Бишкек жылуулук электр борборундагы аварияны жана ЖЭБди жаңылоону иликтеген депутаттык комиссиянын өкүлү, Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жамангулов “Азаттыкка” комментарий берип, иликтөөдө белгилүү болгон айрым жагдайларды ачыкка чыгарды:
- Бул жерде өтө көп талаш маселе бар. Мына, мисалы, техника-экономикалык негиздемени даярдоого, Кытайдан келген адистерди жайгаштырганга, ташыганга, андан сырткары жабдууларды алып келгенге эле 12 млн. доллар акча жумшалыптыр. 18 млн. доллар административдик чыгымдарга кетиптир. Читать дальше...