл 50гө жакын чакан ГЭС курушубуз керек

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев быйыл Кыргызстанда 50гө жакын чакан ГЭС куруу зарыл экенин билдирди. Бул тууралуу ал Энергетика министрлигинин коллегиясынын жыйынында айтканын өкмөттүн басма сөз кызматы 31-январда кабарлады. Маалыматка ылайык, 2022-2023-жылдын күз-кыш мезгилинен өтүш үчүн 1-апрелге карата Токтогул суу сактагычына 8,6 млрд м³ суу топтоо пландалууда. Быйыл 2,2 млрд. кВт саат электр энергиясын импорттоо каралган. Кыргызстандын суу ресурстарынын энергетикалык мүмкүнчүлүгү 162 млрд. Читать дальше...

Azattyk.org 

Апасы сабаган кыз туугандары менен коопсуз жайга жайгаштырылды

Баткендин Кадамжай районунда апасы сабаган эки жашар кыз жана анын эки бир тууганы Совет айылындагы “Кут кадам” үйүнө жайгаштырылды. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги маселе райондук администрацияга караштуу балдар иши боюнча комиссияда каралып, балдарды коопсуз жайга жайгаштыруу чечими кабыл алынганын билдирди. Министрлик кызын сабаган келиндин үч баласына 2022-жылдын июль айында “үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулу чегерилип, айына 3 600 сом алып келатканын кошумчалады. Бул каражат... Читать дальше...


Московские школьники стали победителями всероссийской олимпиады по математике

Собянин назвал станции метро, территории рядом с которыми будут благоустроены

Титов дал прогноз на матч «Динамо» - «Зенит»

Останки человека нашли в московском лесу



Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

«Спартак» обыгрывает «Локо» после первого тайма благодаря голу Бонгонда с пенальти

На Московском и Ладожском железнодорожных вокзалах открылись пункты для туристов

МЖД: движение поездов от Белорусского и Савеловского вокзалов восстановили

Синоптик Тишковец заявил о рекордном количестве осадков 27 апреля в Москве

Музыкальные новости

звезды шоу-бизнеса посетили весеннюю неделю моды estet fashion week

В отпуск на Луну: с чем предстоит столкнуться космическим туристам — рассказывает эксперт Пермского Политеха

Тренер "Спартака" Слишкович заявил, что доволен ничейной игрой против ЦСКА

Улан-Удэнский ЛВРЗ подвел производственные итоги первого квартала 2024 года

Новости России

Метеоролог Позднякова предупредила о снеге в Москве в конце предстоящей недели

Польский генерал Вальдемар Скшипчак призвал заминировать границу с Россией

Россиянам напомнили, что как можно расплачиваться рваной купюрой

Звезда «Великолепного века» Бурак Озчивит вновь прилетел в Россию. В Сети обсуждают фото со съемок

Экология в России и мире

Туроператор Пегас сделал важное заявление по летним турам

По запросу Баку в Москве незаконно был задержан известный российский политолог Михаил Александров

День Земли - каждый день

Отец из Панамы, школьная любовь и любимая еда: Елена Борщёва раскрыла все тайны на шоу ТВ-3 «Вкусно с Анфисой Чеховой»

Спорт в России и мире

Азаренко проиграла в 1/16 финала турнира WTA-1000 в Мадриде

Свёнтек разгромила Кырстю и вышла в 1/8 финала турнира WTA-1000 в Мадриде

Елена Рыбакина рассказала о проблемах на турнире в Мадриде

Шикарный и практичный стиль Елены Джокович из базовых вещей

Moscow.media

Шапки женские на Wildberries — скидки от 398 руб. (на новые оттенки)

До 17 лет тюрьмы – автоподставщики и страховые мошенники всё реже уходят от ответственности в Хабаровском крае

Сотрудники спецподразделений столичного главка Росгвардии окончили обучение в Центре профподготовки в Подмосковье

Шапки женские вязаные на Wildberries, 2024 — новый цвет от 392 руб. (модель 466)







Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *