Тажикстанда Рахмондун кайрылуусун укпай койгон мугалим иштен алынды
Дүйшөмбүдөгү Малика Сабирова атындагы хореографиялык окуу жайдын концертмейстери жана бий мугалими Саида Рустамова президент Рахмондун жылдык кайрылуусу маалында залдан чыгып кеткени үчүн иштен айдалды. «Окуу жайдын директору Кенжа Иброхимовдун буйругунда «Улут лидеринин кайрылуусун угуудан баш тартканы үчүн иштен алынсын» деп жазылды» - деди Саида Рустамова «Азаттык» радиосунун тажик кызматына. «Чындыгында андай эмес. Мен залга киргенде бош орун жок экен. Башка жаман оюм жок эле. Жөн эле президенттин... Читать дальше...